Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Өзбекстан: блогерлерди сестенткен камоо


Августта кармалган өзбекстандык блогерлер
Августта кармалган өзбекстандык блогерлер

"Фридом Хаус" 65 өлкөдөгү Интернет эркиндигин иликтеп, отчетун жарыялады. Анда Өзбекстан оң баага татып, мактаарлык иш кылган 13 өлкөнүн катарына кирген. Мирзиёевдин тушунда карапайым эл бийликке сын айтууга даай баштады. Бирок коңшулар дале "эркин эмес" деген тизмеде.

Интернет канчалык элге кеңири тараган сайын коомдогу көйгөйдү көрсөтүү, жазуу үчүн сөзсүз журналист болуп, кайсы бир редакцияда гана иштеш керек деген түшүнүк жоюлуп баратат.

Бара-бара эл арасынан чыккан блогерлердин катары калыңдоодо.

Давронбек Тожиалиевдин негизги иши котормочулук. Ара-чолодо талылуу маселелерди козгоп, аткаминерлерди сындаган пикирин Интернет барагына чыгарып турчу.

Быйыл сентябрда ал буюм-тайымдарын жыйнап, качан кармап кетишет деп күттү. Анткени анын алдында эле мектепте хижаб кийүүгө тыюу салган мыйзамды сындаган бир топ блогерлер кармалып, административдик жоопко тартылган.

Давранбек Тожиалиев
Давранбек Тожиалиев

Давронбекке полициядан эч ким келген эмес. Бирок ошол окуядан кийин Интернет активисттери тыйыла түштү дейт:

- Акыркы айда болуп өткөн окуяларга карап азыр жыйынтык чыгарышка эртедир. Ошол камоолордон кийин блогерлер оюн эркин жазуудан чочуп калыштыбы, айтор буга чейинкидей толкундануу, чуулгандуу материалдар абдан аз. Блог чөйрөсү эски заманга кайтып баратат.

Эски заман дегенде Өзбекстанды Ислам Каримов башкарган 2016-жылга чейинки убакыт эске алынат. Анда бийликке сын айтуу тургай, аны ойлонуунун өзү айрымдар үчүн коркунучтуу эле дейт блогер:

- Каримовдун доорунда блогерлер майда, негизинен социалдык маселелер тууралуу гана жазышчу. Олуттуу, саясий тема жөнүндө сөз болчу эмес. Бирок акыркы эки жылда баары өзгөрдү. Саясат, экономика жөнүндө жаза башташты. Блогерлер керек болсо министрлерди, президенттин айрым кеңешчилерин сындаганга чейин барышты. Ошол сын бутасына алынгандарга өкмөттүн басымы байкалды.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин атайын кызматтын эбегейсиз укуктарын кыскартты. Элин көйгөйлөр тууралуу жазууга, айтууга үндөп, арыз-муңдар үчүн онлайн-портал ачты.

Ошол маалда блогерлердин дымагы ойгонду. Бир эле «Азаттыктын» өзбек кызматына аткаминерлер кол алдындагыларды сөгүп-урган аудио-видеолор келе баштады. Жакында райондук жетекчилерди ишиндеги кемчилиги үчүн сууга тизип, кесек көтөрткөнү Интернетке тарап кеткен соң вице-премьер-министр Зойир Мирзаев кызматтан алынды.

Зойир Мирзаев
Зойир Мирзаев

Мирзиёевдин кадамдарын, өзгөчө онлайн-кабылдамасын эске алган "Фридом Хаус" Өзбекстанды өткөн жылы Интернет эркиндиги үчүн алгылыктуу иш кылган 13 өлкөнүн катарына кошту.

"Онлайн-кабылдамага түшкөн жүз миңдеген арыздын көбү чечилди" дейт уюм.

Бирок өлкө дале "Интернети эркин эмес" деген тизмеден чыга элек. Дале катаал чектөөлөр, кайчы пикир үчүн абакка түшүп калуу ыктымалдыгы бар. Ага хижаб маселесинде камалган блогерлер мисал болуп берет.

«Немис толкуну», «Фергана», ошондой эле «Азаттык» менен Би-Би-Синин өзбек редакциясынын сайттары Өзбекстанда дагы деле ачылбаган жагдайлар бар. Анжиян окуясынан кийин жабылган жергиликтүү кеңселери ачыла элек.

Бозгундагы өзбек оппозициясы жана укук коргоочуларынын сайттары, Amnesty International, Freedom House жана Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюмдарынын сайттарына бөгөт коюлуп турат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG