Линктер

шаршемби, 19-июнь, 2019 Бишкек убактысы 00:48

Балдардын коопсуздугу эстен чыкты...


Иллюстрациялык сүрөт

Жыл башынан бери бир нече бала сууга агып кетти. Жакында эле дааратканага түшүп кеткен баланын видеосу социалдык тармактарга тарады. Ага-ини муздаткычтын ичине камалып чарчап калды.

Балдардын коопсуздугу тууралуу талкуубузга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынын башчысы, полковник Урматбек Шамырканов, Балдардын укугун коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова жана "Эне күндөлүгү" аттуу телеберүүнүн автору Салтанат Адылбекова жооп беришет.

"Азаттык": Урматбек мырза, ар апта сайын эле балдар катышкан кырсыктар катталууда. Көбү сууга агып же чөгүп кеткендер экен.

Урматбек Шамырканов: Быйыл башка жылдарга салыштырмалуу кайгылуу окуялар көп катталып жатат. Былтыр ушул маалга чейин 26 адам сууга чөгүп каза болгон, бүгүн ал сан 33 адамга жетти.

Анын ичинен 2018-жылы 12ге чыга элек беш баланын өлүмү катталса, быйыл 14кө жетти. Былтыр 12-18 жаштагы үч бала суудан ажал тапса, быйыл алты балага жетти. Айрыкча 18 жашка чыга элек балдар каза болууда. Быйыл апрель айында Ат-Башы каналына төрт жаштагы бала агып кетти.

Урматбек Шамырканов
Урматбек Шамырканов

Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууланып, биздин кызматкерлер сегиз күн издеп жатып, баланын сөөгүн Чу дарыясынан таптык.

Бала жашаган үй менен каналдын ортосу эки чакырымдык жол. Аны бир сааттан ашык жөө басыш керек. Бала сыртта ойноп жүрүп, каналга башка балдар менен барганда агып кеткен.

Ушуга окшош эле окуя Нарын районунда кайталанды. Он-Арча суусуна алты жаштагы кыз түшүп, агып кетти. 2-июнда үч жаштагы бала Суусамырдагы сууга аккан. Балдардын сөөгүн азыркыга чейин таба албай жатабыз.

Балдар сууга аккан учурда аны издөө да аябай татаал. Эгер Чоң Чүй каналына түшүп кетсе, каналдын агымын билебиз. Бирок кээ бир дарыяларга түшкөндө издөө иштери бир топко чейин созулуп жатпайбы. Мындай учурда куткаруучулар да өз өмүрүн тобокелге салат.

"Азаттык": Издөө иштери үчүн шаймандар, ресурстар жетиштүүбү?

Урматбек Шамырканов: Суучулдарга керектүү кээ бир кийим-кечек, шаймандар жетиштүү эмес. Баары бир тартыштык бар.

Тойду эмес, баланы ойлосок...

"Азаттык": Назгүл айым, балдардын коопсуздугу тууралуу сөз кылганда аларды караган адамдардын жоопкерчилигин арттыруу үчүн да кандайдыр бир жобо, мыйзам кабыл албаса болбой калды окшойт?

Назгүл Турдубекова: Албетте, мындай кайгылуу окуяда ата-эненин да күнөөсү бар. Бирок, ошол эле Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мындай окуялардын алдын алуу боюнча толук кандуу маалыматтык иштерди жүргүзбөйт.

Назгүл Турдубекова
Назгүл Турдубекова

"Балдарыңарды карагыла, этият болгула, сууга барбасын" деген сыяктуу СМС жиберип жатабы? Кыргызстандын 32 пайыз элин балдар түзөт, бул 2 миллиондон ашык адам дегенге барабар.

ӨКМ тараптан балдардын коопсуздугу үчүн каражат бөлүнсө болот эле да.

Мисалы, Түптө муздаткычка камалып, эки бала чарчап калды. Биз азыр мигранттардын балдары кыйналып жатат деп эле жүрөбүз. Бирок ата-энеси жанында турган балдар деле кырсыктап жатпайбы. Мурда ата-энелердин жоопкерчилиги күчтүү эле. Ширеңкени колдонуунун, газ, көмүр жагуунун коопсуз ыкмаларын үйрөтүшчү. Азыр ушундай иш-чаралар жүрүп жатабы?

Өнүккөн өлкөлөрдө, маселен, Израилде эне көз жараардын алдында ага бардык коппсуздук эрежелерин үйрөтүшөт. Төрөтканадан чыгып бара жатканда ар түрдүү кагаз, китепчелерди беришет. Бизде мындай иштер жүргөн жок. Мындан тышкары медиада бизге пайдасы жок маалыматтар көп чыгат. Саясат, советтик тасмалар менен эфирди толтурушат. Ушунун ордуна таанып билүүчү баяндарды берсек болот эле да?

Суусамырдагы окуяны алалы, азыр элдин көбү кымызга, эс алганы тоого барып жатышат. Аларга түшүндүрүү иштери жүрүп жатабы? Суу жээгинде жүрсөңөр балдарыңарды карагыла, кармагыла деп айтышпайт да.

Ош шаарында жылына көп бала Ак-Буурага агып, чөгүп кетет. Мэрия эмнегедир коопсуздук маселесин чечпей койду. Майрам өткөрүү үчүн каражат табылат, бирок балдардын коопсуздугуна келгенде эч нерсе кылышпайт.

ӨКМ бизге аба ырайы бузулат, катуу шамал болот деп СМС жиберип жатпайбы, мен баланын коопсуздугу боюнча да маалыматтарды жибериши керек деп ойлойм. Ата-энелерге эскертип, коомдук траснпортко, эл көп жүргөн жерлерге, эс алуучу жайларга стенд, буклеттерди жабыштырып, маалыматты ЖМКдан улам-улам кайталап берип туруш керек. Анан ар бир айыл өкмөтүнүн имараты, чоң ЦУМ, ГУМ сыяктуу дүкөндөр же жөнөкөй эле күркөлөргө балдардын коопсуздук эрежелерин илип коюш керек.

"Сенин балаң азыр кооптуу жердеби? Ширеңке таштаган жокпу? Суудан алыспы? Дааратканын эшигин бекиттиңби? Үтүктү сайып койгон жоксуңбу? Үйдү сыртынан бекитип кеткен жоксуңбу?" деген жазууларды илип коюш керек. Ар бир балага коопсуз чөйрөнү түзүү менимче, улуттук коопсуздуктун эң башкы приоритети. Күн сайын айта берсек, эл көнөт. Баласын карай баштайт деп ойлойм.

Балага түшүндүрүш керек

"Азаттык": Салтанат айым, бала баккандарга кандай кеңештерди бере аласыз. Ар бир ата-эне эле билебиз дегени менен кырсык каш-кабактын ортосунда да.

Салтанат Адылбекова: Мамлекеттен, ӨКМден күтүп отура бербей, ар бир ата-эне баласына кайдыгер мамиле жасабай, коопсуздугун колго алуусун айтып кетер элем.

Бала үч жашка чыкканга чейин эле "бычакты алсаң, бир жериңди кесип аласың, анан этиң ооруйт, канайт" деген диалог түзүш керек.

Салтанат Адылбекова
Салтанат Адылбекова

"Маселен, бул аң, ага түшүп кетсең чыга албайсың" деп айтсак, дааратканалардан алыс болушат.

Балага баарын оюн формасында түшүндүрүү керек. Бала баарын таанып-билгиси келет. Чуңкурга же сууга кызыгып түшүп кетиши мүмкүн. Бизде ата-энелер балдары менен сүйлөшпөйт. "Бала жоголуп кетти" деген сыяктуу жаңылыктар чыкканда мен кызыма дайыма "Чоочун бирөөнү ээрчибе, тааныбаган адамдар менен сүйлөшпө" деп кулагына куюп турам.

Талкууну толугу менен бул жерден уга аласыз.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG