Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:03

"Эгизбаевдин эл көрө элек тасмасы көрсөтүлөт"


Төлөкан Исмаилова.
Төлөкан Исмаилова.

Бишкекте адам укуктарына арналган даректүү тасмалардын фестивалы башталат.

Фестиваль “Азаттыктын” кабарчысы Санжар Эралиевдин маркум журналист Алишер Саиповдун элесине арналган "Бейажал өлүмгө он жыл" тасмасы менен ачылат. Уюштуруучу - “Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун башчысы Төлөкан Исмаилова "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: "Бир дүйнө - Кыргызстан" фестивалы бүгүн башталат. 12-жолу өтүп жаткан иш-чара жылдагыдан эмнеси менен өзгөчөлөнөт?

Төлөкан Исмаилова: Бизди кубандырганы – бул фестиваль элге сиңип калды жана элдин демилгеси менен көп ишкерлер да көңүл буруп жардам берип жатат. Адам укуктары жана өнүгүү процессине ар бирибиз салым кошушубуз керек.

Биз 2-3 жылдан бери бул фестивалга грант алуудан баш тартканбыз. Болгону техникалык жардам жана маалыматтык материалдарды чыгарганга гана анча-мынча каражат алабыз. Бул платформанын негизги уюткусу ыктыярчылык демилге болууда.

Экинчиден, бул жылы фестиваль БУУнун Адам укуктары боюнча декларациясына 70 жыл толгонуна арналып жатат. Бул маараке аркылуу биз Кыргызстан эгемендик алганга чейин жана андан кийин адам укуктары жагынан кандай өзгөрүүлөр болду, келечекке кандай кадамдар бар деген маселеге көңүл бурабыз. Президент жакында 2040-жылга чейин өнүгүүнүн улуттук программасын кабыл алды. Ошондо биз да муну таразалап, кандай иштерди чогуу жасай алабыз дегенге көңүл бурганбыз. Бир катар эл аралык эксперттер келип жаштар арасында жалпы кандай долбоорлорду алып барыш керек экенин же кайсынысы ишке ашпай калганын айтып, өз кеңештерин беришет. Мигранттардын укуктары боюнча кандай жардам бере алабыз, алар өз укуктарын жер-жерлерде коргой ала турган кандай каражат сунуш кыла алабыз деген маселе көтөрүлөт. Мындан сырткары журналисттер жана эксперттер Миң-Куштан даректүү тасма тартышты. Былтыр укук коргоочу Азиза Абдирасулова тарткан.

“Азаттык”: Мындан сырткары адам укуктары боюнча талкуу өтчү бир катар лабораториялар иштейт экен?

Төлөкан Исмаилова: Адам укуктары, көйгөйлүү маселелер боюнча талкуу өтчү тогуз лаборатория иштейт. Анын ичинде "Шаарга кандай жардам беребиз?" деген лаборатория бар. “Кереги жок нерселердин музыкасы” деген аябай сонун фильм көрсөтүлөт. Ошондо таштандыдан жасалган музыкалык аспаптар аркылуу дүйнөдө ансамбль түзүлгөн. Ошол шаарлар таштанды жок гүлдөп жатат. Биз да ошону үйрөнөлү деген маселе көтөрүлөт.

70 жылдык мааракеде жаңыча Кыргызстан, жаңы демилгелер тууралуу сөз болот. Мисалы инновациялык технология өкмөткө, жөнөкөй жарандарга кандай жардам бере ала турганы айтылат. Мындан сырткары, журналисттердин коопсуздугу жөнүндө кеп козголот. Анткени журналисттер - коомдун жүрөгү.

Мында Уланбек Эгизбаевдин тасмасы да көрсөтүлөт. “Азаттыктын” жамааты жана Уландын үй-бүлөсү келип чогуу көрөт деп күтүп жатабыз. Ал аялдын тагдыры тууралуу ушунчалык аярлык менен даректүү тасма тарткан. Он жыл өтсө да "маркум журналист Алишер Саиповду ким өлтүрдү, эмнеге ушул убакка чейин ал табылбайт" деген тема талкууланат.

“Азаттык”: Канча тасма тандалып алынды?

Төлөкан Исмаилова: Тасмаларды өкмөттүк жана жарандык коомдун, Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү болуп 15 кишиден турган көз карандысыз калыстар тобу тандады. Быйылкы фестиваль өзүнчө эгемендүү деп айтсак болот. Буга чейин көп фильмдерди “Бир дүйнө” Прагадан алып келсек, быйыл өзүбүз жарыя кылдык.

“Бир дүйнө - Кыргызстан” фестиваль маанилүүбү-жокпу деп тест жасап, диагностика кылдык. 20дан ашуун өлкөдөн 56 фильм келген, ошонун ичинен 25 даректүү тасма кабыл алынды. Жеңүүчүлөрдү 16-ноябрда аныктайбыз.

Уланбек, сен дайыма биздин жүрөгүбүздөсүң
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:16 0:00

“Азаттык”: Негизги, жүрөктү өйүгөн тасма кайсы болду, ал эмне жөнүндө?

Төлөкан Исмаилова: Мен азыр айтсам тандоого таасир эткендей болуп калам. Аны көрүүчүлөр тандайт, атайын ыктыярчылар иштейт. Калыстар тобу чечим чыгарат. Бардык фильм сонун, адам укуктарын чагылдырган жана башкача жакшы коомго үндөгөн тасмалар.

“Азаттык”: Кесиптешибиз, чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин буга чейин чыкпаган тасмасын да көрсөтөт экенсиздер...

Төлөкан Исмаилова: Балким бул тасманы жоро-жолдоштору көргөндүр. Бирок бул тасма Кыргызстандагы аялдардын чыныгы тагдырын чагылдырат. Анда татынакай кыз дарыгерлердин кесепетинен көзү көрбөй калган. Ошентсе да таланттуу кыз иш издеп, бирөөгө эч догурунбай, достору аркылуу жумушка да кириптир. Ал азыр банкта иштейт экен. Ал каарман да фестивалга келет.

Уланбек Эгизбаев – “Бир дүйнө - Кыргызстан” үчүн ыйык, күчтүү жана элибиздин накта уюткусу. Жаш болсо да ушундай тагдырды арнап кетти. Бул биз үчүн чоң сабак болушу керек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG