Линктер

бейшемби, 25-апрель, 2019 Бишкек убактысы 14:23

"Европага жеткенде ит сүйрөп эстен тандым..."


Иллюстрациялык сүрөт.

«Мигрант аялдын жолу» түрмөгүнүн бул жолку каарманы Чынара Арыкбаева. Ал Европадагы үч мамлекетте башынан өткөргөн кыйын күндөрдү, аларды кантип жеңгенин айтып берди.

Кыргызстандан 2004-жылы жай толукшуп турган кезде кеткем. Бишкектен бир агенттик Чехиядан жумуш таап берүүнү убада кылып, документтерди даярдап берүү үчүн миң доллар алган.

Паспортту виза койдуруп беребиз деп алышкан, капыл-тапыл эле "баары даяр" деп, жолго камынып калдым. Паспортту аэропорттон беришти.

Европага төртөөбүз жолго чыктык. 50 жаштагы уйгур аял, 20дагы орус кыз, анан ошол агенттиктин Алина аттуу өкүлү кошулду. Ал биз менен чогуу бараткандан кийин ишендик. Ошентип Бишкектен Москвага, андан ары Польшага учтук.

Польша-Чехия чек арасына жеткенде, жүктөрүбүздү бир машинеге салып, «өзүңөр ушул жерден бир тоону жөө ашып өтөсүңөр, аркы тараптан силерди Макс деген бала тосуп алат» дешти.

Ошол жерден бизге виза жасабай эле, мыйзамсыз жол менен алып баратканын түшүндүк. Орто жолдо калмак белек, Алинанын айтканына көндүк.

Тоону ашып өтүп, бир токойго келдик. Төртөөбүздө бир телефон бар. Ал жерден бизге байланышып «түн кирсин, анан бир канча метр баланча жакка баскыла» деген көрсөтмө берилди.

Түн кирген кезде капилеттен кинодогудай овчарка ит жетелеген аскерлер пайда болушту. Иттер бизди бура бастырбай басып жыгылды. Үйрөтүлгөн үчүнбү талаган жок, кийимден тиштеп эле сүйрөп жөнөштү.

Келме келтирип баратып, эс-учумду жоготуп коюпмун. Бирөө тээп, анан бетиме муздак суу чачканда эсиме келдим.

Баштан-аяк чечинтип, аябай текшеришти, маңзат алып баратат деп ойлошту окшойт. Анан бир лагерге алып барышты. Ал жерде бизге окшоп чек араны мыйзамсыз кесип өткөндөр, башкалка сурап кайрылгандар кармалат экен.

Бир топ улуттун өкүлдөрүн көрдүк, мекенинде болгон согуштан качып, башпаанек сураган чечендер аябай көп экен. Ал жактан бир украин аял биздин жайыбызды угуп, “иш издеп келдик деп айтпагыла, качкынбыз деп чындыкка жакын бир окуя ойлоп тапкыла” деп акыл үйрөттү. Ошол убакта мен Куловдун камалып кеткенин билчүмүн, анан ага байланыштуу окуя ойлоп таптым. “Куловдун тарапташы элем, мага кысым болгону үчүн качып чыктым” деп айтууну чечтим. Бирок суракта сөзүмөн жаңылдым.

Орус кыздар чехче которуп турушту. “Сен иштегени келдиң да, чыныңды айт?” деп такып сураганда, чыдабай кетип “ооба, иштегени келгем, силерге калп айткам” деп ыйлап жибердим. Ушунчалык жаныма батып кетти.

Биз менен келген жашы элүүдөгү эже "кетем" дей баштады. Анан төртөөбүз тең “стоп-азил” деген арыз жазмай болдук. Бул деген бардык жоопкерчиликти өз мойнубузга алып, Чехиядан башкалка сурабайбыз дегенди билдирет. Мен "туугандарым акча салат, кетем" деп арыз жазып бердим. Ошентип төртөөбүз тең ал жерден чыктык. Эже айткандай эле үйүнө кайтты, орус кыз да өз жолу менен кетти.

Алина экөөбүздү ал жерден чыкканда кыргыздар тосуп алып, украиндер менен тааныштырып коюшту. Ошентип бир украин аялдын үйүндө жашап калдык. Алгач ресторанда идиш-аяк жуугуч болуп иштедим, кийин “Хилтон” деген мейманканада кашык аарчыгыч болдум. Идиш-аяк жууган машинеден чыккан кашыктарды жалтырата сүртөм. Ишти тез кылганым жагып, бекер тамак бере башташты. Кийин төрөт үйүнө санитарка болуп ишке орноштум.

Аялдар толготот, кээ бири баласын жоготот, кээ бири эсине келбей каза табат. Мунун баарын көрүп кыйналып кеттим. Кандын жытына чыдаш кыйын экен. Ошентип ар кайсы жумуштарда иштеп жатып бир жыл билинбей өтүп кетиптир.

Чехиядан Австрияга...

Бир күнү ошол жактагы кыргыздардан Италияга кетсе болорун кулагым чалып калды. Сания деген кыз экөөбүз чогуу кетмей болдук. Кетүү жолдорун сураштырып, картасын чийдик. Ал кезде Чехия Шенген аймагына кире элек болгондуктан, чек аралардан сөзсүз текшерчү. Биз мыйзамсыз жүргөндүктөн, жөн эле автобуска түшүп кете албайт элек.

Чехия менен Австриянын чек арасында жалаң вьетнамдар отурукташкан аймак бар экен. Ошол жакка барып, бир жумадай мейманканада жашап, эки жакты иликтедик. Австрия тарапка дарыяны кечип өтмөй болдук. Таңкы намазды окуган соң жолго чыктык. Кыргызбыз да, Чехиядан алган кийим-кечени, болгон майда-чүйдө оокатыбыздын баарын салып алганбыз. Артымда асынган рюкзагым өзүмдөн чоң. Суудан жетелешип кечип өтүп жатканда агып баратканымды сездим, тиги кыз “рюкзагыңды чеч” деп кыйкырды. Аны чечип жибердим. Акырындап аркы өйүзгө жетип алдык. Паспортторубузду токойго көөмп салдык.

Көпкө басып отуруп, бир чиркөөгө жеттик. Ал жерден суу сурап ичип, кийимибизди бир аз кургатып, жолго чыктык. Бир автобуска отуруп кетмек элек, аялдамага жеткенде эле полиция келип салып кетти. Кайра баягы эле жашоо башталды. Лагерге алып барышты. Текшеришти, суракка ала башташты. Мен болсо даярданып алгандай эле, “бизди бирөөлөр Чехияга алып келишкен, аэрпорттон машинеге салып ушул жерге жеткирип салышты, эч нерсе билбейм” дедим. Көрсө элдин баары ушуну айтышат экен.

Бул жактагы лагерь Чехиядагыдан айырмаланып, көчөгө чыгып келүүгө мүмкүнчүлүк берет экен. Биз качуунун жолун ойлоно баштадык. Ар кимден сураштырып отуруп, Италияга кетчү поезд бар экенин билип, 100 евродон берип, билет алдырттык дагы, качып чыктык. Поезд Австрия-Италия чек арасынан өткүчө кудайга жалынып отурдум. Бактыга жараша, текшерүүгө кабылган жокпуз. Ошентип Неаполго жеттик.

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыры Италияга жеттим...

Неаполдон кыргыздар тосуп алышты. Бир топ убакыт Айнура деген эженин үйүндө жашадым. Алгач колунда бир үй-бүлөнүн эки жаштагы баласын багып иштедим. Албетте, тил билбегендиктен аябай эле кыйналдым. Бирок буга чейин башымдан өткөргөн окуялардан кийин баарына чыдап, күнү-түнү окуп атып, тилди үйрөндүм. Андан соң алты жыл кант диабети менен ооруган аялды бактым. Ал ордунан тура алчу эмес, бир жерде жатып-туруп, ошол жерден тамак ичип, ошол жерден дааратканага барчу. Аны багуу аябай эле кыйын болду, ордунан жылдырып, алдын тазалаш эле чоң түйшүк эле. Түн ичинде памперс кийгизип койчубуз, аны кычышканда чечип салат. Эртең менен ойгонсоң маңдайыңда кийилген памперс жатчу.

Ошол аялды багып жүргөн маалда Италияда мыйзамдуу иштөөгө уруксат алуу үчүн арыз тапшырдым. Бербей коюшабы деп кооптондум. Анткени чек аралардан мыйзамсыз өткөнүм бармак изинен чыгып калды. Бирок мен баккан аялдын күйөө баласы жакшы мүнөздөмө берип, кудай жалгап документ алдым.

Ошентип 2010-жылы, алты жылдык азаптан кийин документ колума тийди. Бишкектен батир сатып алып, мекениме Европаны багындыргандай дердейип кирип барбадымбы.

Чынара Арыкбаева.
Чынара Арыкбаева.

Арты жакшы болду...

Азыр Болонья шаарында жашайм. Баягыдай күнү-түнү бирөөнүн үйүндө жашап, иштебей калгам. Андай жашоо көкөйүмө көк таштай тийди. Бир бөлмөнү ижарага алгам, күндүз ооруканага барып, оорукчан кемпир-чалдарды, бир жак ыптасы кыймылдабай калган бейтаптарды карайм. Алардын тамак-ашын, дары-дармегин өз убагында берем. Башымдан эмне кана өтпөдү. Чачым агарды. Тагдыр мени ушул жолго салды да, демек, буйрук экен. Мен Чехияда колго түшкөндө эле өзүмө “ушул кыйынчылыктардын баарын жеңем, үй алып, анан Кыргызстанга кайтам” деп үн чыгарып сөз бергем.

"Европага жеткенде ит сүйрөп эстен тандым..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:20 0:00
Түз линк

Периштелер укканбы, айтор баары ошондой эле болду. Ошондо мен кетип калсам деле болмок, бирок намыс үчүн анте алган жокмун. Анткени бирөөлөр куда түшүп келгенде теңиме албай койгом. Үйдөгүлөр "турмушка чык" дегенге көнбөй, “Чехияга барып кыйратам” деп кеткем да. Кайра шалпайып баргандан уялдым. Азыр өкүнбөйм, аягы жакшы болду. Кудайга шүгүр, Кыргызстаныма жакшы эле пайдам тийди. Болгон тапкан-ташыганымды мекениме салдым, үй алдым. Туугандарыма колумдан келишинче жардам берип жүрөм. Кыргыз аялдары мен тарткан азапты көрүшүн каалабайм. Алар ой-максаттарына жеңилирээк жол менен жетишсе деп тилейм.

(Окуядагы баш каармандан башка ысымдардын баары алмаштырылды)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG