Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:40

Өлкө боюнча 1,2 миллиондон ашык киши эмделди

"Азаттык" радиосу коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү маалыматтарды тынымсыз жарыялап келет.

2021-жыл, шейшемби, 21-сентябрга карата маалымат:

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 21-сентябрдагы маалыматына караганда, бир суткада өлкө боюнча вирустан эки киши каза болду.

Жалпысынан коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2592 адам.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан расмий табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 177 869 адамга жетти.

Бир күндө 108 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда. Жалпы айыккандардын саны 172 369 киши.

Бул сандар улам жаңыланып турат. Дүйнөдөгү кырдаалды бул шилтемеден билсеңиз болот.

09:18 19.6.2020

Коронавирус пандемиясы тууралуу дүйнөлүк статистика. Бишкек убактысы боюнча таңы саат 6:45теги маалымат

Дүйнөдө короновирус жугузуп алгандардын жалпы саны: 8 532 000 (+178 000, өткөн суткага караганда 20% көп).

  • Өлгөндөрдүн саны: 454 000 (+5000, өткөн суткага караганда 5% аз)
  • Айыкты: 4 496 000 (+123 000, өткөн суткага караганда 30% көп )

Активдүү учурлар– 3 582 000. Пандемия маалынан бери бул сан төртүнчү жолу азайды. Алардын 3 528 000 – орто абалда, 54 592 (2%) – оор жана өтө оор абалдагылар.

19:18 18.6.2020

Казакстанды мурдагы президенти Нурсултан Назарбаевден коронавирус табылды. Бул тууралуу анын расмий сайты кабарлады.

"Назарбаев учурда өзүн чектеп отурат. Камтама болууга негиз жок. Ал дагы деле аралыктан иштөөсүн улантып жатат", - деп жазды сайт.

Мурдагы президенттин канцеляриясы мына ушундай маалымат таратты. Ал арада Казакстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 15 миң 877 адамга жеткенин жарыялады. Анын ичинен 97 адам каза болгон.

Кырдаалга байланыштуу казак бийлиги келерки дем алыш күндөрү бир катар чектөөлөрдү киргизе турганын жарыялады. Ага ылайык, Нур-Султан, Алматы, Караганда, Чымкент шаарларында соода борборлорунун, үстү жабылган базарлардын, фитнес борборлордун иши токтой турганы эскертилди. Ачык жерде тамактануучу жайлардын иштөөсүнө гана уруксат. Коомдук транспорттун каттамы чектелип, 65 жаштан жогору курактагылардын көчөгө чыгышына тыюу салынды.

17:50 18.6.2020

Борбор Азияда коронавирус жуккандар көбөйдү

БУУнун Тажикстандагы кеңсеси өлкөдө 1700дөн ашуун медицина кызматкери коронавируска кабылганын 10-июндагы отчетунда жарыялады.

Уюм маалыматты Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлигинен алганын билдирген. Отчетто илдет 619 дарыгерге, 548 медайымга жукканы жазылган.

Бир аз күн мурда Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамалидин Абдуллазада илдетке чалдыккандар азая баштаганын айткан эле.

"Тажикстан май айынын ортосунда коронавирус илдетинин эң жогорку көрсөткүчүн басып өттү. Андан бери илдетке кабылгандар акырындап азайып баратат", - деген ал.

Расмий маалымат боюнча өлкөдө илдетке чалдыккандардын жалпы саны 5 миң 221ге жетти. 51 адам каза тапты. Бирок тажикстандыктар каза болгондордун саны мындан бир нече эсе көп деп эсептешет.

Түркмөнстанда коронавирус илдети күн өткөн сайын күчөп бараткандай. "Азаттыктын" түркмөн кызматынын жергиликтүү кабарчыларынын маалыматына караганда Ашхабаддагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө катуу карантин өкүм сүрүүдө. Медицина кызматкерлери ооруканадан чыгарылбай, ооруканага сырттан эч ким киргизилбей да жатат.

"Ашхабаддагы жугуштуу оорулар бөлүмүнө 245 адам өпкө оорусунун курч түрү менен түшкөн. Эки адам каза тапты, беш адам жандандыруу бөлүмүндө кармалууда. Дарыгерлерди, медайымдарды жана санитарларды сыртка чыгарбай жатышат".

Кабарчынын маалыматына караганда Түркмөнстандын ооруканалары учурда болуп көрбөгөндөй оор шартта иштеп жатат.

Өпкөсү сезгенип келгендердин саны кескин өсүп, "Тез жардам" кызматы чакырууларга жетишпей калды. Ага карабай түркмөн бийлиги "өлкөдө коронавирус жок" деген позицияны бекем карманып отурат. Ошол эле учурда карантиндик чектөөлөрдү кайрадан күчөтүп, көчөлөрдү, коомдук жайларды дезинфекциялоо иштерин жандандырды.

Өзбекстандын өкмөтүндөгү департаменттердин биринин жетекчиси коронавирус жуктуруп алганы үчүн министрлер кабинетинин имараты толугу менен карантинге алынды. Бул тууралуу жергиликтүү "Дарье" басылмасы өкмөттөгү өз булактарына таянып билдирди. Бирок өкмөттө ким вирусту жугузуп алганы, карантин канчага чейин созулары так белгиленген жок.

Президент Шавкат Мирзиёев 16-июндагы видеоселектордук жыйында акыркы эки жуманын ичинде Ташкентте 482 киши вирус жуктуруп алганын, алардын 57си кайдан жуктурганы белгисиз болуп жатканын билдирген.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык абал начарласа, бир катар шаарлар менен облустар кайра жабыларын эскерткен.

Көп өтпөй Ташкент шаарында коронавирустан улам кеминде эки соода борбору жана бир базар убактылуу жабылды. Карантиндик чектөөлөр 1-августка чейин узарды.

Ташкенттеги 71 район "кызыл зона" деген тизмеге киргизилгени кабарланды. Шаардык милиция башкармалыгы эми ал райондорду улуттук гвардиянын аскерлери көзөмөлдөй турганын билдирди.

"Ал райондордо 24 сааттык көзөмөл уюштурулат. "Кызыл зонага" кирген райондун тургундарына үйүнөн дүкөнгө жана дарыканага чейин гана чыкканга уруксат берилет. Ошондо да беткап тагынышы абзел".

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин 18-июндагы маалыматына ылайык, соңку бир жарым суткада 300 кишиден коронавирус табылды. Өлкөдө өпкөнү сезгенткен бул илдетке чалдыккандардын жалпы саны 5697 кишиге жетти. Оору 19 адамдын өмүрүн алды.

Ал эми Кыргызстанда COVID-19ду жуктургандардын саны күн сайын өсүп жатат. Акыркы суткада 95 жаңы учур катталды. Илдетке чалдыккандардын жалпы саны 2657 адамга жетти. Анын ичинен 31 адам каза болду.


14:18 18.6.2020

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 18-июнга карата дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен COVID-19 илдетинен өлгөндөрдүн саны 449 047 адамга жетти. Вирусту жугузуп алгандар 8 миллион 350 миңден ашты.

Илдеттен көз жумгандардын төрттөн биринен көбү Кошмо Штаттарга туура келет. Соңку күндөрү АКШнын Оклахома, Техас, Калифорния, Флорида жана Аризона штаттарында коронавирусту жугузуп алгандардын саны өскөнү байкалууда.

Өткөн аптада Кытайдын баш калаасы Бээжинде коронавирустун жаңы очогу пайда болгондон бери вирусту жугузуп алгандардын саны 158 адамга жетти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео Кытайдын башкы дипломаты Ян Цзечи менен 17-июнда жолугуп, Бээжиндин коронавирус эпидемиясына каршы баштан берки чараларын кескин сынга алганы белгилүү болду. Бээжин бул жолугушуу “конструктивдүү” маанайда өткөнүн маалымдады.

Түштүк Кореянын баш калаасы Сеулда да COVID-19га чалдыккандардын саны жогорулап, вирус дагы 59 адамдан илдет табылды.

Пандемиянын очогуна айланган Түштүк Америкадагы Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында вирус коркунучуна карабай футбол чемпионаты башталды.

Дагы жүктөңүз

XS
SM
MD
LG