Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:00

«Италияда ар кандай күндөр өттү...»


Гүлжан Осмонкулова.
Гүлжан Осмонкулова.

«Азаттык» миграцияда жүрүп канчалаган оор күндөрдү башынан өткөрсө да баарын жеңип, үй-бүлөсү менен катар коом жүгүн көтөргөн аялдардын тагдырлары тууралуу «Мигрант аялдын жолу» түрмөгүн сунуш кылат.

Бул түрмөктүн алгачкы каарманы, Италияда иштеген Гүлжан Осмонкулова өз тагдыры тууралуу баяндап берди:

«Италияга келгениме быйыл 15 жыл болду. 2004-жылдын аягы эле, оокатыбыз өтпөй калды, жада калса жегенге тамак-аш табуу кыйын болчу.

Алгач күйөөм Түштүк Кореяга иштегени кетти. Ал жакта заводдо иштеп жатып, станокко сөөмөйүн алдырып, кайра кайтты. Ал кезде улуу балам Москвада техникумда окучу, ортончусу мектепти бүтүп жаткан, кичүүсү бир жарым жашта эле. Ошол баламды 43 жашымда абдан кыйналып төрөп алгам.

Айла жок, квартирамды күрөөгө коюп банктан эки миң доллардай насыя алдым. Анын жарымы жол киреме кетти, калганын үйдөгүлөргө таштадым. Балапандай баламды таштап кетип жатканыма абдан жаман болуп, Италияга жеткиче ботодой боздоп ыйлап бардым... Эми кайсы бирин айтайын...

Ар кандай күндөр өттү, эми баары жакшы. Балам азыр зыңкыйган жигит болду».

«Баккан байбиче каза болгондо...»

«Албетте, башында тил билбегендиктен бир топ кыйынчылыктар болду. Бир айдай жумушу жок отурдум, менден мурда келген кыргыз кыздар жардам беришти. Алгач бир украин аял үйүнө эс алууга баратып, өзүнүн ордуна мени убактылуу үч айга калтырып кетти. Ошентип бир байбичени багып иштеп калдым.

Тилди түнү менен окуйм. Дем алыш күндөрү ал байбиченин балдары келип «сен дагы бир сөз үйрөнүп калыптырсың» деп мени кубантып кетишет. Үч ай ичинде мен ал байбичени жакшы караганым үчүн балдарына жагып калыптырмын. Алар «кетсең да иш таап беребиз, жумушсуз калбайсың» деп убада беришти. Ошентип башка бир улгайган аялды таап беришти.

Айтор, ушул Италияга келгени төрт байбичени бул жашоодон көздөрү өтүп кеткиче бактым. Бир байбичени алты жыл карадым. Ал да жакшы караганым үчүнбү, мени жактырып, аябай жардам берди. Кээде ашыкча тыйын-тыпыр берип койчу. Кийин өлөрдө «үйүмдү сага таштап кетем» деп айтты. Мурас кагазына бардык үй-мүлкүн, тыйын-тыпырын бир туугандарына бөлүштүрүп, мага болсо үйүн калтырарын жазып кетиптир. Бирок ал кагазда датасы туура жазылбай калганбы, айтор сот да ал акыл-эси менен жазганынан күмөн санап «жараксыз» деген чечим чыгарды. Бирок бир туугандары менин эмгегимди эске алып, батирдин толук акчасын болбосо да жакшы эле акча беришти.

Гүлжан Осмонкулова небереси менен.
Гүлжан Осмонкулова небереси менен.

Ал байбиче мени ушунчалык жакшы көрчү, Кыргызстанга кетсем кызындай күтчү. «Сен кетсең мен үчүн күн өтпөйт, баары караңгы» деп коё бергиси келбей, жалдырап карап калчу. Көчөгө чыксам да эшиктен шыкаалап күтүп турар эле, жанында болсом колумду кармап алып отурчу. Ал каза болгондо экинчи энем каза болгондой ыйлап жүрдүм. Өз апам да эрте эле өтүп кеткендиктен, мен да алты жылда ага көнө түшүптүрмүн. Эне-баладай болуп калдык эле...»

«Кыргызстанга барганда эмне кылам?»

"Баягы банктан алган насыямдан эки жылда кутулдум. Италияга келгенден бир жарым жылдан кийин мыйзамдуу иштөөгө уруксат алыш үчүн документ тапшырдым, аны дагы бир жылдан кийин алып, эки жарым жылдан кийин үйүмө бардым. Андан бери жылына бир жолу 1-2 айга барып турам. Азыр балдарым да чоңоюшту, көнүп калышты.

Жолдошум кичине баламды абдан жакшы карады. Бакчадан «үлгүлүү ата» деген грамота алчу. Башында сагынып канча ыйладым! Ал кезде чөнтөк телефон да жок. Көчөдөгү телефондон тыйын салып сүйлөшчүмүн. Кымбат да болчу. Ошентип 15 жыл өттү. Быйыл алтымышка чыктым. Андан бери эки баламды эрезеге жеткирдим, үй-жай менен камсыз кылдым. Экөөнү тең үйлөнттүм, азыр эки неберем бар.

Жолдошум - ооган согушунун ардагери. Үч жылдан бери бөйрөгү ооруп, эки күндө бир диализ алат. Кичинекей балам мектепти бүтөйүн деп турат. Аны окутушум керек. Мен барсам жыргаган пенсия деле албайм да. Күйөөмдүкү эмнеге жетет? Балдарым өздөрү үчүн бир аз жашап алышсын, «эми мени баккыла» деп аларга берген акчамды кайра талап кылмак белем?

Акыркы эки жылдан бери ушунчалык кетким келет. Бирок Кыргызстанга барганда эмне кылам? Алтымышка чыккан мен эмес, жаштар үчүн жумуш жок. Андан көрө бул жакта күүлүү-күчтүү кезимде иштеп турайын. Кыргыздын аялдары кыйын, мендей болгон канча кыз-келин ушул жерде иштеп жүрөт. Ушулардын баары тең тилегине жетип, бактылуу болушса экен деп каалайм".

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG