Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:47

Малика: Медал ыйгарууга бизди абдан даярдашты


Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович жана “Катар аба жолдору” компаниясынын стюардессасы Малика Юсупова (ортодо).
Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович жана “Катар аба жолдору” компаниясынын стюардессасы Малика Юсупова (ортодо).

Орусияда өткөн Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын финалдык оюнунун таасири, сыйлык тапшыруу аземи көпчүлүктүн эсинен чыга элек.

15-июлда Дүйнөнүн көңүлүн бурган мелдештин жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде медалдарды көтөрүп тургандардын арасында кыргызстандык Малика Юсупова да болду. Ал жылдын башкы спорттук окуясындагы өзү күбө болгон урунттуу учурлар тууралуу “Азаттыкка” курган маегинде айтып берди.

"Азаттык": Биз сизди Футбол боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчүлөргө сыйлыктарды тапшыруу аземинде медалдарды көтөрүп турган кыздардын арасынан байкадык. Бул иш-чарага кантип катышып калдыңыз? Атайын тандоодон өтсөңүз керек?

Малика Юсупова: Мен “Катар аба жолдору” компаниясында стюардесса болуп эмгектенем. Аталган компания Дүйнө чемпионатынын расмий демөөрчүсү жана 2017-жылдан 2022-жылга чейин ФИФАнын расмий аба жолдору катары аныкталган. Ошондуктан бизди тандашса керек деп ойлойм. Анын үстүнө кийинки Мундиал Катарда өтөт эмеспи.

Ал эми бизди кандай негизде, кандай критерий менен тандашканын айта албайм. Болгону бизге финалдык оюнда медаль тапшырууга катышарыбызды камтыган кат келди. 1-2 күн калганда биз Москвага бардык. Ошондо гана ФИФАнын өкүлдөрү сыйлык тапшыруунун жол-жобосун түшүндүрүп, ал аземге президенттер катышарын айтты.

Албетте, биз алдын ала сыйлык тапшырууда кантип чыгарыбыз, кайда турарыбыз боюнча даярдык көрдүк.

Малика Юсупова үч жылдан бери Qatar Airways компаниясында эмгектенет.
Малика Юсупова үч жылдан бери Qatar Airways компаниясында эмгектенет.

“Азаттык": Сиздердин алдыңыздарда Орусия, Франция, Хорватиянын мамлекет башчылары жана ФИФАнын президенти турушту. Дүйнө чемпиондорун жакындан көрдүңүз. Толкундансаңыз керек?

Малика Юсупова: Бизди моралдык жактан да аябай даярдашты. Бул аземде президенттер болорун, жүз миңдеген адамдардын назары бизге буруларын, жада калса, сүрөткө тартышып, жарык күчтүү болорунан бери айтышты. Ошол себептен даяр болдук. Анын үстүнө жумушубуз да стресске туруштук бергенге үйрөттү. Оор болду деп айта албайм. Бирок, албетте, өзгөчө эмоция, толкундоо болбой койбойт.

Ары-бери кыймылдап, эки жакты карай алган жокпуз. Биз бир гана алдыга карап, жылмайып турушубуз керек болчу. Стадиондогу маанайды айтып берүүгө сөз жетпейт. Кулап кетпесем экен, колумдагы медалдарды түшүрүп жибербесем экен деп санааркап да жаттым.

"Азаттык": Сыйлык тапшырылып жатканда жаан нөшөрлөп жаабадыбы, элдин баары, айрым президенттер баш болуп сыгып алма суу болду. Сиздерге да кол чатыр жетпей калгандай?

Малика Юсупова: Башында күн ачык болчу, баары буга чейин пландалгандай башталган. Бир аз себелеп отуруп, бир убакта жаан чакадан куйгандай төгө баштады. Менин байкашымча, алгач кол чатырларды Орусиянын президенти Владимир Путин менен ФИФАнын президенти Жанни Инфантиного сунушташты окшойт. Инфантино мырза колун шилтеп, «кереги жок» дегендей ишара берди. Бирок жамгыр күчөгөндө бизден башкаларына кол чатыр алып келишти. Биз да өтмө катар суу болдук. Үшүгөн жокпуз. Болгону суу кийимчен туруу бир аз ыңгайсыздык жаратты. Анан албетте бетибиздеги боёк агып калбаса экен деп сарсанаа болдук. Акыркы медалдар ыйгарылгандан кийин бизге кете берсеңер болот дешти.

Президенттердин артында турган Малика Юсупова абдан суу болушканын айтат. 15-июль, 2018-жыл.
Президенттердин артында турган Малика Юсупова абдан суу болушканын айтат. 15-июль, 2018-жыл.

"Азаттык": Өзүңүз футболго кызыгасызбы? Бул жолу кимге күйөрман болуп, жан үрөдүңүз?

Малика Юсупова: Өзүм футболго анча деле кызыкпайм. Биздин командадагы кыздардын көбү Хорватияга жан тартышты. Ошого мен да алар менен кошо эле Хорватия командасына күйөрман болдум. Биз сахнага чыгар алдында жаныбызда француздар туруп калышты. Франция утканы белгилүү болгон соң, алар бири-бирин кучактап ыйлап жатышты. Алардын кубанычын көрүп, биз да жашыдык. Айтор кызык болду.

"Азаттык": “Катар аба жолдору” дүйнөдөгү ири аба компаниялардын бири. Бул компанияга ишке орношуу оңой болбосо керек. Иштегениңизге канча болду?

Малика Юсупова: Мен Бишкекте Президенттин алдындагы башкаруу академиясын аяктагам. Бир нече жыл “Жаннат” мейманканасында иштеп, кийин чет жактарды да көрөйүн деп Дубайга кеткем. Ал жактан абройлуу отелдердин биринде иштеп жаткан маалда, кокустан курбумдан стюардессаларды кабыл алып жатышканын угуп калдым. Документтеримди даярдап, тапшырып, биринчи, экинчи турдан өтүп кеттим. Жарым жылдан кийин ишке чакырышты. Мурдагы ишим менен түзүлгөн келишимди үзүп, “Катар аба жолдоруна” өтүп кеттим. Бирок өкүнбөйм, азыркы жумушум абдан жагат. Ар түркүн адамдар менен таанышып, эл-жер көргөнгө мүмкүнчүлүк бар.

Малика Юсупова.
Малика Юсупова.
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG