Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:00

Канаданын премьерине көлөкө түшүргөн сүрөт


Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Торонто, 2-июль, 2019-жыл.
Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо. Торонто, 2-июль, 2019-жыл.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 18 жыл мурунку сүрөт үчүн кечирим сурады. Менчик мектептеги кечеде тартылган сүрөттө болочок премьер башына чалма чалып, бетин күрөң боёкко боёп алган.

Америкалык «Тайм» журналы басып чыгарган сүрөт 2001-жылы Трюдо Ванкувердеги академияда мугалим болуп иштеп жаткан учурда тартылган.

Премьер «Араб түндөрү» деген кечеге чыгыш жомогунун каарманы Алладиндин костюмун кийип барганын кабарчыларга түшүндүрдү:

«Бул ката болгон. Андайды кылбаш керек экенин билип, кылбашым керек эле. Ал үчүн абдан өкүнөм. Ооба, терең кечирим сураймын. Кылыгым үчүн уялам жана чын жүрөктөн кечирим сурайм».

Парламенттик шайлоого бир ай калганын эске алганда 18 жыл мурунку сүрөт өкмөт башчы үчүн чоң баш ооруга айланчудай.

Оппозициядагы Консервативдүү партиянын лидери Эндрю Шир 18-сентябрда андай жорукка барган премьер өлкөнү жетектөөгө татыксыз деген оюн билдирди:

«Жүзүн күрөң кылып боёп алуу – ачыктан-ачык мазактоо, расисттик аракет. Сүрөт 2001-жылы расисттик болсо, бүгүн да ошол бойдон калууда. Канадалыктар жакшылап ойлонуп чечим кабыл алууну билбеген, бул өлкөнү жетектөөгө татыктуу эмес кишини көрүштү».

Бир нече саясий партиянын жетекчилери менен катар «Канадалык мусулмандардын кеңеши» да премьердин сүрөтүнө нааразылыгын билдирди. Кеңештин аткаруучу директору Мустафа Фарук «кара же күрөң грим коюп алып жүрүү айыптоого арзыйт, бул бизди расизмдин тарыхына кайтарат» деди.

Сүрөт аз келгенсип Трюдонун шайлоо өнөктүгүнүн гимни да премьерди ыңгайсыз абалга калтырды. Анткени англисче ырдын французча котормосу туура эмес, таптакыр түшүнүксүз болуп калган. Француз тилдүү канадалыктар туш-туштан сындай баштаганда, шайлоо штабы клипти кайра жаздырууну чечти.

Шаршембиде 47 жаштагы Трюдо парламентти таркатып, парламенттик шайлоо өнөктүгү расмий башталды.

Сурамжылоолор азырынча премьердин алдыда баратканын көргөзүүдө. «Нанос» изилдөө институтунун маалыматына караганда, премьердин Либералдык партиясына шайлоочулардын 34,6 пайызы, оппозициядагы консерваторлорго 30,7 пайызы добуш берүүгө даяр.

Бирок экинчи мандат үчүн ат салышуу Трюдо үчүн оңой болбосу анык.

Чет өлкөлөрдө популярдуу, суктануу менен кабыл алынган жаш, жылдыздуу саясатчы бир нече убакыттан бери өлкөнүн ичинде сындагандардын чабуулуна туш болуп келатат.

Быйыл февралда мурдагы юстиция министри Жоди Уилсон-Рейбулд өкмөт башчы менен башка жогорку аткаминерлер коррупцияга байланыштуу күнөөлөнгөн курулуш компаниясын калкалап, сотко жеткирбеш үчүн ага кысым көргөзүшкөнүн айткан. Өткөн айда жогорку комиссия Трюдо жана анын командасы этикалык эрежелерди бузган деп тапты.

2015-жылдын ноябрында бийликке келген саясатчы гендердик теңдик, айлана-чөйрөнү коргоо маселелерине көңүл бурууга убада берген. 21-октябрдагы шайлоодо болсо электорат экономикалык маселелерди чече ала турган лидерге артыкчылык берчүдөй.

Баса, 1935-жылдан бери Канадада буга чейинки өкмөт башчылар сөзсүз экинчи мөөнөткө шайланышкан.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG