Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Кыргызстан-Тажикстан: маалымат таймаштан ким утту?


Баткендеги Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолу. 12-январь, 2014-жыл
Баткендеги Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык жолу. 12-январь, 2014-жыл

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында 11-январда болгон куралдуу кагылышты ушул тушта эки тарап бирге иликтеп жатат.

Бишкек менен Дүйшөмбү жаңжал боюнча бири-бирине доомат айткан. Ал арада "бул окуя кандай чагылдырылды, “маалымат согушунан” ким кимге уттурду?" деген талкуу жаралды.

Эксперттер болсо чек ара маселесинде астейдил мамиле керектигин, илгертен коңшу жашаган, базары да, мазары да бир, эки элдин ортосунда ажырымды тереңдетүүгө жол бербөө зарылдыгын эскертүүдө.

Кыргызстанда Баткендеги чек арадагы соңку жаңжал Кыргызстандын жалпыга маалымдоо каражаттарында кенен чагылдырылды. Вице-премьер-министр Токон Мамытов, тиешелүү министрлик, мамлекеттик кызматтардын жетекчилери жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү окуя жана анын өнүгүшү, эки тараптуу жолугушуулар, кабыл алынган чечимдер, кырдаал тууралуу убагында маалымат берип турду.

“КирТаг” маалымат агенттигинин башкы мүдүрү Катя Урумканованын баамында, кыргыз тарап маалымат берүүдө коңшулардан алда канча алдыда болду:

- Тажикстанда биздин өнөктөштөр бар. Бирок биз алардан маалымат ала алган жокпуз. Буга алардын расмий бийликтеринен маалымат ала албаганы себеп болду. Биз кыргыз маалымат агенттиктери жакшы эле иштеп жаттык. Анткени, болгон окуяны каалайсыңбы - каалабайсыңбы, элге айтып бериш керек. Болбосо ар кандай имиш жаралат. Ошол күндөрү Чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү да жакшы иштеп берди. Маалыматтарды ыкчам жөнөтүп турду, сураган маалыматыңды, интервью ала турган расмий адамдарды таап берип турушту.

“Азаттыктын” тажик кызматынын журналисти Мирзо Салимпур Тажикстандагы кырдаалды айтып берди. Анын айтымында, "маалымат жагынан Дүйшөмбү Бишкектен аксады" деген сөздөрдүн кандайдыр бир жүйөөсү бар. Анткени, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары бул окуя тууралуу эмгиче эч нерсе айта да, жаза да элек. Өлкө президенти да үндөгөн жок:

Мирзо Салимпур
Мирзо Салимпур
- Тажик мамлекеттик маалымат булактары бул тууралуу эч нерсе жазган жок. Ал тургай кечээ мамлекеттик телеканалдагы маалымат жыйында "ушундай окуя тууралуу мамлекеттик телеканал эмнеге үндөбөйт?" деген суроо берилди. Алар, “расмий түшүндүрүү күтүп жатабыз, өз алдынча айтып чыгып кокус ката кетирсек, анда тажик-кыргыз мамилесине доо кетиши мүмкүн” деп жооп беришти. Тажикстанда мамлекеттик эмес гезиттер жумасына бир эле жолу чыгат. Акыркы санында окуянын өнүгүшүн эле тизмектеп эле берип коюшту. Аналитикалык материалдар болду, бирок анда "Тажикстан маалымат согушунан утулуп калды" дегенге басым жасалды. Кыргызстанда айыл башчылардан тарта президентине чейин пикирин билдирди, ал эми Тажикстанда Согди облусунун губернаторунун орун басары Жумабай Сангиновдон башка эч ким унчуккан жок деген мисалдар болду. Көп эле журналисттер “эч ким жоопкерчилик алгысы келбейт, баары эле президент Эмомали Рахмон эмне дээрин күтүп отурат" деп айтып чыгышты. Рахмон болсо эмгиче унчуга элек.

Асел Жуматаева "Эл аралык толеранттуулук үчүн" коомдук фонддун Оштогу бөлүмүнүн башчысы. Анын пикиринде, чек ара маселесинде сактык керек, журналисттер жана бийлик өкүлдөрү кырдаалды курчутуу эмес, андан чыгуу жолдорун ойлошу зарыл. Чек арадагы жаңжалды чагылдырууга “маалыматтык согуш" деген өңүт берип, кайсы бир тараптын утуп чыкканы белгиленгени менен бул эриш-аркак жашаган карапайым элге пайдасын бербейт:

- Бүгүн эле тажиктердин бир экспертинин ошол жер кайсы бир жылдары эле анклав эмес, Тажикстандыкы эле болчу деген пикири кошулган макаланы окудум. Эми ушундай маалымат чыга берсе элдин кыжыры кайнайт. Өтө опурталдуу кырдаалды андан да курчутууга салым кошпошубуз керек. Эмоцияга алдырбай турушубуз зарыл. Алар да, биздикилер да кайсы бир документтерге, карталарга таянып айтып жатат. Бирок ортодо компромисс жок болууда. Этияттык мамиле менен бул маселени жогорку бийликтин деңгээлинде чечүү абзел.

11-январда Баткенде Ак-Сай-Көк-Таш-Тамдык айланма жолу курулуп жатканда кыргыз-тажик чек арачылары кагылышкан. Анда кыргыз тараптан 6, ал эми тажик тарап тараптан 2 адам жаракат алган.

Кыргызстан жол өз аймагында курулуп жатканын белгилеп, Тажикстанды “биринчи курал колдонду, эл аралык келишимди бузду” деп айыптаган. Чек арадагы өткөрмө бекеттерди бир тараптуу жаап салган жана Дүйшөмбүдөгү элчисин кеңешүү үчүн чакыртып алган. Ал эми Тажикстан болсо айланма жол түшө турган жерди “талаштуу”, ушундан улам тилке такталганга чейин эч нерсе курулбашы керек деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG