Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Бундестаг еврону куткаруу фондун кеңейтүүнү колдоду


Германия канцлери Ангела Меркел Бундестагдагы добуш берүүнүн алдында, Берлин, 29-сентябрь, 2011-жыл
Германия канцлери Ангела Меркел Бундестагдагы добуш берүүнүн алдында, Берлин, 29-сентябрь, 2011-жыл

Германия парламентинин төмөнкү палатасы евромейкиндикти кризистен куткаруу фондуна кошумча каражат бөлүү планын колдоду. Добуш берүү канцлер Ангела Меркел үчүн сыноо катары каралып келген эле. Бирдиктүү валюта жүгүртүлгөн 17 өлкөнүн өкмөттөрү иштеп чыккан макулдашууну бардык парламенттер жактырууга тийиш.

Бундестагдын депутаттары Европанын финансылык стабилдүүлүк фондун каржылоону 440 миллиард еврого жеткирүү жана фондго кошумча ыйгарым берүү сунушун колдошту.

611 депутат добуш берип, 523 киши мыйзам долбоорун жактырып, 85и жок деп жооп беришти. 3 киши калыс калды.

Башкаруудагы коалициянын айрым мүчөлөрү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жактабай коюшу мүмкүн деген божомолдор көп айтылып келген эле. Аналитиктер добуш берүүнү канцлер Ангела Меркел үчүн чоң сыноо катары баалап, коалициянын мүчөлөрү каршы болушса, канцлердин саясий аброюна шек келтирилет деп ырасташкан.

Германия өкмөт башчысы ушул жайда Евробиримдиктин калган лидерлери менен катар стабилдүүлүк фондунун ыйгарымдарын кеңейтүү планы жөнүндө макулдашкан. Жаңы сунуштар колдоо тапса, өкмөттүк облигацияларды сатып алууга, кысталган банктарды куткарууга жана нактай акчанын тартышыгына туш болгон өлкөлөргө тез карыз берүүгө жол ачылмакчы.

Бирок 21-июлда макулдашылган сунуштарды евромейкиндикке кирген бардык 17 өлкөнүн мыйзам чыгаруучулары жактырышы керек. Буга чейин 10 өлкөнүн депутаттары документти колдоп добуш беришти.

Адегенде экономикалык интеграция

Меркелдин коалициясындагы ички араздашуулардын айынан, өзгөртүүлөрдү жүзөгө ашыруу кечеңдеп калышы ыктымал. Жаңы жобого ылайык, Германия стабилдүүлүк фондуна 123 миллиарддын ордуна 211 миллиард евро чегериши керек. Макулдашуу өлкө Конституциясына шайкеш келгени менен, кээ бир мыйзамдар немис өкмөтүнө фонддон акча коротуу же фонддун нормативдерин өзгөртүүгө жол бербейт. Чыгашаларды парламент же шашылыш учурларда парламент комитети жактырып турушу керек.

Добуш берүүнүн алдында Меркел фондду каржылоону көбөйтүүнү колдоо менен Германия бирдиктүү валютаны куткарууга ынтызарлыгын далилдейт деди. Канцлер немис салык төлөөчүлөрүнүн акчалары бошуна кетпейт деп ынандырууга аракеттенди. Ошол эле маалда Греция дефолт болсо, Германия фонддогу акчанын бир бөлүгүнөн кол жууп калаарын моюнга алды.

Меркелдин коалициясы Бундестагдагы 330 мандатка ээлик кылат.
Бир катар депутаттар финансылык жардам Грециядагы кырдаалды өзгөртөт деп ишенишпейт. Анын үстүнө аналитиктердин көбү 440 миллиард евро Грециянын экономикасын куткарып, финансылык кризистин башка өлкөлөргө жайылышын алдын алууга жетиштүү деп санашат.

Шаршембиде Еврокомиссянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо салттуу кайрылуусунда еврону кыйроодон сактап калуу үчүн тыкыс экономикалык интеграцияга чакырды:

- Еврого жана жалпы Евробиримдикке ишенимди калыбына келтирүү – биздин милдетибиз. Ал максатка жетүү үчүн бирдиктүү валютаны жүгүртүүгө, бирдиктүү экономикалык мейкиндиктин иштешин камсыз кылууга керектүү чечимдерди кабыл алууга кудуреттүүлүгүбүздү көрсөтүүгө тийишпиз.

Ошол эле күнү Финляндия парламенти стабилдүүлүк фондун кеңейтүү боюнча келишимди жактырган. Бул өлкөдөгү добуш берүүгө өзгөчө көңүл бурулуп келген. Себеби Финляндия өкмөтү бир катар кепилдиктерди талап кылып келген.

Ал ортодо 29-сентябрда Евробиримдиктин жана Эл аралык валюта фондунун инспекторлору Афиныга барышты. Алар өкмөттүн бюджетти үнөмдөө чаралары жетиштүү түрдө аткарылышын текшеришмекчи. Өкмөттүк мекемелердин кызматкерлери кыскартууларга нааразылыгын билдирип, Финансы министрлигинин кире беришин тороп салышты. Алар: “Жардамыңарды алып – жоголгула!” - деп кыйкырып жатышты.

XS
SM
MD
LG