Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:59

“Айрым мектептерде 83% бүтүрүүчү босого баллга жетпейт”. ЖРТга талап күчөйт


Жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшырып жаткан окуучулар.
Жалпы республикалык тест (ЖРТ) тапшырып жаткан окуучулар.

Быйыл Кыргызстандын мектептерин 70 миңге чукул окуучу аяктап жатат. Алардын үчтөн бир бөлүгү Жалпы республикалык тестирлөөгө катышуудан баш тарткан. Парламент депутаттары соңку жылдарда мектептердеги билим берүүнүн сапаты төмөндөп кеткенин мугалимдерге байланыштырып маселе көтөрдү. Депутаттардын айрымдары ЖРТны жоюу же босого баллын төмөндөтүү керектигин айтууда.

Ал арада билим берүү министри Каныбек Иманалиев тескерисинче, ЖРТны күчтөндүрүү аракети башталганын билдирди.

"Билимдин төмөндөп кеткени пандемияга байланыштуу"

Кыргызстандагы 2200дөн ашык мектепти быйыл 68 миң бүтүрүүчү аяктап жатат. Дагы 118 миң улан-кыз 9-классты бүткөндүгү тууралуу аттестатын колго алууда. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматында, быйыл 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн 48 миңи жалпы республикалык тестирлөөгө катыша турганын билдирип, каттоодон өткөн.

Быйылкы тестирлөө 19-майдан 26-майга чейин уланат, экинчи этабы июнь айынын 15инен кийин пландалган. Бул тууралуу аталган министрликтин мектеп саясаты жана китеп басып чыгаруу башкармалыгынын башкы адиси Гүлшан Абдылдаева билдирди.

Абдылдаева соңку жылдары билим сапаты төмөндөп кеткенин моюнга алып, ага пандемияга байланыштуу онлайн билим берүүнүн таасири болгонун жүйө келтирди.

"Жалпы республика боюнча окуучулардын билими төмөндөп кеткени пандемияга байланыштуу болгон. Балдар онлайн билим алууга мажбур болуп, мектеп программаларынан жетишпей калгандары да болгон. Муну миинстрлик жүргүзгөн атайын анализдер да тастыктады. Бирок азыр абал кайра турукташып баратканын белгилейбиз. Быйыл тестирлөөгө катышкан улан-кыздар жакшы упай топтой алат деген ишеним бар. ЖРТнын дагы бир этабы июнь айында болот, анда да балдар катышат".

"Бул бүт окуучу "2" деген баага окуйт дегендик"

Былтыр мектепти аяктаган 58 миң окуучунун 69% ЖРТга катышып, алардын 57% босого баллга жетпей, кулап калган. Бул тууралуу 28-февралда билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевди жамаатка тааныштырып жатып өкмөт башчы Акылбек Жапаров билдирген.

Барган сайын жалпы республикалык тестирлөөгө катышкан бүтүрүүчүлөрдүн саны азайып баратканы же алардын тийиштүү упай топтой албай жатканы тууралуу маселени Жогорку Кеңештин депутаттары 24-майда парламентте да көтөрдү.

Депутат Шайлообек Атазов министр Иманалиевге кайрылып, аймактардан аны жоюу талабын айткандар болуп атканын кошумчалады.

"ЖРТ Орусия, Казакстан жана Өзбекстанда жок. Азыр мага райондордон кайрылып, ЖРТны жоюу сунушу менен келгендер көп. Алардын айтымында, көптөгөн таланттуу балдар билимин көрсөтө албай калууда. Бул жаштардын шагын сындыра турган программа эмеспи? Ата-энелерден да нааразычылыктар көп".


Ал эми депутат Нурбек Сыдыгалиев ЖРТнын босого баллын азайтуу керектигин айтып, өтпөй калган көп улан-кыздар миграцияга кетүүгө аргасыз экенин белгиледи. Ал ошондой эле мугалимдердин билим деңгээли тууралуу кеп козгоду.

Депутаттардын бул суроолоруна министрликти үч айдан бери башкарып келаткан Иманалиев жооп берди. Ал педагогдордун кесипкөйлүгүн жогорулатуу үчүн окутуу башталганын белгиледи. Андан сырткары, сентябрь айынан тарта аттестация өтөрүн кошумчалады. Иманалиев ошондой эле биринчи категориядагы мугалимдерге кошумча айлык төлөнөрүн белгиледи.

"Сиздер айтып жаткан өлкөлөрдө ЖРТ жок, бирок бирдиктүү мамлекеттик экзамен бар. Жалпы республикалык тестирлөө боюнча мага депутаттар сын пикирин айткан. Мен бул тармакты иликтеп чыгып, ЖРТ керек деген бүтүмгө келдим. Маселен, ЖРТ жогорку окуу жайларга өтүүдөгү пара алуу, коррупцияны жоет. Биз максаттарын өзгөртүп, бирок тестирлөөнү калтырабыз. Билимдин баркын көтөрүү үчүн босого баллды эми дагы көтөрөбүз. Кээ бир райондордо окуучулардын 83% 110 баллды тапшыра албай жатат. Айрым жерлерде болсо бул көрсөткүч 87% болуп калууда. Бул бүт окуучу "2" деген баага окуйт дегенди түшүндүрөт. 11-классты бүткөн окуучу кыргыз тилин "Б2" дэңгээлинде билиши керек эле. Тилекке каршы, азыр жогорку окуу жайына келгенде "А2" деңгээлине да жетпей жатат. Ошондуктан окуучуларга жеңилдик берүүдөн алыспыз. Биз окуучулардын баарын ЖОЖго тапшыр дей албайбыз, бирок алар мектеп программасын жакшы өздөштүрүшү зарыл".

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга тапшыруу үчүн жалпы республикалык тестирлөө негизги талап. Ал эми медициналык жана фармацевтикалык адистиктерге тапшырууну каалаган абитуриенттер үчүн предметтик тесттер милдеттүү болуп саналат.

"Окуучу мугалимдин күзгүсү"

Быйыл Кыргызстандын мектептерин 70 миңге чукул окуучу аяктап жатат.
Быйыл Кыргызстандын мектептерин 70 миңге чукул окуучу аяктап жатат.

Билим берүү маселелери боюнча эксперт Бакыт Абдуллаев бүтүрүүчүлөрдүн ЖРТда жакшы балл албай, атүгүл босого упай топтого күчү жетпей калышына мугалимдердин таасири чоң экенин белгиледи.

"Мугалимдин өзүнүн билим деңгээли төмөн. Алардын квалификациясы жетишпейт. Мындан улам билим алууга кызыкпаган балдардын саны жыл санап өсүүдө. Демек, балдар билим алуудан келечек көрбөй жатат. Бизде улам келген министрден реформаны талап кылат. Бирок бул туура эмес, негизги реформаны дал ушул мугалимдер жасайт. Алар окууга дилгирликти жарата албай жатканы ачык көрүнүп турат. Педагогикалык окуу жайларда кандай мугалимдер даярдалып атканын биз билебиз, анын жыйынтыгын азыр көрүп атабыз. Лидер жаштар бул кесипке ээ болгусу келбей, билими ортодон төмөн деңгээлдеги абитуриенттер тапшырып атышы экинчи себеп. Ошол себептен улам "мен мугалим болом" дегендерди жакшы стипендия менен камсыздап, айлыгын көтөрүп, жакшы шарттарды түзүү керек болуп турат. Мугалимдерди даярдаган окуу методикасы илгертеден бери өзгөрбөй келатат, заманбап жаңылыктар киргизилген эмес. Эгер балдардын билими жакшы болсо алар тестирлөөгө катыша бермек".


Бюджеттен каржыланган жалпы билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлык акысы 2022-жылдын 1-апрелинен тартып 50-80% чейин көбөйтүлгөн. Анын ичинде педагогдуку 80%, административдик башкаруу кызматкерлериники 50%, техникалык жана кенже кызматкерлердин айлык акысы 80% көбөйгөн.

Өткөн жылы кыргыз өкмөтү мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көбөйтүү максатында бюджеттен 26 млрд. сом кошумча бөлгөн. Анын 16 млрд. сому билим берүү тармагына кеткен.

Билим берүү - Кыргызстандагы көйгөйүү тармактардын бири. 2019-жылы Башкы прокуратура Кыргызстанда эң коррупциялашкан мамлекеттик органдардын катарында атаган.

Өлкөдөгү орто мектептерде билим берүүдөн тартып, имараттарына чейин маселе көп. 2006-2009-жылдардагы Окуучуларды эл аралык баалоо программасынын (PISA), ошондой эле 2007-2009-2014 жана 2017-жылдардагы Билим берүүдөгү прогресстин улуттук баалоосунун (NAEP) жыйынтыктары көрсөткөндөй, Кыргызстанда окуучулардын 50 пайыздан көбүнүн окуу, математика жана табигый илимдер боюнча жетишүүсү базалык деңгээлге жете алган эмес.

Экономист Элдар Абакиров азыркы тапта өлкөнүн билим берүү тармагы 20-30 жылдан бери калыптанып калган системадан баш тарта албай, андан улам жаш муун жабыр тартып жатканына токтолду.

"Мугалимдердин айлыгын көтөрдү. Азыр бул кесипти тандаган, адистикке окугусу келгендердин саны кыйла көбөйүп калганы байкалат. Айылдарда бул кесип азыр престиждүү кесип. Бирок ага карабай "окуучу мугалимдин" жүзү болорун көрүп атабыз. ЖРТнын жыйынтыгы менен "сыртта калып жаткан" балдар көп болуп жатат. Ошондуктан мугалимдерди аттестациялоо аздык кылат. Биз жыйынтыкты жакшы бербеген педагогдорду иштен четтетип, даярдыгы күчтүүлөрдү ишке тартышыбыз керек. Эң башкысы - эл аралык тажрыйбаларды колдонсок жакшы болмок. Биз мисалы, бир жылдан бери жүргүзгөн изилдөөлөрүбүздүн жыйынтыгын министрликке айтып, сунуштарды бергенбиз. Тилекке каршы, анын бири да аткарыла элек. Мында калыптанып калган системадан баш тартууга ошол эле коррупция тоскоол болуп атканын билебиз. Азыр балдардын билим деңгээли өкүнүчтүү болуп калды. Ошол себептен улам уул-кыздарын жеке мектепке берүүгө аракет кылгандардын саны арбыды. Ал эми беш жылда бир мектеп директорлорун алмаштыруу, аларды тестирлөө жыйынтык бербейт".


Билим берүү министрлиги коронавирус пандемиясы маалында өлкө боюнча билим деңгээли түшүп кетти дегени менен адистер мындай көрүнүш 2012-2013-жылдары эле талкууга түшө баштаганын белгилешет.

Улуттук статистика комитетинин "Көптөгөн көрсөткүчтөр боюнча кластердик изилдөөсүнүн" жыйынтыгына ылайык, Кыргызстандагы 7-14 жаштагы окуучулардын 42 пайызы окуган текстин түшүндүрүп бере албайт. Ал эми ушул эле курактагы окуучулардын 48% математикалык көндүмдөрү талапка жооп бербей турганы аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG