Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Энн Карсондун эрдиги. Борбор Азиядан Нобелге татыктуулар чыгабы?

Энн Карсон
Энн Карсон

Адабият жаатындагы Нобел сыйлыгынын 2026-жылдагы лауреаты Энн Карсон болду. Стокгольмдагы Швед академиясы ага сыйлыкты классикалык адабияттын салттарын жаңычылдык менен колдонуп, заманбап адабиятта жаңы формаларды жаратканы үчүн ыйгарган.

Академия Карсондун чыгармачылыгын "тайманбас жана изденүүгө бай" деп баалады.

Акын, жазуучу, котормочу жана байыркы адабиятты изилдөөчү Энн Карсон 1950-жылы Канаданын Торонто шаарында туулган. Байыркы грек адабиятына кызыгуусу мектепте окуп жүргөндө ойгонгон. Торонто университетинде антикалык адабиятты изилдеп, 1981-жылы докторлук даражага ээ болгон.

Кийинчерээк АКШнын Принстон жана Мичиган университеттеринде сабак берген.

Карсон адабий жанрларды эксперимент кылганы менен анын чыгармаларында байыркы грек мифтери заманбап поэзия, философиялык эссе жана визуалдык искусство менен айкалышат. Байыркы грек адабиятынын өкүлдөрү Сапфо, Еврипид жана Софоклдун чыгармаларын которуп, байыркы грек мифтери аркылуу заманбап сүйүү, сексуалдуулук, жалгыздык жана жоготуу тууралуу сөз кылган.

Ага эл аралык атак-даңкты "Кызылдын өмүр баяны" (1998) ыр менен жазылган романы алып келген. Энн Карсон көптөгөн адабий сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы ал өзгөчө чыгармачылык жетишкендиги үчүн берилүүчү Макартур фондунун стипендиясын (MacArthur Fellowship) алган. 2001-жылы анын "Күйөөнүн сулуулугу" аттуу китеби Т.С.Элиот атындагы британ поэтикалык сыйлыгын жеңип алган.

Энн Карсондун кайсы чыгармаларын окуш керек?

"Кызылдын өмүр баяны" (Autobiography of Red, 1998)

Ыр менен жазылган бул романда Геракл тарабынан өлтүрүлгөн канаттуу тирукмуш Герион жөнүндө сөз болот. Карсондун каарманы Герион - сүрөт тартууга (фотографияга) кызыккан жана Геракл аттуу жигитке ашык болгон сезимтал өспүрүм. Алардын мамилеси жан дүйнөнү сыздаткан ажырашуу менен аяктап, бир канча жылдан кийин экөө кайра жолугушат. Жазуучу мифологиялык сюжет аркылуу чоңоюу, алгачкы сүйүү, жалгыздык жана инсандык өзгөчөлүктү издөө жөнүндө баяндайт. Орус тилинде китеп 2021-жылы No Kidding Press басма үйүнөн жарык көргөн.

Энн Карсондун "Кызылдын өмүр баяны" чыгармасы англис тилинде.
Энн Карсондун "Кызылдын өмүр баяны" чыгармасы англис тилинде.

"Күйөөнүн сулуулугу" (The Beauty of the Husband, 2001)

Сүйүү, нике жана анын бузулушу тууралуу баяндын баш каарманы келбетүү жана адамдын ичи-коюнуна кирген эркектин кыянаттыгына көз жумат. Тангонун кыймылдарын эске салган окуя 29 поэтикалык үзүндүдө өнүгөт. Карсон сулуулук менен чындыктын, кумарлануу менен чыккынчылыктын, сүйүү менен өзүн-өзү алдоонун ортосундагы карама-каршылыктарды изилдейт. 2001-жылы китеп Т.С.Элиот атындагы абройлуу британ поэтикалык сыйлыгына ээ болгон. Карсон бул сыйлыкка татыган биринчи аял.

"Нокс" (Nox, 2010)

Эксперименталдык поэтикалык китеп жазуучунун каза болгон бир тууганына арналган. Карсон анын өмүрүн жана өлүмүн түшүнүүгө аракет кылып, үй-бүлөлүк сүрөттөргө, каттарга, эскерүүлөргө жана байыркы рим поэзиясына кайрылат. Башкы орунду акындын каза болгон бир тууганына арналган Катуллдун ырынын котормосу ээлейт. Китеп тексттерден, сүрөттөрдөн жана коллаждардан куралган, бүктөлүп-жазылуучу гармошка түрүндө жасалган. Бул - эс тутум, кайгы жана эң жакын адамыңды да аягына чейин таанып-билүү мүмкүн эместиги жөнүндөгү ой толгоо.

Кыргыздан Нобел алчулар чыгабы?

Тарыхка кайрылсак, Нобелдин адабият боюнча сыйлыгын ушуну менен он тогузунчу аял жазуучу алууда. Канаданын өзүнөн эле буга чейин 2023-жылы Элис Монро алган. Азиядан бул сыйлыгына биринчи болуп 2024-жылы Түштүк Кореянын жазуучусу Хан Ган татыктуу болгон.

Борбор Азиядан бул сыйлыкка татыктуу аял жазуучу азырынча чыга элек. Качан чыгышы мүмкүн жана кыргыз адабиятында кайсы темалар козголбой жатат деген суроо менен айрым калемгер, окурмандарга суроо узаттык.

Мухаммадамин Хожакбаров Энн Карсондун чыгармачылыгы менен быйыл таанышкан. Анын "Ачуу-таттуу эрос" философиялык эссесин окуп, таасирленгени менен бул жылы Нобелди кытай тектүү америкалык жазуучу Ребекка Куанг алат деп ойлогон экен.

"Энн Карсон грек эпосторунан эки-үч сапты алат да аны өзүнүн дүйнө таанымы менен түшүндүрүп берет. "Ачуу-таттуу эрос" чыгармасын окугам. Сүйүүнү биз көнүп калган ыкма менен эмес, башкача жазган. Бирок мен бул жылы Нобелди Ребекка Куанг, Маргарет Этвуд алат деп ойлогом. Этвудга мурда эле бериши керек эле. Куанг болсо жаш автор, күчтүү автор. Карсон дагы күчтүү. Бирок жалаң эле улгайгандар ала бербей, жаштарга да мүмкүнчүлүк беришсе болмок", - дейт Мухаммадамин.

Ал жаш окурман, автор катары кыргыз адабиятындагы козголбой, өнүкпөй жаткан темалар көптүгүн айтты:

"Бизде коомго таандык эле окуялар жазылып, акын-жазуучулар эски ыкмадан кете албай жаткандай. Психологияны, философияны ж.б. тармактарды эске алып, жаңы чыгарма жаратышса болот эле. Бизде кээ бир темаларды козгоо да кооптуудай сезилет. Реинкарнация темасына идея берчү эпос, дастандарыбыз бар да. Жаштарга жаккан, адамдын жан дүйнөсүн дарылаган, жеңил окулчу хилинг жанрындагы чыгармалар жок. Кытайда болсо тарыхый катмар менен азыркы жашоону аралаштырып, Мо Ян сыяктуу трагикомедия жанрында жазгандар көп экен. Бизде андай да жок".

Мухаммадамин байкагандай, кыргыз адабиятында көп темалар ачык айтылбайт. Калемгерлер ал тууралуу сөз кылуудан тайсалдашып, көп учурда жылмалап жазганы байкалат.

Жазуучу Зинакан Пасаңова бул ыкма айрыкча аял жазуучуларга мүнөздүү экенин айтты:

Зинакан Пасаңова
Зинакан Пасаңова

"Бизде табу темалар бар. Аял менен эркектин, ата-эне менен баланын ортосундагы мамиле, сойкулардын, криминалдын турмушу, сезими деген темалар көп учурда ачык жазылбайт. Аларды мен ачык жазсам, окурмандар кандай кабыл алат? "Аял сыры" деген эң биринчи аңгемем 1990-жылдары чыкканда мага карата айрыкча эркектердин көз карашы өзгөргөнүн сезгем. Анда үй-бүлөлүү эркекти сүйүп калып, аны менен жашап алган аялдын ички ой толгоолору жазылган да. Бирок аны окурмандар өзүмдүн жашоомду жазгандай кабыл алышкан. Жазуучу окуяны турмуштан алат да. "Көпүрө" деген аңгемемде эки бир туугандын жашоосу келин келгенде кандай өзгөргөнү жазылган. Аны айылдаштарым окуп алышып, айылдагы бир келинге "сен тууралуу жазыптыр" деп айтышкан экен, ал ыйлап-сыктап, мени каргап да жүрүптүр. Чыгарма жазсаң эле эл аны өзүңдүн башыңдан өткөн окуядай кабыл ала берсе тартына баштайт экенсиң. Өткөндө бир жазуучу аял "Сүйүү тууралуу жаза албайм, уялам" деп жатпайбы. Экинчиден, бизде окурман ачык темаларды окууга даярбы? Эркекке боло берет деген менталитет бар да, ошон үчүн алар айрым темаларды ачык жаза алат. Аялдар болсо "эл эмне дейт?" деген ички цензураны жеңе албай келет".

2006-жылы Нобелдин адабият сыйлыгын алган түрк жазуучусу Орхан Памуктун "Менин атым кырмызы" романын которуп жаткан акын Толукбек Байзак кыргыз адабиятында көп жанрлар өнүкпөй жатат деген ойдо.

"Убагында Орозбек Айтымбетов эл козгобогон теманы жазган. Совет доору болгону үчүн басып коюшкан. Азыр деле мыкты жазуучулар бар, бирок азыр чыгарма окулбай калды да. Батышта адамдын ички карама-каршылыгын ачкан чыгармалар басымдуу. Бизде андай агым эми пайда болду. Султан Раевдин чыгармаларында ошол ички карама-каршылык бар. Бирок Батыш адабиятында козголгон, адамга тандоо берген чыгармалар бизде азырынча жокко эсе. Кыргыз коому идеалдуу эмес да, бирок андан идеал издейбиз. Доор өзгөргөн, эгемендик жылдары кыргыз коомунда деле укмуш окуялар болгон, алардын чети оюлбай жатат. Миграция эле канча адамдын тагдырына түз таасир эткен. Фантастика жанры да токтоп калды. 1970-80-жылдары Беганас Сартовдон кийин бул жаатта жазгандар жок экен. Азыр эки-үч бала бар, фантастика жазган, кээде окуп калам. Башка кесипти аркалагандар деле шыгы болсо жазышса болмок. Алардан күчтүү жазуучулар чыгарын турмуш көрсөтүп жатпайбы".

Чыгармаларында аялуу темаларды козгогон жазуучу Олжобай Шакир кыргыз калемгерлери элдин жаалын кайнаткан, арданткан же ойготкон чыгарма жарата албай жатканына кейиди.

"Топчугүл Шайдуллаева эч ким айта албаган темаларды жазганы менен өзгөчө. Ошон үчүн режиссерлор анын чыгармаларын киного тандап жатышат. Мага кээде Европада жашаган кыргыз кыздары чыгармаларын салып калышат. Алардан эркек менен теңтайлашкан эрктүүлүктүн, ички эркиндиктин жылт эткен учкунун көрөсүң. Калганыбыз советтик реализмден кете албай жатабыз. Айтматовдун өрнөгүн туураган жазуучулар бизде жок. Бизде искусство менен адабият элди ээрчийт. Идеалында андай болбошу керек. Жазуучулардын көбү сюжет курууга чебер, бирок адамдын ички портретин көп ача алышпайт. Драматизм, психологизм жоктугунан дүйнөгө чыга албай жатабыз да".

Анткен менен бир катар чыгармалары чет тилдерге которулган Эл жазуучусу, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев жогорудагы сындарга кошулбасын, кыргыз адабиятынын Борбор Азияда өз орду жана жолу барын белгиледи.

“Борбор Азияны алсак, тажиктерде Нобелге татыктуу Тимур Зульфикаров деген жазуучу бар. Чыгармалары бир канча тилге которулган, адабий сыйлыктарга көрсөтүлгөн. Казактарда Роллан Сейсенбаев деген мыкты жазуучу бар. Кезинде Мурат Ауэзов аны мактаган. Ауэзов өтө терең киши болчу да, жөн салды пикир айта бербейт эле. Көп күчтүү казак жазуучуларынын көзү өтүп кетти. Азыр Казакстанда, Өзбекстанда дүйнөлүк чыгармаларды мамлекеттин колдоосу менен которушууда. Бизде дагы ошондой иштер жүрсө жакшы болмок. Биздики “мелүүн адабият” болуп жатат. Азырынча бышып жатабыз, вулкандай жарылууга бир себеп болушу керек. Экинчиден, биздин жазуучулардын көбү постайтматовдук жазуучулар да. Ал кишинин деңгээлине жетип, ашып түшө албай жатабыз. Биз үчүн адабий барьер болуп турат. Бирок ага кейип, токтоп калбашыбыз керек. Бир чети ал кишини мамлекет колдогон, чыгармалары которулуп, дүйнөгө тараткан. Биз болсо өз арбайыбызды өзүбүз согуп келебиз”.

2026-жылдагы адабият боюнча Нобел сыйлыгынын лауреаты 12 миллион швед кронасын алат - бул болжол менен 1,1 миллион еврону түзөт. Быйыл Нобел сыйлыгы мурунку жылдарга салыштырмалуу 1 миллион кронго көбөйтүлгөн.

Быйыл Нобелге талапкерлер катары кытайлык жазуучу Цань Сюэ жана Антигуада төрөлгөн америкалык жазуучу Жамайка Кинкейд да аталган.

2025-жылы адабият боюнча Нобел сыйлыгын венгриялык жазуучу Ласло Краснахоркаи "апокалипсистик үрөй учурган кырдаалдын ортосунда искусствонун күчүн ырастаган ынанымдуу жана көрөгөчтүк чыгармачылыгы үчүн" алган.

Адабият боюнча Нобел сыйлыгы 1901-жылдан бери берилип келет. Альфред Нобелдин керээзине ылайык, аны "идеалисттик багыттагы эң көрүнүктүү чыгарманы" жараткан автор алышы керек. Лауреатты Швеция академиясы тандайт.

1901-жылдан бери сыйлык 119-ирет ыйгарылууда. Анын тарыхындагы эң жаш лауреат Редьярд Киплинг болгон. Ал сыйлыкты 41 жашында алган. Ал эми эң улгайган лауреат Дорис Лессинг сыйлыкка 87 жашында татыган.

Макаланы жазууда дүйнөлүк басылмаларга чыккан маалыматтар колдонулду.
Куржундар

Шерине

​
XS
SM
MD
LG