Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:16

Украин акыйкатчысы Сенцовго жолуга алган жок


Олег Сенцовду колдогон акция.
Олег Сенцовду колдогон акция.

Орусиянын Ямало-Ненецк округундагы түрмөдө 20 жылдык жаза мөөнөтүн өтөп жаткан украиналык режиссер Олег Сенцовдун ачкачылык кармап жатканына 47 күн болду.

Кечээ Украинанын омбудсмени Людмила Денисовага режиссер менен жолугууга уруксат берилген жок. Ошол эле кезде Орусиянын акыйкатчысы Татьяна Москалькова Сенцов менен жолугуп чыгып, анын абалын канааттандырарлык деп баалады. Бирок буга украин тарап ишенбей жатат.

Орусиянын омбудсмени Татьяна Москалькова 47 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан украиналык режиссер Олег Сенцов менен 28-июнда жолугуп чыкты. Ал украиналык режиссер менен бир жарым саат сүйлөшкөнүн айтып, анын абалын "салыштырмалуу канааттандырарлык” деп баалады:

- Олег оорукананын палатасына окшогон камерада кармалып жатат. Узуну 16 метр, ачыла турган эки терезеси бар экен, айнектеринде темир тор жок. Саламаттыгына нааразы эмес. Өзүн жакшы сезип жатат. Кан басымы, дене табы жана психологиялык абалы канааттандырарлык.

Татьяна Москалькова.
Татьяна Москалькова.

Москвалькова “Сенцов басып, дүйнөдө болуп жаткан окуяларды билип турат, телевизор, жаңылык, футбол көрүп, жаңы фильмине сценарий жазып жатыптыр” деп да кошумчалады.

Москвалькова Ямало-Ненецк округуна Украинанын омбудсмени Людима Денисова менен бир учакта учуп барган, бирок кесиптешинин жолугушуу жана сүйлөшүү аракеттерине жооп кайтарган эмес. Ал бир канча автоунаа менен келип, түрмөнүн оозунда турган Денисовага көңүл бурган жок. Телефонун да көтөрбөй койду.

- Эки президенттин макулдашуусун аткаруу үчүн Орусия Федерациясынын аймагына келген бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн жанынан башка бир ыйгарым укуктуу өкүлдүн түз өтүп кеткени абдан уят көрүнүш. Бардык украин саясий туткундары менен жолугуша алат деген Орусия президентинин мага берген кепилдиги бар болчу. Эми карагыла, эмне болуп жатканын. Ал автокербени менен жанымдан түз өтүп кетти. Бул деген уят, - деди Украинанын адам укуктары боюнча өкүлү.

Ошентип Украинанын акыйкатчысы Людима Денисовага түрмөнүн жетекчилиги Олег Сенцов менен кездешүүгө да уруксат бербей койду. Абак жетекчилиги Сенцов Орусиянын жараны экенин, ошондуктан аны украин акыйкатчысы менен жолуктура албасын билдирген. Бирок Сенцовдун адвокаты ал түрмөдөгү документтеринде украин жараны деп киргизилгенин билдирүүдө.

Мурдагы жетишилген макулдашууларга карабай, Денисовага Сенцов менен жолугууга 15-июнда да мүмкүнчүлүк берилген эмес. Украиналык кинорежиссердун адвокаты буга чейин билдиргендей, Сенцов ачкачылык акциясы башталган 14-майдан бери 15 килограммга арыктаган. Украинанын акыйкатчысы анын бөйрөгү жана жүрөгү ооруп жатат деген маалыматтарды текшерүүгө ниеттенген.

Украиналык кинорежиссер аннексияланган Крымда 2014-жылы май айында кармалган.

Олег Сенцов
Олег Сенцов

Кийин Орусиянын соту аны "жарым аралда теракт даярдаган" деген айып менен 20 жылга кескен. Сенцов күнөөсүн мойнуна алган эмес жана Орусия койгон айыпты толугу менен четке каккан. Ал Кремлге жиберген билдирүүсүндө Орусиянын абактарынан саясий негизде кармалган 64 украиналык жаранды бошотууну талап кылган жана ачкачылыкты да ушул максатта кармап жатат.

Бир катар уюмдар Орусиянын президенти Владимир Путинди Олег Сенцовго ырайым берүүгө чакырган. Ушул жумада Европа кеңешинин баш катчысы Турбьёрн Ягланд да орус абагында отурган украин режиссеру Олег Сенцовго ырайым берүүнү өтүнгөн расмий кайрылуусун жиберген.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Путин ырайым бериши үчүн Сенцов өзү кайрылышы керектигин айткан. Бирок украин режиссеру күнөөсүз экенин маалымдап, ырайым суроодон баш тарткан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG