Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Польша кытайлык "тыңчыны" камады


"Huawei" компаниясынын Варшавадагы кеңсеси. 11-январь, 2019-жыл.
"Huawei" компаниясынын Варшавадагы кеңсеси. 11-январь, 2019-жыл.

Польшада Кытайдын телекоммуникация гиганты - "Huawei" компаниясынын белдүү кызматкери камакка алынды.

Расмий Варшава кытай жараны тыңчылык кылган деп шек санап жатат. Польша мындай кадамга Батыш мамлекеттери кытайлык бул компаниянын ишмердигин өз аймактарында чектөө аракетин көрүп жаткан учурда барды.

Польшанын бийлиги кытайлык таанымал компаниянын кызматкери менен бирге мурда өлкөнүн Ички коопсуздук агенттигинин офицери болгон өз жаранын да тыңчылык үчүн камакка алганын 11-январда жарыялады.

Поляк медиасы кабарларгандай, камакка алуу менен катар өлкөнүн ички коопсуздук кызматы кытай жараны иштеген Huawei компаниясынын жана поляк жараны иштеген иштеген жергиликтүү Orange Polska телеком фирмасынын кеңселеринде, алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзгөн:

- Кытай жараны тыңчылык кылды деген шек менен камакка алынды. Ал Польшада кытайлык телекоммуникация компаниясы үчүн мыйзамдуу иштеп, жашап жүргөн. Анткен менен бул иликтөө анын жеке аракеттерине байланыштуу. Ал жасады деп шектелип жаткан кылмыштардын иштеген компаниясына тиешеси жок. Камакка алынган поляк жараны болсо мамлекеттик мекеменин мурдагы жогорку даражалуу кызматкери. Кармалгандардын кесиптик ишмердигин эске алганда, мен алар телекоммуникация тармагында тыңчылык кылышканын ырастай алам. Бирок тергөө азыр баштапкы эле баскычта. Эки шектүү тең үч айга камалды. Бул мезгил аралыгында Ички коопсуздук агенттиги иштин жаңы өңүттөрүн иликтейт, - деди Польшанын атайын кызматынын расмий өкүлү Станислав Зарин.

Поляк телесинен айтылган маалыматка караганда, Кытайдын камакка алынган В. Вэйцзин ысымдуу жараны - "Huawei" компаниясынын Польшадагы бөлүмүнүн сатык боюнча директору болгон.

"Хуавей" Польшада кызматкери камакка алынганы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Бирок Кытайдын Тышкы иштер министрлиги 11-явнварда Польшадан келген маалыматка тынчызданып турганын белгилеп, расмий Варшаваны бул ишке адилет мамиле жасоого үндөдү.

Маалыматтарга караганда, Польшада камакка алынган кытай жараны 2011-жылы Huawei компаниясынын бул өлкөдөгү бөлүмүнө кызматка өткөнгө чейин Гданьск шаарындагы башкы консулдукта дипломат болгон.

Батыштын шек саноосу, чектөөсү

Акыркы кездери Кытайдын эң ири компанияларынын бири - телекоммуникация жабдууларын жана эл керектөөчү электрониканы өндүргөн "Хуавейге" карата Батыш мамлекеттеринин шек саноосу күчөдү.

Өткөн айдын соңунда эле Рейтер агенттиги АКШ президенти Дональд Трамп америкалык компанияларга Кытайдын Huawei жана ZTE компанияларынын жабдууларын колдонууга тыюу салган жардыкты январь айында чыгарышы мүмкүн экенин администрациядагы булактарына таянуу менен кабарлаган.

Бээжин анда Вашингтондон түшкөн бул жаңылыкка мындайча комментарий берген:

- Коопсуздук маселесине келгенде кээ бир өлкөлөр эч бир далилсиз эле улуттук коопсуздукту технология чөйрөсүндөгү кадимки алмашууларды саясатташтыруу, атүгүл буга тоскоолдук жана чектөө жаратуу үчүн колдонуп жатат. Иш жүзүндө бул ачыктыкка, прогресске, адилеттикке эмес, өзүн-өзүн изоляциялоого гана алып барат, - деген эле 27-декабрда Бээжинден Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Хуа Чуньин.

Huawei компаниясы АКШнын Лас -Вегас шаарындагы көргөзмөдө. 9-январь, 2019-жыл.
Huawei компаниясы АКШнын Лас -Вегас шаарындагы көргөзмөдө. 9-январь, 2019-жыл.

АКШ бийлиги Huawei өз жабдууларын Кытай өкмөтүнүн пайдасына жашыруун тыңчылык кылуу үчүн колдонот деп көптөн бери шек санап жүрөт. Компания тыңчылык боюнча айыптарды такай четке кагат. Вашингтон мурдараак дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү "Хуавейдин" жабдууларын колдонууну токтотууга да чакырган.

Акыркы айларда өз аймагында Кытайдын бул компаниясынын ишмердигин чектеген чараларга Австралия, Жаңы Зеландия, Жапония да барган.

Британияда өткөн айда өлкөнүн эң ири мобилдик операторлорунун бири BT компаниясы өзүнүн 4G түйүнүнөн "Huawei" чыгарган жабдууларды алып жатканын жарыялаган.

Ага чейин Британиянын MI 6 чалгын кызматынын башчысы кытай компаниясы коопсуздук тобокелдиктерин жаратып жатканын эскерткен.

Өткөн аптада Норвегиянын өкмөтү алар өлкөнүн жаңы 5G телекоммуникация түйүнүн курууга кытайлык компанияны аралаштырбоо маселесин карап жатканын ачык айтты.

Канадада болсо Huaweiди негиздеген Рен Чжэнфэйдин улуу кызы, бул компаниянын аткаруучу жана каржылык директору Ванчжоу Мэн АКШнын өтүнүчүнө ылайык өткөн айдын башында камакка алынып, кийин 7,5 миллион доллар күрөө менен бошотулду.

46 жаштагы Мэн Ванчжоу Канада сотунун аны күрөө менен бошотуу тууралуу чечиминин шарттарына ылайык, кечки 11ден таңкы алтыга чейин үйүндө болуп, кызыл ашыгында аны көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген электрондук чидер тагынып жүрүшү керек.

Анын иши боюнча соттун кийинки отуруму 6-февралга белгиленген.

Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.
Ванчжоу Мэн Орусиядагы инвестициялык форумга катышканда. Москва, 2-октябрь, 2011-жыл.

Вашингтон "Huawei" компаниясынын башкаруучусун "АКШнын каржылык көзөмөл мекемесин алдаш үчүн көз боёмочулук схемаларын түзгөн" деп айыптоодо. Америкалык тергөөчүлөрдүн эсебинде, мунун максаты АКШнын Иранга каршы санкцияларын айланып өтүү болгон.

Канадада "Хуавейдин" башкаруучусу кармалгандан кийин Кытай дагы Кананданын үч жаранын камакка алып, Бээжиндин Оттавага жообу катары бааланган.

"Huawei" компаниясын Кытай армиясынын мурдагы инженери Рен Чжэнфэй 1987-жылы негиздеген. 2017-жылы компаниянын соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 92,5 миллиард долларга жетип, таза кирешеси 7,2 миллиард долларды түзгөн.

Бул компания Кыргызстанда “Таза коом” долбоорунун алкагында ишке ашпай калган келишими менен таанылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG