Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:14

Кытайда укук коргоочу камакта каза тапты


Кытайлык диссидент, укук коргоочу Лю Сяобо.
Кытайлык диссидент, укук коргоочу Лю Сяобо.

Нобель сыйлыгынын ээси, кытайлык диссидент, укук коргоочу Лю Сяобо камакта каза тапты. Укук коргоочу Кытайда түрмөдөн катуу кайтарылган ооруканага которулганына бир ай болгон.

61 жаштагы Лю Сяобо боор рагы өтүшүп кеткенден улам каза болгонун ал акыркы күндөрү ооруканада дарыланып жаткан Шеньян шаарынын бийлиги кабарлады. Маалыматка караганда, укук коргоочу үч күн мурда реанимация бөлүмүнө которулган.

Бул кабар дүйнөгө дароо тарап, эл аралык маалымат каражаттарынын башкы жаңылыктарынын бири болду.

Нобель сыйлыгынын ээси болгон диссиденттин абакта дүйнө салышын дүйнө лидерлери жана эл аралык уюмдар кескин сынга алышты.

Маселен, Германиянын канцлери Ангела Меркел, АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон жана Евробиримдиктин жетекчилери Лю Сяобонун өлүмү боюнча билдирүү жасап, жакындарына көңүл айтышты. Аталган лидерлер расмий Бээжинди өлкөдөгү саясий туткундарды бошотууга чакырышты.

Кошмо Штаттардын Мамлекеттик департаменти Лю Сяобонун үй камактагы жесирин эркиндикке чыгарууга үндөдү. Бул тууралуу Мамдепартаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт бейшембиде билдирди:

- Лю мырза өз өмүрүн өлкөсүнүн жана адамзаттын оңолушуна, эркиндик менен адилеттүүлүккө умтулуу менен өткөрдү. Биз анын аялына жана бардык жакындарына көңүл айтабыз. Биз кытай бийлигин аны үй камагынан бошотуп, өз каалоосуна жараша чет өлкөгө чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүүгө чакырабыз. Анын өлүмү Нобель комитетинин чечими туура болгонун ырастады.

Мамдепартаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт.
Мамдепартаменттин маалымат катчысы Хизер Нойерт.

Лю Сяобо 2008-жылы "Хартия 08" деген документке авторлош болгондон кийин камакка алынган. Анда Кытайда адамдын фундаменталдык укуктарын коргоого жана саясий системаны реформалоого чакырык жасалган эле. Мындан улам Кытай бийликтери аны мамлекеттик түзүлүшкө шек келтирди деген айып менен 2009-жылы 11 жылга эркинен ажыраткан. Муну менен ал кесиптик ишмердиги жана көз карашы үчүн төртүнчү ирет соттолгон эле.

Кытайдын коммунисттик жетекчилигинин чечимин эл аралык укук коргоо уюмдары, Батыш өлкөлөрү кескин сынга алган. 2010-жылы Лю Сяобо Нобелдин Тынчтык сыйлыгына татыктуу болгон.

Жогорку мартабалуу сыйлыкты тапшыруу аземине катышууга укук коргоочунун жакындарына уруксат берилген эмес. Тескерисинче, ошол жылы анын аялын үй камагына алышкан.

Лю Саобо жубайы менен.
Лю Саобо жубайы менен.

Быйыл жазда абактагы Сяобонун оор илдетке чалдыкканы, абалы начарлап баратканы белгилүү болгон. Эл аралык укук коргоо уюмдары, Батыш өкмөттөрү, жергиликтүү активисттер кытай бийликтерин укук коргоочуну абактан бошотуп, чет өлкөдөн дарылануусуна жол ачууга чакырышкан.

Бирок кытай бийликтери бул сунушту четке кагып, аны эң мыкты дарыгерлер карап жатат деп келишкен.

Эл аралык мунапыс уюмунун Азия бөлүмүн башчысы Никола Бекелин укук коргоочуга чет өлкөдө дарыланууга жол бербөө менен Кытай бийлиги тарыхта болуп көрбөгөн кекчилдигин көрсөттү деген пикирде:

- Лю Сяобо дүйнөдөгү эң атактуу укук коргоочулардын бири болгон. Ал өмүр бою адилеттүүлүк жана адам укуктары үчүн күрөштү. Бир гана кытайлыктардын эмес, дүйнөдөгү бардык адамдардын укуктары үчүн күрөштү. Ал Нобель сыйлыгынын лауреаты. Бирок аны даңктоо ордуна Кытай бийлиги анын оозун жабууну туура көрүштү. Анын үй-бүлөсү куугунтукталып, ал эми өзү болсо абакка камалды. Ага чет жакта дарыланууга мүмкүнчүлүк беришкен жок. Кытай бийликтери тарыхта болбогон кекчилдикти жана катаалдыкты көрсөтүштү.

Эми Кытайдын коммунисттик бийлигине ачык каршы чыккан активисттердин бири каза тапкан соң бул өлкөдөгү укук коргоочулардын маселесине көңүл бурулду. Кытайлык диссидент Ай Вейвей бул жагынан Сяобонун ишмердиги өзгөчө мааниге ээ экенин белгиледи:

- Албетте биз баарыбыз бул күн келерин билгенбиз, бул кытайлык укук коргоочулар жана Кытайдагы коомдун жакшырышы үчүн күрөшкөндөр үчүн оор абал. Лю Сяобо эч качан унутулгус адам.

Лю Сяобо 1938-жылдан бери абакта өлгөн Нобелдин Тынчтык сыйлыгынын лауреаттары арасынан биринчиси болду. Июнь айынын соңунда Германиянын Гамбург шаарында өткөн "Чоң жыйырманын" саммитинде дүйнөлүк лидерлердин бири да Кытайдын президенти Си Цзинпинге Лю Сяобо тууралуу коом алдында эч нерсе айтпаганы сынга алынууда.

Гонконгдогу активисттер Лю Сяобону эскеришүүдө.
Гонконгдогу активисттер Лю Сяобону эскеришүүдө.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG