Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Оштон кармалган укук коргоочу эркиндикке чыкты


Абактан чыккан укук коргоочу Исраил Халдаров (солдо) жана Саиджахон Зайнобиддинов. 22-февраль, 2018-жыл.
Абактан чыккан укук коргоочу Исраил Халдаров (солдо) жана Саиджахон Зайнобиддинов. 22-февраль, 2018-жыл.

67 жаштагы Исраил Халдаров абактан чыккандан кийин Өзбекстандын азыркы президенти Шавкат Мирзиёевге, эл аралык укук коргоо уюмдарына ыраазычылык билдирди.

21-февралда өзбек бийлиги оппозициячыл “Эрк” партиясынын Анжияндагы облустук бөлүмүн жетектеген 67 жаштагы Исраил Халдаровду түрмөдөн чыгарды.

12 жыл абакта отурган активист шаршембиде Анжияндагы үйүнө келгенин укук коргоочу Саиджахон Зайнобиддинов “Азаттыктын” өзбек кызматына билдирди:

- 21-февралда Исраил Халдаров жазасын өтөгөн колониядан телефон чалышып, ал киши эркиндикке чыгарылганын айтышкан. Улуу уулу таң эрте барып, үйүнө алып келди. Мен барып көрүштүм. Саламаттыгы жакшы, эрки бекем.

Халдаров 2003-жылдан тартып оппозициялык "Эрк" партиясынын Анжиян облустук бөлүмүн жетектеген. 2005-жылдын 13-майындагы кандуу окуядан кийин шаардагы чыныгы абал тууралуу коомчулукка маалымат жеткирип турган. Анын ичинде Бабур аянтында өлтүрүлгөн адамдар көмүлгөн жайды да айтып берген.

Анжиян окуясынан кийин Өзбекстанда оппозициялык ишмерлер менен укук коргоочулар жапырт камакка алына баштаган. Айрым маалыматтарга караганда, 2005-жылдын этегинде саясий башпаанек издеген укук коргоочу коңшу Кыргызстанга качкан. Бирок 2006-жылы 10-июлда Халдаров Ош шаарында дайынсыз жоголуп кеткен.

Өзбек бийлигинин маалыматына караганда 2006-жылы 7-сентябрда Халдаров Улуттук коопсуздук комитетинин Анжиян облустук бөлүмүнө өзү колго түшүп берген. Бирок жанында жүргөндөр жана укук коргоочулар ал 2006-жылдын 10-июлунда Оштон кармалып, Өзбекстанга уурдалып кеткенин ырасташат.

Биз Ошто бир кафени ижарага алып иштетчүбүз. Ошондо ар күнү келип, «Исраилжан ака, ажайып жигитсиз да» деп бир капитан жана бир майор айланчыктап жүргөн.

- Эч кандай өзү барган эмес. Кыргызстандын 9-бөлүмүндөгүлөр (Ички иштер министрлиги) анын ар бир кадамын аңдып жүрүшкөн. Биз Ошто бир кафени ижарага алып иштетчүбүз. Ошондо ар күнү келип, «Исраилжан ака, ажайып жигитсиз да» деп бир капитан жана бир майор айланчыктап жүргөн. Акыры кармап, Өзбекстанга сатып жиберишти​, – дейт ошол маалда Ошто укук коргоочу менен чогуу жүргөн Абдужалил Рустамов.

Өзбекстандагы «Эзгулик» укук коргоо борборунун жетекчиси Васила Иноятова Өзбекстандын Башкы прокуратурасына жазган катына “Исраил Халдаров 2006-жылы июль айында облусттук коопсуздук кызматына өз ыктыяры менен келген» деп жооп алганын “Азаттыкка” билдирген эле.

2007-жылдын февралда Анжиян облустук соту укук коргоочуну “Өзбекстандын конституциялык түзүлүшүнө шек келтирген”, “мыйзамсыз коомдук жана диний уюмдарды түзгөн”, “чет өлкөгө мыйзамсыз жол менен чыккан жана Өзбекстанга мыйзамсыз жол менен кирген”, “жалпы коопсуздукка жана коомдук тартипке коркунуч туудурган материалдарды даярдаган, сактаган жана таркаткан” деп айыптап, алты жылга кескен. Абакта жүргөндө укук коргоочуга чегерилген жаза мөөнөтү үч жолу узартылган.

Халдаров жазасын толук өтөдүбү же мөөнөтүнөн мурда эркиндикке чыктыбы - азырынча тактоого мүмкүн болгон жок. Журналисттер укук коргоочунун өзү менен байланыша алган эмес.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG