Кытайдын жаңы бюджети парламенттин 5-мартта расмий түрдө ачылган жылдык жыйынынын алдында жарыяланды. Ага ылайык, расмий Бээжин быйыл куралдуу күчтөрүнө 177 миллиард доллар бөлөт. Бул каражат армиянын былтыркы бюджетинен 7,5 пайызга көп.
Расмий Бээжин аскердик күчтөргө жыл сайын көбүрөөк каражат бөлгөнгө аракет кылып келет. Маселен армиянын бюджети 2017-жылы 7 пайызга, 2018-жылы 8,1 пайызга көбөйгөн. Быйыл былтыркыга салыштырмалуу армия бюджетинин өсүү темпи 0,6 пайызга азыраак.
Деген менен эл аралык эксперттер жана айрым өлкөлөрдүн дипломаттары бул расмий Бээжин ачык көрсөткөн гана сандар экенин, иш жүзүндө Кытай өз армиясына алда канча көп каражат бөлүшү мүмкүндүгүн айтып келишет. Мисалы, Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институту (SIRPI) 2017-жылы эле Кытай куралдуу күчтөрүнө 228 миллиард доллар сарптаганын жоромолдогон.
"Reuters" жаңылыктар агенттигинин бул темага байкоо салган улук кабарчысы Бен Бланкард Кытайдын расмий статистикасы анын армиясындагы эволюцияны так көрсөтпөй турганын айтты:
- Мисалы, алар учак алып жүрүүчү жаңы кемелерге, радарга көрүнбөгөн учактарга, аскердик машыгууларга канча акча сарптап жатканын биз билбейбиз. 2012-жылы бийликке келген президент Си Цзиньпин армияны күчтөндүрүүнү жана модернизациялоону өзүнүн саясатынын негизги бөлүгү катары белгилеген. Анын алкагында аскердик күчтөрдүн саны 300 миңге кыскарды. Андан үнөмдөлгөн акча алдыңкы технологияларга сарпталып жатат. Мисалы, Кытай азыр учак алып жүрүүчү экинчи кемесин сыноодон өткөрүүдө. Кытай армиясынын кыйла өнүккөн дрондору бар. Аскердик кемелери деңиздерде мурдагыдан узагыраак аймактарга чыгып, көбүрөөк машыгуулар өтө баштады.
Си Цзиньпиндин дымагы
Кытай дүйнөдө армиясына миллиарддаган долларды бөлгөн өлкөлөрдүн ичинен АКШдан кийинки экинчи орунда турат. Стокгольмдогу эл аралык тынчтык изилдөөлөрү институтунун (SIRPI) маалыматы боюнча, 2017-жылы дүйнөдө куралдуу күчтөргө 1 триллион 739 миллиард доллар чыгымдалган. Мынча каражаттын 35% Кошмо Штаттарга, 13% Кытайга, 4% Сауд Арабиясына жана 3,8% Орусияга туура келет.
Кытай армиясынын бюджети тездик менен өсүп жаткан мамлекеттердин башкы саптарында турат. 2017-жылы президент Си Цзиньпин Кытайдын куралдуу күчтөрүн модернизациялоого жараяны 2035-жылды утурлай аяктаарын, 2050-жылы бардык коркунучтун мизин кайтарууга жөндөмдүү дүйнөлүк класстагы армия түзүлөөрүн билдирген.
Президенттин мындай саясатын улай расмий Бээжин радардын көзүнө чалдыкпаган аскердик учактарга, деңиз алдында жүрүүчү кемелерге жана спутниктерди атып түшүрүүгө жөндөмдүү ракеталарга көбүрөөк акча салып жатканы кабарланып келет.
Бирок расмий Бээжин мындай заманбап армия “башка өлкөлөргө коркунуч жаратпайт” деп ишендирүүдө.
- Кытай ар дайым тынч жол менен өнүгүүнүн жолун чаап, коргонууну гана көздөгөн саясатты карманып келет. Кытайдын коргонууга сарптаган чектелүү каражаты коопсуздукту, суверендүүлүк менен аймактык бүтүндүктү сактоону гана максат кылат. Биз башка өлкөлөрдү коркутпайбыз. Кайсы бир өлкө башка мамлекеттерге аскердик жактан коркунуч жаратаары анын армиясына канча акча сарптаганына эмес, тышкы жана аскердик саясатына жараша болот, - деп билдирди 4-мартта Кытай парламентинин басма сөз өкүлү Чжан Есуй.
Аскердик дымак экономикага көз каранды
Деген менен Кытайдын мындай билдирүүлөрү расмий Бээжиндин айрым коңшуларын жана АКШны ынандырбай келет. Маселен Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс Кытай жыл сайын армиясына сарптаган акча Азиянын калган бардык өлкөлөрү куралдуу күчтөрүнө бөлгөн каражаттын жалпы суммасына барабар экенин былтыр октябрь айында белгилеп, Кытай АКШнын Тынч океанынын батыш тарабындагы таасирин азайтууну көздөөрүн ишара кылган.
Кантсе да адистер Кытай армиясынын кудурети бул өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнө жараша болоорун айтып жатышат. Сингапурдагы Синнатамби Ражаратнам атындагы Эл аралык окуулар боюнча мектептин окумуштуусу Ричард Битцингер “Блумберг” басылмасындагы комментарийинде эгер Кытайдын экономикасындагы солгундоо улана берсе, Цзиньпиндин саясаты, анын ичинде армия боюнча планы да өзгөрүүгө дуушар болооорун белгиледи.
Быйыл Кытай экономикасынын өсүү темпин мурда жоромолдогондой 6,5 эмес, 6 пайыз деп белгиледи. Учурда расмий Бээжин менен Вашингтондун ортосунда соода согушун токтотууну көздөгөн сүйлөшүүлөр уланып жатат.
Айтмакчы, калкынын саны 1,4 миллиардга чукулдаган Кытай дүйнөдө аскерлеринин саны боюнча биринчи орунда турат. Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан Стратегиялык изилдөөлөр боюнча эл аралык институттун (IISS) маалыматына ылайык, Кытайдын 2 миллиондой активдүү аскердик кызматкери бар.