Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:08

Финн оппозициясы шайлоодо утту


Социал-демократиялык партиянын лидери Антти Ринне.
Социал-демократиялык партиянын лидери Антти Ринне.

Финляндияда жекшембидеги парламенттик шайлоодо бир да партия 20 пайыздан көп добуш ала алган жок.

Өлкөнүн жүз жылдык тарыхында биринчи жолу ушундай кырдаал түзүлдү. Ири айырма менен алдыга чыкканы болбогондуктан коалиция түзүү кыйын болору болжолдонууда.

14-апрелдин кечи. Оппозициядагы Социал-демократиялык партиянын колдоочуларынын көңүлү куунак. Бирок партиянын лидери Антти Ринне эмнегедир сабырдуу. Анткени бул күтүлбөгөн жеңиш эмес. Сурамжылоолордо СДП алдыда экени белгилүү болчу. Ринне үчүн партиясынын 17,7% пайыз алып калышы күтүүсүз болду:

Антти Ринне.
Антти Ринне.

«Биз эми ушуну кабыл алышыбыз керек. Бизди колдогондор 20 пайыздан жогору болсо керек дегем. Бирок азыр пайыз жагынан алганда биз эң алдыңкы партия болдук окшойт. 1999-жылдан бери биринчи жолу Социал-демократиялык партия премьер-министрдин партиясы болуп жатат».

Социал-демократтарга 200 орундуу парламенттен 40 мандат тийиши мүмкүн. Бул үчүн ал башкалар менен да коалиция түзүүгө аргасыз.

Экинчи орундагы «Нукура финндер» партиясы 39 мандат алганы турат. Улутчул маанайдагы бул партиянын талапкери Себастьян Тинккин саясий арена өзгөргөнүн белгиледи:

«Иммиграцияга жана исламга сынчыл көз караштагы, сөз эркиндигин жактап чыккан партиялардын баары жакшы натыйжа көрсөтүштү. Анткени мыйзамсыз иммигранттар Европа үчүн эмне кылып жатышканына баарынын көзү жетти».

Бирок улутчулдар оппозицияда калчудай болуп турат. «Нукура финндер» партиясы менен коалиция боюнча сүйлөшөсүңөрбү?» деген журналисттердин суроосуна Ринне «баалуулуктары төп келишпесин» айтуу менен чектелди.

Социал-демократтар үчүнчү келип, 38 мандат алган Улуттук коалициялык партия жана учурдагы премьер-министрдин 31 мандат алган «Финлияндия борбору» менен биригиши ыктымал экендиги айтылып жатат. Албетте, сүйлөшүү үчүн булардан башка да азыраак добуш алган партиялар бар.

Жалпысынан финн парламенти Эдускунтага тогуз партия жана эки партиясыз талапкер шайланып келген.

Юха Сипиля.
Юха Сипиля.

Учурдагы премьер Юха Сипилянын партиясы өткөн шайлоодогу жыйынтыкка жете албаганына бир нече себеп бар. Сипилянын өкмөтү мамлекеттик карызды азайтыш үчүн чыгымдарды, анын ичинде карыларга жумшалган каражатты кыскартууга барган. Калкынын басымдуу бөлүгүн карылар түзгөн Финляндияда бул чаралар көпчүлүккө жаккан жок.​

Жакында эле карылар үйүндөгү текшерүү учурунда ачыкка чыккан шалаакылыкка байланыштуу жаңжал да өкмөттүн аброюна сокку урган.

Ал эми социал-демократтар тескерисинче чыгымдарды кыскартууга каршы. Алар «салыкты көтөрүү менен 1400 евродон кем алгандардын пенсиясын көтөрөбүз» деп шайлоо алдында убада беришкен.

Финляндиядагы шайлоочулардын көбү карылар.
Финляндиядагы шайлоочулардын көбү карылар.

Финляндия бирден-бир элине камкор мамлекет болуп саналат. «Бүткүл коомдук бакубатчылык» концепциясына ылайык, коомдун аялуу катмары колдоого алынып, аны орто катмарга теңөөгө аракет көрүлөт. Мамлекеттик карыз көбөйүп баратканына карабастан социалдык чыгымдар көбөйгөнү да ушундай саясат менен түшүндүрүлөт.

2035-жылга карай социалдык коргоого жана саламаттык сактоо тармагына бөлүнчү каражат 26,5 млрд. еврого жеткирилиши күтүлүүдө. 2018-жылы бул чөйрөгө 18,7 млрд. евро бөлүнгөн. Бул ошол жылдагы бюджеттин үчтөн бир бөлүгүн түзгөн.

Скандинавиялык бул өлкөнүн эң ири коңшусу - Орусия. Чыгышында 1300 чакырымга созулган кургактагы чек ара тилкеси бар. Буга байланыштуу финн лидерлери Москва менен мамилесин үзбөйт. Ошол эле учурда Евробиримдиктин Крымга байланыштуу Орусияга каршы санкцияларын колдойт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG