Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:39

"Эл үмүтүнө" тандалгандар жана өтпөй калгандардын ызасы


Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек.
Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек.

Кыргызстанда чет элдик мыкты окуу жайлары кабыл алган студенттерди каржылаган "Эл үмүтү" стипендиясын алгандар аныкталды. Дүйнөнүн алдыңкы деген университеттерине өткөн 13 адамдын окуу акысынын бир бөлүгүн өкмөт каржылайт. Бирок бул программага кирбей калган айрым талапкерлер нааразы болушууда. Өкмөт бардык талаптарды эске алуу менен каржылоого уруксат бергенин билдирүүдө.

2022-жылдын май айында президент Садыр Жапаров "Эл үмүтү" деп аталган эл аралык стипендиялар программасы ишке киргенин жарыялаган эле. Анда дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин бирине магистратура же докторантурага өткөн кыргызстандыктар үчүн атайын стипендиялар каралган.

Кыргыз өкмөтү каржылап бере турчу стипендия 50 миң доллардан ашпай турганы да айтылган. Былтыр аны сегиз адам алган. Алардын төртөө быйыл окууну аяктоодо, калганы окуусун уланткандыктан, мамлекет аларды каржылоосун токтотпойт.

Экинчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

  • Кадырова Айдай Кадыровна – Колумбия университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Шаршенова Албина Уранбековна – Колумбия университети, өнүктүрүү практикасы боюнча ишкердик башкаруу жаатында магистрдик программа;
  • Исаева Элвира Жумакалыевна – Копенгаген университети (Дания), “Коомдук саламаттыкты сактоо” жаатында PhD;
  • Эдилбаев Алмаз Айдарбекович – Техас университети, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа.


Билим берүү жана илим министрлиги 3-августта "Эл үмүтү" стипендиясына быйыл 13 киши тандап алынганын жарыяланды.

Алардын катарында азыркы тапта Бириккен Улуттар Уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүндө иштеген Нуршат Абабакиров да бар. "Эл үмүтү" стипендиясына татыктуу болгон талапкердин бири президенттин фондунан бериле турчу 50 миң доллар анын Нью-Йорк шаарындагы Колумбия университетинде ала турган билимине төлөнүүчү чыгымдарга жетет деп турат.

Нуршат тапшырган Колумбия университети дүйнөнүн алдыңкы окуу жайларынын сап башында турат.

"Жылына, мисалы, бул окуу жайга 60 миң киши тапшырып, анын жыйынтыгын чыдамсыздык менен күтсө, "өттүң" деген сүйүнүчтүү кабар алардын 6% гана келет, бул деген 3 миңи гана ушул университетте билим ала алат дегенден кабар берет. Өткөндөрдүн катарында болуп калганым мага чоң дем берди. Анын үстүнө "Эл үмүтү" программасынын жеңүүчүсү болгонум мени кубантпай койгон жок. Себеби азыр Нью-Йоркто жашап, окуу кымбатка турат. Чет жердеги окууңа төлөгөн каражат 70-80 миң доллар болсо, ага кошумча күнүмдүк турмушуң үчүн жылына 20-30 миң доллар сарпталышы керек".

Жакынкы күндөрү үй-бүлөсү менен Нью-Йоркко кетем деп, документтерин тууралап жаткан Нуршат өңдүү стипендияга татыктуу болгондордун арасында дагы 12 киши бар.

Комиссия жактырган талапкерлердин бешөө Америкадагы Колумбия, Дьюк, Пенсильвания, Гарвард университеттерин, Англиядагы Сассекс жана Шотландиядагы Эдинбург мамлекеттик университеттерин, Сеул Улуттук университетин, Сингапурдагы Француз бизнес мектебин тандап, ийгиликтүү өткөн.

Британиядагы Сассекс университетинин магистратурасына өткөн Сапаргүл Абдинабиева “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” багытында билим алганы жатат. Бир жыл магистратурада окуу үчүн Сапаргүлдүн 25 миң долларлык чыгымын өкмөт каржылап бере турган болду.

Сапаргүл Абдинабиева
Сапаргүл Абдинабиева

"Былтыр август айында даярдана баштагам. Декабрда болсо дүйнөлүк университеттерге өтүү үчүн англис тили боюнча эл аралык академиялык тест тапшырдым. Анын жыйынтыгы менен университетке тапшырып, ички экзаменинен өттүм. Май айында "сиз өттүңүз" деген жоопту алгам. Мамлекет берип аткан стипендиянын эң биринчи эле артыкчылыгы - карапайым, бирок билимдүү жаштарга дүйнөлүк окуу жайларда окууга шарт түзүп берүү экен. Бул жаштарга чоң стимул: көбү мыкты билим алуу үчүн аракетин көрүп, ийгиликке жетүүгө дилгир болот. Окуу жайды бүткөндөн кийин чет өлкөдө туруп деле өз мекени үчүн иштеген, салымын кошкон жарандар бар. Мен сөзсүз кайтып келип, Кыргызстанда эмгектенем деген ойдомун".

“Эл үмүтү” стипендиясын алуу үчүн негизги критерий — QS World University Rankings жана The Times Higher Education World University Rankings рейтингдери боюнча дүйнө жүзүндөгү алдыңкы 100 университетке өтүү керек. Финалга тандап алынган студенттер тандаган университеттер топ-100гө кириши зарыл.

Биринчи окуу жылына талапкерлердин тизмеси:

  • Абабакиров Нуршат Абдисаламович – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомдук иштер мектебинин (SIPA) өнүктүрүү практикасында мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Абдинабиева Сапаргүл Абдинабиевна – Сассекс университети, “Айлана-чөйрө, өнүгүү жана саясат” программасында гуманитардык илимдер боюнча магистратура;
  • Асаналиева Адель Бакытовна – Батыш Австралия университети, биомедициналык илимдер боюнча магистратура;
  • Асанова Салия Белековна – Берклидеги Калифорния университети, “Маалыматтык менежмент жана системалар” программасы боюнча магистратура;
  • Ашырмаматов Исламбек – Сеул улуттук университети, фармацевтика илимдери адистиги боюнча PhD.
  • Жакыпбекова Бермет – Лондон экономика жана саясат таануу мектеби, социалдык инновация жана ишкердик боюнча магистратура;
  • Ибраимов Чыңгыз Анарбекович – Инсеад, Сингапур, бизнести башкаруу боюнча магистрдик программа;
  • Камчыбекова Мээрим Камчыбековна – Гарвард жогорку билим берүү мектеби/Гарвард университети, дизайн, инновация жана технология боюнча магистратура;
  • Кылычбеков Салижан Кылычбекович – Висконсин-Мэдисон университети, АКШ, физика жана кванттык эсептөө боюнча магистратура;
  • Осмонова Алина Арслановна – Колумбия университети, АКШ, Эл аралык жана коомчулук менен байланыштар мектебинде мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура;
  • Сташевская Валерия Алексеевна – Эдинбург университети, “Бизнес-аналитика” багыты боюнча магистратура;
  • Тураткан кызы Жанылай – Дьюк университети, “Дисциплиналар аралык маалымат илимдери” боюнча магистратура;
  • Якубжанова Хилола Оманжановна – Корнелл университети, мамлекеттик башкаруу боюнча магистратура.


"Эл үмүтү" стипендиясына ээ болгондордун тизмесине кирбей калган талапкер Сүйүмкан Уланбек кызы нааразылык билдирип чыкты.

25 жаштагы Сүйүмкан Колумбия университетинин Жогорку журналистика мектебинде окууга чакыруу алган. Университеттин администрациясы өз катында анын окууга чыгымдала турган 120 миң долларынын 100 миңин каржылап берип, калган 20 миң долларын өзү табышы керектигин билдирген.

"Эл үмүтү" стипендиясына тапшырып, мамлекеттин көмөгү менен 15-августта АКШга кетем деп турган. Бирок аз күн мурда ага терс жооп келип, стипендиаттардын WhatsApp тайпасынан министрлик аны түшүндүрмөсүз өчүрүп салганын айтып, эми кандай кыларын билбей турат. Ал буга байланыштуу президент Жапаровго да кайрылуу жасаган.

Сүйүмкан Уланбек кызы
Сүйүмкан Уланбек кызы

"30-июнга чейин "Эл үмүтү" стипендиясына тапшыруу керек эле, мен бардык талаптарын аткарып, топтогон документтеримди бердим. Билим берүү жана илим министрлигинин Мээрим аттуу кызматкери 18 киши биринчи турдан өткөндөн кийин WhatsApp аркылуу тайпа ачкан. Анда кошумча талап кылынган документтер тууралуу суроолор жазылган. Кийин, июль айынын этегинде комиссиянын чечими чыгат деп жатты жана анын жыйынтыгы тайпага жазыларын билдирген. Мамлекеттик деңгээлдеги стипендия болгондон кийин анда ким өттү, ким өтпөй калды, ага эмне себеп болгонун жазышы керек деп күтүп тургам. Бирок андан көп узабай эле "стипендия албай калгандарды тайпадан өчүрөм" деп туруп, эч түшүнүк бербестен бизди чыгарып салды. Биз министрликке кайрылсак, жарлыкка өзгөртүүлөр киргизилгенин айтып, толук кандуу жооп беришкен жок. Эдил Байсалов "силердин окуу кымбат экен, төлөбөйбүз" деген таризде жооп айтыптыр. Бирок мага болгону 20 миң доллар керек болчу, анын үстүнө мен тапшырган университет 100 мыкты университеттин бири. Комиссия кимибизге канча каражат керек экенин толук карап чыкпаганы өкүндүрөт. Августтун 15де окуум башталат, эми мындан аркысы кандай болот деп турам. Маселен, виза жасатып, окууга деген каражатты төлөп, камынышым керек эле. Мен ыңгайсыз абалда калдым".

Дата журналистикада билимин тереңдетем деген кыялын багып, даярдык көргөн Сүйүмкан мамлекеттин стипендиясына үмүт артканын кошумчалады.

Президенттин 2023-жылдын 21-июнундагы жарлыгына ылайык, “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу тартиби жөнүндө жобого өзгөртүүлөр киргизилип, ал расмий жарыялангандан 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирген.

Стипендия ала албай калган Сүйүмкандын бул тууралуу жазган Фейсбуктагы билдирүүсүнөн кийин Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары жооп берген.

Эдил Байсалов анда стипендия "биринчи кезекте экономика тармагында суроо-талапты жараткан жогорку технологиялык жана илимий адистиктер үчүн" берилгенин айткан.

Былтыр бул программага сегиз талапкер тандалып алынып, жалпысынан 30 миллион сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Быйыл канча каражат бөлүнгөнү айтыла элек.

Чет өлкөдөгү алыңкы окуу жайларга тапшырууга көмөк көрсөткөн компаниялар Бишкекте аз эмес.

Алардын бирин 2019-жылдан бери жетектеп, Казакстан жана Өзбекстанда да филиалдарын иштеткен Аскат Кубанычбеков "Эл үмүтү" стипендиясынын багытын өзгөртүү керек деп эсептейт.

Аскат Кубанычбеков
Аскат Кубанычбеков

"Гарвард же Колумбия университеттерине өткөндөрдүн тизмесин карап чыксам, алардын көбү жаңы ачылган же чет өлкөлүктөргө басым жасаган факультеттерге өтүптүр. Менин жеке пикиримде, буларга тапшыруу кыйынга деле турбайт. Кыргызстандын эгемен тарыхында Гарварддын бакалаврына тапшырып, билим алган жараныбыз боло элек. Мамлекет мына ушул жаатта көбүрөөк иш алып барып, мыктылардын окуусун колдосо жакшы болмок. Ал эми магистратурага окугандар барган жеринде иштеп, акча да таба алат, аларды түрдүү эл аралык гранттар аркылуу, университеттин өзү аркылуу да колдоп кетиш жеңил жана бат. Себеби алардын окуусуна төлөнө турган каражат ашыкча болбойт. Эң кымбат окуу жайлар АКШда, анда контракт 150 миң долларды чапчыйт. Ошондуктан биздин мамлекет берип аткан 50 миң доллар аздык кылат".

"Азаттыктын" архиви: 3-март, 2023-жыл


Коңшу Казакстандын өкмөтү 1993-жылы негиздеген эл аралык "Болашак" билим берүү программасы ушу күнгө чейин ийгиликтүү иштеп келатат. Программанын максаты - өлкөнүн экономикасынын артыкчылыктуу тармактары үчүн кадрларды жана адистерди даярдоо. Программа жогорку окуу жайларынан илимий даража алууну, ошондой эле дүйнөнүн алдыңкы компанияларында, университеттеринде илимий жана өндүрүштүк стажировкаларды камтыйт. Казак бийлигинин изилдөөлөрүнө ылайык, бүтүрүүчүлөрдүн 74% Казакстандын мамлекеттик мекемелеринде иштөөгө кызыкдар экенин билдирген. Бирок стипендия алган 200 киши кайра мекенине кайтып келүүдөн баш тарткан.

Коңшу Өзбекстанда да ушул өңдүү программа аркылуу бакалавр, магистратурага өткөндөрдүн чыгымдарын өкмөт каржылап берет. Бул өлкөдө жылына 200 миңге чукул бүтүрүүчү жалпы республикалык тест тапшырып, анын теңи гана өлкөдөгү жогорку окуу жайларда билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындан улам абитуриенттердин көбү чет жерде окуп, билим алууга ынтызар болушат.

Президент Садыр Жапаров былтыр май айында "Эл үмүтү" деп аталган эл аралык стипендияны түзүү жарлыгына кол койгон.

Стипендия дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине өткөн 50 магистрант, докторантка берилет. Бул акчанын көлөмү тандап алынган университетке жараша аныкталып, жылына 50 миң доллардан ашпоого тийиш экени айтылган.

Кыргызстандык студенттердин чет өлкөлөрдө окуусун колдоо боюнча мурда "XXI кылымдын кадрлары" деген улуттук программа иштеген. Ага ылайык, окуу акысын мамлекет төлөп берген студенттер университетти бүтүргөндөн кийин Кыргызстанга кайтып келип, мамлекеттик мекемелерде иштеши керек болчу. Кийинчерээк программаны каржылоо жана уюштуруу иштери аксап, өз максатына жетпей калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG