Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:37

"Кадр жок, жетишпей калдык". Элеттен тигүүчү издеген ишкерлер


Тигүү фабрикасы. Бишкек. Август, 2023-жыл
Тигүү фабрикасы. Бишкек. Август, 2023-жыл

Орусиядан бир катар дүйнөлүк ири бренддердин чыгып кетиши Кыргызстандагы тигүү тармагынын өсүшүнө негиз берүүдө. Тармактын кирешеси былтыр 9,5 млрд сомдон ашып, 2012-жылдагы дүркүрөп өскөн чегинен ашты.

Ошол эле учурда Кыргызстандагы чакан фабрикалар менен цехтерден ири өлчөмдөгү буюртмаларды убагында аткарып, жеткирүү мүмкүн эместигин айтышууда. Мунун негизги себеби - кадр жетишсиздиги.

"Он күндө 50 миң сом алам"

Бишкектеги The Fine деп аталган чакан фабрикада иштеген Адина Капарова көп жыл бою Орусияда мигрант болуп жүргөн. Турмуштук себептерден улам Кыргызстанга кайтып келип, учурда тигүүчү болуп иштейт.

Адина Капарова, тигүүчү
Адина Капарова, тигүүчү

"Мен Орусиянын Красноярск шаарында иштеп жүрдүм. Он беш жыл суугуна чыдадым. Ошол убакта Кыргызстанга кайтсак оокатыбыз өтпөй калчудай сезилчү. Эки жыл мурда жашоо шартка байланыштуу кайтып келдик. Бул цехке тигүүнү билбей, үйрөнчүк болуп ишке орношком. Үч айда үйрөнүп кеттим. Азыр цехтеги бат иштегендердин катарындамын. Он күн иштеп, эки күн эс алабыз. Он күн сайын айлык акыбызды берет. Менин он күндүк тапканым 40-50 миң сомго жетет. Студент кызымдын окуусунун акчасын, уулумдун мектептеги курстарын төлөйм, андан тышкары жашообузга да жетет".

Дагы бир тигүүчү Гүлүмкан дагы Орусияда иштеп келген.

Гүлүмкан айым, тигүүчү
Гүлүмкан айым, тигүүчү

"Пенсиядамын, иш оор деле эмес. Москвада мындан да оор иштерде иштегем. Тигүүчү болуп иштегениме алты жыл болду. Сезондо, буйрутма көбөйгөн учурларда 10-11 саат отуруп калбасак, негизинен 8-9 сааттык иш. Цехте бардык шарттар бар, кышында жылуу, жайында салкын. Бир маал ысык тамак берет. Он күндө 25-30 миң сом табам, мага жетет".

Тигүү тармагында негизинен 90% кыз-келиндер иштейт. Акыркы жылдары эркектердин арасында да тигүү цехтеринде иштөөнү каалагандар көбөйгөнү айтылууда. The Fine фабрикасында иштегендердин 20% эркектер экен.

Бир кезде токойчулукка окуган Жыргалбек Дыйканбаев он алты жылдан бери тигүүчү болуп иштейт. Бул аралыкта ал көп цехтерде иштеп, тажрыйба топтогонун айтып отурду.

Жыргалбек Дыйканбаев, тигүүчү
Жыргалбек Дыйканбаев, тигүүчү

"Токойчу болуп иштей албадым. Курулушта иштеп жүрдүм. Май куюучу бекеттерде иштедим. Иши оор, айлык акы аз эле. Анан балдардан "тигүүчүлөр көп акча алат" дегенди угуп, өзүм эле "тигүүчү керек" деген жарыя менен ишке киргем. Цех эмне экенин деле билчү эмес элем, эжелерге "эч нерсе билбейм" деп ачык айтып, алардан үйрөнгөм. Азыр эми акчасына, шартына, өзүмө ыңгайлуулугуна карап, цехтерди тандап иштөөгө жетишип калдым. Айрым жерлерде шарты жакшы болгону менен, акчасы аз. Кээ бир цехтерде акчасы көп, бирок шарты жок, суук же ысык болчу. Азыркы иштеген жеримде күнүнө 3-5 миң сомдон таап атам. Жигиттерди уялбай эле цехке келүүгө чакырам. Кара жумушка караганда жеңил".

Тигүүчүлөрдүн айлык акысы жогору болгону менен, алардын жетишсиздиги тигүү тармагындагы башкы көйгөйгө айланды. Өкмөт башындагы жетекчилер, президент өзү баш болуп сыртта жүргөн кыргызстандыктарды миграциядан кайтып, өлкөдөгү бош жумушчу орундарына иштөөгө үндөп келишет.

Иш көп, тигүүчү тартыш. Жеңил өнөр жайдагы абал
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:30 0:00

"80 машиненин жарымы бош турат"

Ишкер, Бишкектеги The Fine брендинин негиздөөчүсү Бурма Раеванын чакан фабрикасында 150гө чукул тигүү машинасы бар. Анын дээрлик жарымына жакыны бош. Мунун себебин ишкер айым тигүүчү жетишпегени менен түшүндүрдү.

Бурма Раева, "The Fine" брендинин негиздөөчүсү, чакан фабриканын ээси
Бурма Раева, "The Fine" брендинин негиздөөчүсү, чакан фабриканын ээси

"Жакшы, сапаттуу тиккен тигүүчүлөрүбүз 60 миң сомдон 150 миң сомго чейин айлык алат. Бирок ошол айлыкка да жумушчу таппайсың. Арга жок минтип машиналарды ороп, жаап койгонбуз. Улам келген буюртманы тигип, даярдап берип жетише албайбыз. Биздин фабрикада тигүүчүлөрдүн ишин жеңилдетүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Мисалы, биз негизинен күрмө тигебиз, оңой эмес түйшүк. Чөнтөгүн, жакасын жана башка тигилиши татаал жана убакытты талап кылган бөлүкчөлөрүн атайын Италиядан алдырган робот машиналар тигип, даярдап берет. Ошондой эле тигүүчүлөр үчүн айлык акыдан тышкары түшкү ысык тамак берилет, фабриканын бир четине атайын жабдуулары менен спорт зал ачканбыз. Чарчаганда же иштен кийин балдар-кыздар барып ден соолугун чыңдап турушат. Мына көрүп турасыздар, жайкысын кондиционер менен салкындатып бергем, кышында жылуу".

"Орусиянын бош калган соода мейкиндигин ээлеп калуу мүмкүнчүлүгү"

Кыргызстандагы тигүү тармагынын кирешеси 2022-жылы 9 млрд 648 млн сомдон ашты. Бул мурдагы жылкы кирешеге караганда 2 млрд сомдон ашуун.

Кыргызстандагы жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын төрагасы Сапарбек Асановдун "Азаттыкка" билдиргени боюнча, буга Орусиядан бир катар дүйнөлүк ири бренддер товарын чыгарып кеткени башкы себеп болгон.

Сапарбек Асанов, Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын төрагасы
Сапарбек Асанов, Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын төрагасы

"Бош калган соода мейкиндигин ээлеп калуу үчүн бизге Орусиядагы соода борборлорунан, базарлардан өтө ири өлчөмдө сапаттуу, бирок арзан кийим-кечектерге буюртмалар түшө баштады. Биздин тигүүчүлөр болушунча суроо-талапты аткарууга аракеттенип жатат. Бирок кайра эле буттан тушаган көйгөйлөр: кадр жетишсиздиги, мыкты технологдордун аздыгы, чийки затты сырттан ташыганыбыз, ойлогон ойду ишке ашырууга жолтоо болуп турат. Ушундан улам биздин тигүүчүлөр бир учурда 5-10 миң даана кийим чыгарып жетише албай жатат".

Жеңил өнөр жайчылар ассоциациясынын маалыматы боюнча, Кыргызстанда тигүү цехтери тармактын 70,6% ээлейт. Акыркы жылдары кездеме токуу жагы да акырындап ишке кирүүдө. Бүгүнкү күнү кездеме токуу жеңил өнөр жай тармагынын 26% түзөт.

Сапарбек Асанов бул жакшы көрүнүш экенин белгиледи.

Кыргызстандын тигүү тармагы 2000-жылдары башталып, алгачкы кирешеси 2 млрд сомдун айланасында деп эсептелген. 2005-жылы 4 млрд сомдон ашкан. 2012-жылы ал кездеги эң жогорку көрсөткүч - 9 млрд 592 млн сомго чыккан. Кыргызстан Орусия менен интеграциялык бир уюмга - Евразиялык экономикалык биримдикке киргенден кийин соода солгундап, киреше 5,4 млрд сомго түшүп кеткен.

"Кыргызстандын тигүү тармагында өз орду бар"

Өткөн аптада Кыргызстанда текстиль өнөр жайын өнүктүрүүчү боюнча кыргыз-корей ишкерлик форуму өттү.

Түштүк Кореядан ондон ашуун компаниянын өкүлдөрү келип, Кыргызстандагы тигүү жана текстиль тармагынын иши менен таанышты.

Түштү Кореядагы DYETEC компаниясы кыргызстандык 12 ишкана менен бир нече жылдан бери кызматташып келет. Компания тигүү тармагындагы ишкерлерди өз өлкөсүнүн тигүү тармагындагы жетишкендиктери менен тааныштырган.

Компаниянын өкүлү Чой Вон Секк Кыргызстан Өзбекстандагыдай ири тигүүчү фабрикалары болбогону менен, чакан бизнес аркылуу бул тармактан ордун таап жатат деген пикирин "Азаттык" менен бөлүштү.

Чой Вон Секк, Түштүк Кореядагы DYETEC компаниясынын өкүлү
Чой Вон Секк, Түштүк Кореядагы DYETEC компаниясынын өкүлү

"Биз 12 ишканага жардам бердик. Заманбап жабдуулардан тартып, жип-шуу, топчу-бүчүлөрүнө чейин, кийимдердин жасалгасы жана башка жагынан кеңештерибизди айтып турдук. Кыргызстандагы ишканалар сапаттуу тигет, дүйнөдөгү мода тенденцияларына калышпай иштөөгө аракет жасашат экен, бул жагынан да биз көмөктөштүк.
Түштүк Кореядагы тигүү тармагы да өткөн кылымдын 60-70-жылдары азыркы силердегидей тигүү цехтер, чакан фабрикалар менен башталган. Азыркы учурда биз тигүү тармагы боюнча дүйнөдө 4-орунда турабыз. Анткени жипти даярдоодон, кездеме токуудан, боёодон тартып, жаңы дизайндагы кийим-кечелерди даярдоого чейинки жолду басып өттүк. Кыргызстандын тигүү тармагын да жакшы ийгиликтер күтүп турат деп ойлойм".

"Дагы 200 миңдей жумушчуга муктаждык бар"

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги жакында өлкөнүн бардык аймактарында жайгашкан 50гө чукул тигүү цехтеринде тигүүчү жетишпегенин жарыялады. Министрликтин маалыматында цехтердин аталыштары, жайгашкан аймагынан тышкары байланыш телефондорунан бери жазылган.

Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Доктурбекованын "Азаттыкка" тигүүчүлөрдү даярдоо ишин жылдыруу зарыл экенин белгиледи.

Айнура Усенбекова, Экономика жана коммерция министринин орун басары
Айнура Усенбекова, Экономика жана коммерция министринин орун басары

"Биз сыртка мигрант экспорттогон өлкө элек. Эми биздин товарларга суроо-талап көбөйгөндө, кубаттуулук кеңейгенде жумушчулар жетишпей калды. Учурда жалпы өкмөт атайын программа менен Кыргызстандагы жумуш орундарына элди тартуунун үстүндө иштеп жатабыз. Анын ичинде жумушчуларга айлык акыны көбөйтүүдөн тартып, бала бакча, мектеп менен камсыз кылуу, жашаган жерине жакын ишканаларды ачууга чейин пландар бар. Сиздер билесиздер, азыр тигүү цехтери мурункудай Бишкекте гана эмес, бардык облустардын аймактарына чейин ачылып жатат. Бул үйүнөн алыс кетпей, толук кандуу иштеп, жакшы айлык акы алуу дегенди билдирет. Ушу тапта бизде жеңил өнөр жай тармагында 200-300 миңдин айланасында адам иштеп жаткан болсо, тармакка дагы 200 миңдей жумушчу зарыл".

Кыргызстандын экономикасын негизин беш тармак (металлургия, азык-түлүк өндүрүү, энергетика, курулуш материалдарын өндүрүү жана жеңил өнөр жай) түзөт. Булардын ичинен жеңил өнөр жай тармагынын үлүшү азыраак - 2,3% ээ болгону менен, өндүрүлгөн товар дээрлик 100% экспортко кетет.

Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күнү Кыргызстанда тигүү тармагында 300 миңден ашуун адам иш менен камсыз болгон.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG