Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

Дүйшөмбүнүн элин чочуткан өзбек газы


Дүйшөмбүнүн батышындагы Рудаки районундагы үйлөр.
Дүйшөмбүнүн батышындагы Рудаки районундагы үйлөр.

Бир канча жылдан бери токтоп калган өзбек газы кайра келе баштаганы Дүйшөмбү шаарынын тургундарын бир эсе кубантып, бир эсе кооптондуруп турган чагы.

Анткени газ куурунун бир түтүгү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарынын батыш тарабындагы үйлөрдүн жанынан өтөт. Бир канча жыл мурда газ эмне экенин унуткан эл кооптуу деп саналган жерлерге үй салып алган. Эми аларды көчүрүү зарылдыгы келип чыкты.

Дүйшөмбүнүн батышындагы Рудаки районундагы Зафар айылынын тургундарына “Тажиктрансгаз” алар кооптуу жерде жашап жатышканын эки ирет эскерткен. Мындай эскертүүлөрдөн кийин Зулфия Шамсиддинова чындап чочулап турган чагы. Анткени газ түтүгү анын үйүнүн жанынан өтөт.

- Экинчи жолу эскертүү келгенде чындап эле чочуй баштадым, - дейт ал. - Биз үйдү салып бүткөнүбүзгө көп боло элек. Мурда мындай коркунуч болорун такыр ойлогон эмес элек, анткени газ канча жылдан бери болгон эмес. Эми эмне кылабыз?

Дүйшөмбүнүн батыш тарабындагы үйлөрдү аралап өткөн газ түтүгү.
Дүйшөмбүнүн батыш тарабындагы үйлөрдү аралап өткөн газ түтүгү.

“Тажиктрансгаздын” кызматкерлери эгер өрт же жарылуу болсо, мекеме жооопкерчиликтүү болбой тургандыгын эскертип, ар бир үйдөн тилкат жаздырып алды.

Аймактын жашоочулары бул жерге үй салганда Өзбекстан менен мамиле абдан эле бузулуп, качандыр бир кезде кошуна өлкө кайрадан көгүлтүр отун бере баштайт деген нерсе ойлоруна да келген эмес. Акыркы жылдары Ташкент менен Дүйшөмбүнүн алакасы оңолуп, былтыр мамлекеттик мекемелерге, быйыл болсо элге да өзбек газы бериле баштады.

- Биз эми такыр эле газ болбойт деп ишенип алганбыз. Бул үйлөрүбүздү салыш үчүн канча тер төктүк! - деп улутунат Зафар айылынын жашоочусу Зарофат Музаффарова.

“Тажиктрансгаздын” билдирүүсүнө караганда, коопсуздук шарттарына ылайык турак үйлөр газ куурларынан кеминде 75 метр алыс турушу керек. Мекеменин маалыматы боюнча Дүйшөмбү шаарынын батыш тарабындагы газ кууруна жакын жерге салынган 400дөй үй бар. Жыл башынан бери көгүлтүр от күчтүү басым менен келе баштады. Бул аймак тургундарынын өмүрүнө коркунуч жаралышы мүмкүн деген кеп.

“Тажиктрансгаздын” укук бөлүмүнүн башчысы Носехиддин Кодиров 22-январда «Азаттыктын» тажик кызматына кабарлагандай, турак үйлөрдө катардагы текшерүү учурунда түтүктөрдөн тешиктер табылган.

- Газ күчтүү басым менен келгенде жарылуу боло турган болсо, техногендик катастрофанын кесепети 75-150 метрге чейин жетиши мүмкүн. Мындай учурда адам өмүрүнө да коркунуч бар, - деди ал.

“Тажиктрансгаздын” жетекчилиги бир канча жолу эскертүү берилгенине карабастан, кооптуу аймакта жашап жаткандар көчүп кетүүгө шашылбай жатканын айтууда. Ошондуктан мекеме газ кууру жайгашкан аймакта жашоо туура эмес экендигин билдирип Рудаки районунун прокуратурасына да маалымат берген.

Носехиддин Кодиров.
Носехиддин Кодиров.

- Биз тиешелүү мекемелерге бул сыяктуу маалыматтарды тез-тез жөнөтүп турабыз. Мындай аймактарда жашоо кооптуу экенин эскертебиз. Аларды башка, коопсуз жерге көчүрүү биздин ишкананын ыйгарым укугундагы иш эмес. Биз бул жерлерге үй салууга уруксат берген мамлекеттик органдарга да маалымат жөнөттүк, - деди​Носехиддин Кодиров.

“Тажиктрансгаздын” өкүлүнүн көз карашында, кырдаалдан чыгуунун жалгыз жолу – анда жашагандарды башка жакка көчүрүү. Анткени газ куурларын көчүрүү - өтө машакаттуу жана чыгымы көп иш.

Бирок аймактын тургундары эгер бул жерлер кооптуу зонага кире турган болсо, эмне үчүн ал жерлерге үй салууга уруксат берилгенин түшүнбөй турушат.

“Тажиктрансгаз” Өзбекстандан газ келбей калган жылдары деле бул жерлерге үй куруу туура эмес болорун эскертип келгенин, аны турак жай салууга уруксат берип келген тиешелүү мамлекеттик мекемелер деле билгенин айтууда.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, айылда дайыма газ иси сезилип турат.

- Бир жолу ойгонсок, бардык жерде газ жыттанып туруптур. Эл дүрбөлөңгө түшүп, балдары үчүн коркту, - деди Зафар айылынын Зайнура аттуу тургуну.

Айыл жашоочулары алар коопсуз жайга көчө турган болсо, бийлик өзү жардам бериши керек экенин айтып жатышат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG