Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Сенцовдун жүз күндүк күрөшү


Киевдеги орус элчилигинин алдындагы акция, 21-август 2018-жыл.
Киевдеги орус элчилигинин алдындагы акция, 21-август 2018-жыл.

Украин режиссеру Олег Сенцовдун орус абагында ачкачылык кармап жатканына 100 күн болду. 21-августта Чехия, Украина жана Британия сыяктуу бир катар өлкөлөрдө Сенцовго колдоо көрсөткөн акциялар уюштурулду. Кремл режиссер өзү кечирим сурамайынча, ага ырайым берүү тууралуу өтүнүч каралбай турганын билдирип жатат.

"Олег Сенцовду сактап калгыла!", "Сенцовго эркиндик!" - ушундай чакырыктар жазылган плакаттарды көтөргөн ондогон адамдар 21-августта Орусиянын Киевдеги элчилигинин алдына чогулушту. Алар миңдеген чакырым алыстыктагы - Орусиянын Ямало-Ненецк аймагындагы түрмөдө 100 күндөн бери ачкачылык кармап отурган украин режиссеруна колдоо көрсөтүштү.

- Мен Сенцовдун орус режимине каршы жеке күрөшүн Орусияда Советтер Союзунун кайра пайда болушуна каршы күрөш деп эсептейм. Өтө өкүнүчтүү. Бирок Орусия барган сайын эски советтик диктатурага окшошуп баратат,-деди Киевдеги акцияга келген журналист Дмитро Десятерик.

Бирок Сенцовдун кармалышын саясий куугунтук деп эсептебеген Кремл мындай чакырык жана дооматтарды четке кагып келет.

Кантсе да Сенцовго тилектештик билдирген жана Москваны сынга алган акциялар бул күнү башка өлкөлөрдө да өттү. ПЕН-клубунун жазуучулары Орусиянын Лондондогу элчилигинин алдына нааразылык билдирип чыгышты.

Киевдеги акция.
Киевдеги акция.

Татарстандык активисттер Казан шаарында "Сенцовго эркиндик! 100 күн" деген жазуусу бар баннерди илишти. Чехияда бир катар кинорежиссерлор менен драматургдар Сенцовго тилектештик иретинде 25-августка чейин кезектешип ачкачылык кармай турган болушту.

42 жаштагы Сенцов 2014-жылы Орусия өзүнө каратып алган Крымда кармалган. Ал Крымдын аннексиясын кескин сынга алып келген эле.

2015-жылы Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана орус бийлиги койгон айыпты толугу менен четке каккан.

Украин режиссеру ачкачылык акциясын май айында баштап, өзүнө окшоп орус абактарында “саясий негизде” кармалып турган 60тан ашык украин жаранына эркиндик берүүнү талап кылып жатат.

Сенцовдун энесинин уулуна ырайым берүүнү суранып президент Владимир Путинге жиберген өтүнүчүн 14-августта Кремль четке каккан. Президенттин администрациясы Сенцов өзү Путинге ырайым сурап кайрылмайынча, өтүнүч каралбай турганын айтып жооп кайтарган. Режиссер өзү кылбаган кылмыш үчүн кечирим сурабай турганын айтып келет.

Бөлөсү Наталья Каплан да Сенцов айтканынан кайтпай турганын 21-августта билдирди:

- Боштондукка чыгышын ушунчалык каалап турсам да андай кыл деп Олегден сурана албайм. Ачкачылыкты токтот деп айтуу канчалык майнапсыз болсо, кечирим сура деген да пайдасыз. Олегге кандай жардам бере алабыз билбейм.

Олег Сенцовдун август айынын башында абакта тартылган сүрөтү.
Олег Сенцовдун август айынын башында абакта тартылган сүрөтү.

Эки жума мурда режиссердун адвокаты Дмитрий Динзе Сенцов 30 килограммга арыктаганын, каны азайгандыктан тамырынын кагышы солгундап, бир мүнөттө 40 жолу согуп калганын билдирген. Ага карабастан, режиссер ачкачылыгын токтотуп, ооруканага жатуудан баш тарткан.

"РИА Новости" басылмасы орус омбудсмени Татьяна Москальковага шилтеме кылып, 20-августта түрмөгө доктурлардын тобу жөнөтүлгөнүн, режиссердун абалы "канааттандыраарлык" экенин жазды.

Буга чейин Украинанын Тышкы иштер министрлиги Сенцовдун өмүрү коркунучта экенин эскертип, аны боштондукка чыгарыш үчүн эл аралык коомчулукту Орусияга басымды күчөтүүгө үндөгөн.

Адам укуктары боюнча Европа соту орус бийлигине кайрылып, украин режиссеру Олег Сенцовдун дарылануусуна уруксат берүүгө чакырган.

Бул маселени айрым дүйнөлүк лидерлер, анын ичинде француз президенти Эммануэл Макрон да президент Путин менен сүйлөшүүсүндө көтөргөнү менен азырынча так чечим чыга элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG