Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:05

Москвада дагы бир кыргызстандык кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиялык басылмалар Москвада теракт уюштурууга шек саналып кыргызстандык кармалганын кабарлашты.

Орусиялык басылмалар Тергөө комитетине таянып, теги кыргызстандык 30 жаштагы Талант Онуров аттуу адам Москванын метросунда теракт уюштуруу аракетине шек саналып, камакка алынганын кабарлашты.

- Тергөөнүн божомолу боюнча ал 2019-жылы сентябрда Кыргызстандан борбор калаага теракт уюштуруу максатында келген. Бир ай бою өзүнө шерик издеп, адабияттарды окуп, үйрөтүүчү видеолорду көрүп, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасоого жер издеген, - деп билдирди Тергөө комитетинин өкүлү Юлия Иванова журналисттерге.

Москвадагы Черемушкин соту 3-ноябрда Талант Онуровду 2020-жылдын 1-январына чейин камакка алган. Буга кошумча Тергөө комитети ал күнөөнү моюнга алганын билдирди.

Орусиянын Кылмыш-жаза кодексине ылайык теракт уюштурууга аракет жасаган адамды 15 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Айрым басылмалар Онуровду радикал-исламчы, жихаддын ашкере жактоочусу деп атоодо. Кээ биринде Москванын метросунда теракт жасоого февралдан бери даярданып жүргөнү айтылса, кээ биринде ал Орусияга сентябрда гана келгени белгиленүүдө.

Ошондой эле айрым булактарда күч органдары тарабынан 1-ноябрда камакка алынганы кабарланса, кээ биринде бир нече жума мурда кармалганы айтылууда.

Орусиялык басылмалар атайын кызмат эми анын болжолдуу шериктерин аныктап жатканын да кабарлашты.

Федералдык коопсуздук кызматынын башчысы Александр Бортников буга чейин жыл башынан бери атайын кызмат Орусиянын аймагында даярдалган 39 терактын алдын алууга жетишкенин билдирген.

Мындай кабар Орусияда иштеген кыргызстандыктарды кооптондурууда.

- Ишенүү кыйын. Келгенине бир эле ай болду. Бомба жасоону Интернеттен үйрөндү деп жазып жатышат. ФСБнын ишинде саясат бар. Азыр динге берилген мекендештерибиз да кылтакка илинип жатышат. Канткен күндө да Орусияда бир кыргыздын аты чыкса, башка кыргызстандыктарга жүз эселеп залакасы тиет. Текшерүү күчөйт, мамиле өзгөрөт, - деди атын жашыруун калтырууну өтүнгөн мекендеш.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москвада теракт жасоого аракет кылган деген шек менен кармалган адамдын чоо-жайын териштирип жатат.

Гүлбарчын Байымбетова
Гүлбарчын Байымбетова

Бул тууралуу элчиликтин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова билдирди.

- Кыргызстандын жараны экени тууралуу маалыматты тактоо боюнча тийиштүү органдарга элчиликтен расмий кайрылуу жөнөтүлдү. Ошону менен бирге маалымат каражаттарында ал күнөөнү моюнга алганы кабарланды. Кандай жол-жобо менен, кандай шарттарда камакка алынганы тууралуу маалымат суралды. Расмий жооп күтүп жатабыз. Иш элчиликтин көзөмөлүндө болот.

Бул кезде 2017- жылы 3-апрелде Санкт-Петербургдун метросунда болгон жардырууну уюштурууга айыпталган теги кыргызстандык ага-ини Акрам менен Аброр Азимовдордун иши сотто каралууда.

17-октябрда болгон сот процессинде Аброр Азимов ФСБнын кызматкерлери аны кыйнап, баштапкы көрсөтмөсүн коркутуп, мажбурлап жаздырышканын айтып, өзүнө тагылган айыптардын баарын четке каккан. Кылмышка Азимовдордон тышкары дагы тогуз борбор азиялык шек саналууда.

Тергөө комитети Петербургдагы жардырууну 22 жаштагы кыргызстандык Акбаржон Жалилов жасаган деп билдирген. Тергөө ал бир террордук уюмдун мүчөсү болгонун, Сирияда атайын даярдыктан өткөнү тууралуу маалымат тараткан.

Орус бийлиги теракт деп тааныган ал жардырууда 15 адам каза таап, жүздөн ашуун киши жараат алган.

"Азаттыктын" архиви: Акыйкаттык издеген Азимовдор

Акыйкаттык издеген Азимовдор
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:09 0:00

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG