Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

Египетте эл кайра козголду


Тахрир аянты, 8-февраль, 2011-жыл
Тахрир аянты, 8-февраль, 2011-жыл

Египетте президентке каршы нааразылык акциялар 8-февралда кайра уланып, борбор Каирдин Тахрир аянтына миңдеген демонстранттар кайтып келди. Бийлик өлкөдө эми конституциялык реформа жүргүзүлөрүн, оппозиция лидерлери болсо өкмөт барган айрым чегинүүлөр жетишсиз экендигин айтып жатышат.

Каирдин Тахрир аянтына 8-февралда миңдеген демонстранттардын кайтып келиши менен Египеттеги нааразылык акциялар үчүнчү аптага аяк басты. Мунун алдында дүйшөмбү күнү (7-февралда) өкмөт мамлекеттик тармакта иштегендердин айлык акысы менен пенсияларды 15 пайызга көбөйтүүнү убада кылган эле. ”Биздин кеткибиз келбейт, биз режим куламайынча тынчыбайбыз”,-деп кыйкырып жатышты Тахрирдеги демонстранттар.

8-февралда кайра жандаган нааразылык акциясы Каирде жана Египеттин башка шаарларындагы демонстранттардын Хосни Мубарактын режимине кысым көрсөтүү жөндөмү канчалык экенин көргөзгөн окуя болду окшойт. Алар эми 11-февралда дагы бир ири демонстрация өткөрүүгө чакырык ташташты. Мунун алдында Каирден борбор калаанын тургундары кадимки жашоого кайтып, дүкөндөр ачылып, акыркы эки аптадан бери тосмолор коюлган жолдордон коомдук унаалар каттай баштаганы жөнүндө кабарлар түшкөн.

Тахрир аянты, 8-февраль, 2011-жыл
Элдин нааразылыгынан кийин Египет бийлиги эми өлкөдө конституциялык реформа жүргүзүлөрүн билдирип жатат. Вице-президент Омар Сулеймандын сөзүнө караганда, президент Мубарак конституциялык реформага көзөмөл салуучу комиссия түзүү жөнүндө буйрук чыгарды. Сунуштар саясатчылар жана юристтерден турган комитет тарабынан келерки айдын биринчи аптасына чейин даярдалуусу керек.

Буга чейин Египет оппозициясы менен өкмөтүнүн ортосунда сүйлөшүүлөрдүн алгачкы айлампасы болгон. Бирок оппозиция анда бийлик менен орток пикир табылбагандыгын айтып чыккан болчу.

Египеттин оппозициядагы эң ири, бирок катталбаган уюму – “Мусулман агайиндер” эмки сүйлөшүүлөрдү демонстранттардын президенттин кызматтан дароо чегиниши, Конституцияга өзгөртүү киргизүү, басма сөз эркиндигин камсыздоо жана өзгөчө абалды алып салуу өңдүү талаптары орундалса гана улантарын билдирген.

Вице-президент Омар Сулеймандын ырастоосунда тараптар саясий айыпкерлер, маалымат каражаттарына коюлган чектөөлөрдү жоюу маселелери үстүнөн иштөөчү атайын кеңсе ачууну макулдашкан.

Тахрир аянты, 8-февраль, 2011-жыл
Бирок демонстранттардын президент Хосни Мубарактын кызматтан дароо чегинүүсү керек деген талабына бийлик тараптан кесе жооп берилүүдө. Мубарак өзү президенттиктен азыркы кызмат мөөнөтү аяктаганда, сентябрда гана кетерин, вице-президент Омар Сулейман болсо анын ыйгарым укуктарын өзүнө албасын айтып жатат.

Бул аралыкта демонстрациялар башталганда камалгандардын айрымдары бошотулуп жаткандай. 7-февралда он эки күнгө созулган абактан соң америкалык Google интернет компаниясынын Жакынкы Чыгыш жана Түндүк Африка боюнча маркетинг менеджери, египеттиктер арасында абдан таанымал боло түшкөн Ваэл Гоним бошотулду.

Ал абактан чыккан соң кабарчылар менен маегинде Египетте нааразылык акцияларынын тутанышына жардам берген Facebook сайтындагы үндөөлөрдүн артында турганын моюнга алды:

- Биз өлкөбүздү өзгөрткүбүз келет. Силерден суранам, мени баатырга айлатпагыла. Мен баатыр эмесмин, катардагы эле адаммын. Баатырлар көчөдө тургандар. Мен он эки күн тынч жаттым. Мен баарыңардан суранам, биз өлкөбүздү өзгөртмөйүнчө кетпейбиз. Биз өз укугубузга ээ болобуз.

Египеттин ондогон жылдардын берки стратегиялык өнөктөшү, кризиске башынан эле этият мамиле кылып жаткан АКШ тараптардын баарын Египеттеги жаңы саясий түзүлүшкө тартип менен өтүү үчүн убакыт берүүгө чакырды. Азыр Барак Обаманын администрациясы вице-президент Сулейман баштаган реформаларды этият кубаттаган турумду карманууда.

Ал эми коңшу Израилдин премьер- министри Бинямин Нетаняху парламентте сүйлөп, Египеттеги кризистин үч ыктымал жыйынтыгы бардыгын белгиледи. Нетаняхунун көз-карашында бул либералдык-демократиялык реформалардын жүрүшү, бийликке исламчылар келиши же Египет Ирандын мисалын кайталоосу мүмкүн.

Израил өкмөт башчысы Ирандын мисалы дегенде бул өлкөнүн бийликтери 2009-жылдын июлунда талаштуу президенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп көчөгө чыккандарды күч менен тараткан учурду эске алды.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG