Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:47

"Чоң фирмалар бут тосууда". Түркиядан келген товарды кымбаттаткан себептер


Чек арада кезек күткөн оор автоунаалар.
Чек арада кезек күткөн оор автоунаалар.

Акыркы бир жылда Түркиядан Кыргызстанга жүк ташуу эселеп кымбаттаганы байкалууда. Фирмалардын жетекчилери буга бажы тарифтеринин баасы көтөрүлгөнү себеп болгонун, айрымдары ич ара атаандаштыктан улам ушундай кырдаал жаралганын жүйө келтиришет.

Кыргызстандык ишкерлер жүк ташуу кызматынын акысы кымбаттагандан бери соодасы жүрүшпөй калганын айтышууда.

Толкун Курманбаева көп жылдардан бери Түркиядан Кыргызстанга дүңүнөн соода кылат. Ал соңку айларда учак карго төлөмдөрүнүн кымбатташы товарлардын баасына таасирин тийгизип жатканын айтты:

"Бизге карго баасынын көтөрүлүшү албетте сезилип атат. Стамбулдан 10 серия бут кийимди учак менен алдырсам, анын эки сериясын карго төлөмүнө бергендей эле болуп атам. Акыркы алты айда кескин кымбаттады. Айла жок учак карго менен эмес, автоунаа менен алдырабыз. Ал кеч келип, биздин сезон өтүп кетүүдө. Мектептер ачыларда дагы кымбаттаса, товар өтпөй калабы деп чочулап турам", - деди кыргызстандык ишкер.

Учурда Стамбулдан Бишкеке текстиль товарларын ташуу учак менен килограммына 6,2 доллар, чоң жүк ташуучу автоунаалар менен 3,3 доллар. Бут кийим, булгаары курткаларды жеткирүү алда канча кымбат.

Дүңүнөн кийим-кече саткан дүкөн. Стамбул шаары.
Дүңүнөн кийим-кече саткан дүкөн. Стамбул шаары.

Уулжан 10 жылдан бери Түркиядан Кыргызстанга булгаарыдан тигилген куртка, тон алып барып сатат. Карго кымбаттагандан бери товарларын өзү ташып калганын айтууда.

"Негизи азыр Түркиянын өзүндө булгаарыдан тигилген кийим-кечектер кымбаттап кетти. Арзанын табуу өтө кыйын. Мындан улам Бишкектеги соодам солгундады. Андыктан учак менен дүңүнөн товар ташыбай калдым. Анча-мынча товарларды Бишкекке өзүм ташып жатам. Антпесе каргого өтө көп акча төлөп калчудаймын".

Дордой базарына келип түшкөн товарлар.
Дордой базарына келип түшкөн товарлар.

Түркияда тигилген ич кийимдерди Бишкекке алып барып саткан Зарина жүгүн автоунаа менен алып келет. Товар бир ай ичинде Кыргызстанга жетет. Баа кымбаттагандан бери анын соодасы солгундаган. Ал тапкан кирешесинин жарымын жүк ташыгандарга берип жатканын айтты:

"Жүктү Стамбулдан Бишкекке автоунаа менен жеткиребиз. Мурда анын баасы 1,5 доллар болчу. Азыр килограммы 3,3 доллар. Ал аз келгенсип азыр түркиялык товарлар да кымбат. Ага карго наркы кошулуп, баа асман чапчып атат. Айла жок сураган акчаны беребиз. Антпесек товарыбыз келбейт. Стамбулдан келген товардын көлөмү азайды. Тапкан акчабыздын жарымы каргого кетип жатат. Анын үстүнө Бишкекте соода мурдагыдай жакшы болбой калды".

Кыргызстандык ишкерлердин нааразылыгын жүк ташуучу фирмалардын Стамбулдагы өкүлдөрүнөн сурадык. "Бра карго" фирмасынын жетекчиси Эйүп Ипекли баанын кымбатташына бажы төлөмдөрүнүн тарифи көтөрүлгөнү себеп экенин жашырган жок.

"Бажыдагылар бааны көтөргөндө биз дагы көтөрөбүз. Биздин чөнтөккө килограммынан 20 цент гана түшөт. Кыргызстандын бажысы төлөмдөрдү көтөрдү. Биз да буга нааразыбыз. Түркиянын товарлары албетте сапаттуу, баасы ошого жараша. Карго баасы кошулганда кымбаттап, элге оорчулук келет. Алгандар кымбатка сатууга аргасыз же Кытайдан товар алганга аракет кылат. Дагы бир жолу кайталайм, биз дагы бул жагдайга нааразыбыз".

Стамбулдан Кыргызстанга товар ташыган дагы бир маектеш атын ачык атагысы келбеди. Ал учурда карго фирмаларынын арасында конкуренция күч алганын, казакстандык карго компанияларын иштеткендер Кыргызстанга жүк ташыган фирмаларга кысым көрсөтүп жатканына токтолду.

Лалели аймагындагы дүкөндөр. Стамбул шаары.
Лалели аймагындагы дүкөндөр. Стамбул шаары.

"Мен карго фирмасын иштеткен ишкер катары айтам, Кыргызстанга жүк ташыган фирмалар арасында атаандаштык күч, мурда да болуп келген. Бирок соңку күндөрү казакстандыктар келип "бааңарды көтөргүлө" деп кысым көрсөтүүдө. Албетте бул бажыдагыларга майдай жагат, тарифтерин дароо көтөрүп коюшту. Мисалы бир жыл мурда учак менен товар ташуу 4,3 доллар болсо, азыр килограммын алты доллардан ташыйбыз. Чоң фирмалар бажыдагылар менен жең ичинен сүйлөшүп алып "бул фирма кирсин, бул кирбесин" деп бут тосууда. Бизге "бажыдагыларга килограммына баланча цент берем" дегендердин товары гана Кыргызстанга кире турганын эскертип кетишти".

"Азаттыкка" маек курган түркиялык ишкер алты жылдан бери Стамбулдун Аксарай аймагында карго фирмасын иштетет. Бирок Түркиядагы экономикалык таңкыстык, Кытайдан Кыргызстанга кирген товарлардын арзандашы өңдүү көрүнүштөр анын ишмердүүлүгүнө да кедергисин тийгизип жатканына токтолду.

"Негизи Түркиядан Кыргызстанга кеткен товардын көлөмү күндөн күнгө түшүп баратат. Анткени баа кымбат. Мисалы, мен килограммы 6-7 доллардан АКШга товар жөнөтөм. Салыштырып көрүңүз эми, ушул турган Кыргызстанга да килограммы алты доллардан кетет. Албетте кардарлар Кытайдан товар алганга кызыкдар. Мен кыргызстандык кардар болсом, албетте Кытайдан товар алмакмын. Казакстанга Түркиядан жүк ташыган фирмалар Кыргызстанга жүк ташыган ишкерлерге кысым көрсөтүп жатканы айдан ачык. Өткөндө Астанадан Стамбулга бажыдагы жооптуу кишилер келиптир. Ачык эле "ар бир килограмм жүктөн баланча цент пара бересиң" деген сөздөр айтылыптыр. Мунун баары Кыргызстанга кете турган жүктөргө да таасирин тийгизет. Жаңылык эмес, карго баасы дагы кымбаттайт", - деди түркиялык ишкер.

КМШ өлкөлөрүнө Түркия негизинен жеңил өнөр жай товарларын экспорттойт. Өлкөнүн Соода министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2023-жылдын январь-апрель айларында өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу экспорт 3% азайып, 80 миллиард 874 миллион долларды түздү. Импорт 7,2% өсүп 124 миллиард 412 миллион доллар болду. Ал эми тышкы соода көлөмү дээрлик 3% өсүп, 205 миллиард 285 миллион долларга жетти.

Былтыр Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү жалпысынан 40,4% өскөн. Импорт 73% жетсе, экспорт, тескерисинче, 22,4% азайган.

Улуттук банктын эсеби боюнча, 2022-жылдын январь-ноябрь айларында жеке жактар чет өлкөлөргө 1 млрд. 82,5 млн. доллар каражат которгон. Анын 80% Орусияга, 17% Түркияга, калган 3% АКШ, Германия, Казакстан өңдүү чет өлкөлөргө которулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG