Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:14

Газадагы согуш 79 журналисттин өмүрүн алды


Газада согушта ондогон журналист каза тапты
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:08 0:00

Газа: 79 журналист каза тапты

Газа тилкесинде согуш башталганы 79 медиа кызматкеринин өмүрү кыйылды. Бул тууралуу 9-январда Журналисттерди коргоо комитети кабарлады. Улуттар Уюму кыска аралыкта көп сандагы журналисттердин өлүмүнө тынчсыздануусун билдирди. Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Израилге барды. Анклавдын түштүгүндө айыгышкан салгылаш уланууда.

Газа тилкесинде “Аль-Жазиранын” журналисти Ваэл ад-Дахдух дагы бир жакынын акыркы сапага узатты. АКШ менен Евробиримдикте террордук деп таанылган ХАМАС радикал уюму көзөмөлдөгөн Газа тилкесинин саламаттык сактоо башкармалыгы жана журналисттер биримдиги билдиргендей, анын тун уулу Хамза ад-Дахдух 7-январда Рафах шаарына жакын жерде автоунаага тийген соккудан мүрт кеткен. Аны менен кошо дагы бир палестин журналисти Мустафа Тураянын өмүрү кыйылды.

"Хамза аларга эмне кылды? Менин үй-бүлөм аларга эмне кылды? Газа тилкесиндеги жайкын тургундар аларга эмне кылды? Эч нерсе кылган жок. Дүйнө Газадагы окуяларга келгенде эч нерсени көрбөй калды", - деп оор улутунат Ваэл ад-Дахдух.

Хамза атасындай эле “Аль-Жазира” телеканалында иштечү. Ваэль ад-Дахух буга чейин түз эфирде Газадагы окуяларды чагылдырып жатып, аялы, уулу, кызы жана небересинен айрылганын билген.

Израилдин армиясы сокку урулган автоунаада террорчу дагы болгонун билдирди. NBC News телеканалына берген комментарийинде ЦАХАЛдын өкүлү Даниэл Хагари бул окуя иликтенип жатканын айтты.

Газа тилкесинде “Аль-Жазиранын” журналисти Ваэл ад-Дахдух уулун акыркы сапарга узатууда. 7-январь, 2024-жыл.
Газа тилкесинде “Аль-Жазиранын” журналисти Ваэл ад-Дахдух уулун акыркы сапарга узатууда. 7-январь, 2024-жыл.


Журналисттерди коргоо комитети 9-январда билдиргендей, Израилдин ХАМАС радикал уюмуна каршы согуш баштаганы маалымат каражаттарынын 79 кызматкери набыт болгон. 16 журналист жараат алган. Үч кабарчы дайынсыз жоголуп, 21 журналист камалган. Уюм журналисттер кризис маалында маанилүү ишти аркалап жаткан карапайым тургундар экенин белгилеп, алар согушуп жаткан тараптардын бутасына илинбеши керектигин эскертти.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Катардагы маалымат жыйында Хамзанын өлүмүн “чоң трагедия” деп атады.

Газадагы согуш 7-октябрдагы ХАМАС куралдуу тобунун жоочулары жөөт конуштарына кирип барып, 1200дөй кишини жок кылып, 240тай адамды барымтага алгандан кийин башталган. ЦАХАЛ Газадагы аскердик операциясы баштагандан бери анклавда 23 миңдей кишинин өмүрү кыйылганын жергиликтүү саламаттык сактоо мекемеси билдирип жатат. Бул санды көз карандысыз булактардан тактоо эч мүмкүн эмес.

АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен. 7-январь, 2024-жыл.
АКШнын мамкатчысы Энтони Блинкен. 7-январь, 2024-жыл.

Блинкендин Израилге сапары

Блинкен 9-январда Израилге барып, өлкө жетекчилиги менен жолугушту. Газада согуш башталганы мамкатчы аймакка төртүнчү ирет келди.

"Мен жаңы эле аймактагы бир катар өлкөлөрдү, Түркия, Грекия, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабияны кыдырып келдим. Бул мамлекеттердин лидерлеринен уккандарымды бүгүн Израилдин президентине, өкмөт башчысына жана министрлерине айтам. Андан тышкары биз туткундагылардын жакындары менен отуруп, аларды бошотуу, үй-бүлөлөрү менен бирге болуу маселелерин талкуулайбыз", - деди Блинкен Израилдин президенти Исхаак Герцог менен жолугуп жатып.

Мамкатчы андан соң өкмөт башчы Биньямин Нетаняху менен жолукту.
Блинкендин сапары Израил армиясы ХАМАС радикал уюмуна каршы согуш жаңы баскычка өткөнүн жарыялаган маалга туш келди.

Израилдин армиясы 8-январда ХАМАСтын Сириядагы жогорку даражалуу өкүлүн жок кылганын жарыялады. ЦАХАЛ тараткан маалыматка ылайык, Хасан Акаше Сирия тараптан Израил аймагын аткылоо аракеттерин жетектеп турган. Ошол эле күнү Ливандын түштүгүнө жасалган жөөт армиясынын соккусунан “Хезболла” кыймылынын командирлеринин бири жок кылынганы кабарланды.

AFP маалымат агенттиги өз булактарына таянып жазышынча, Виссам ат-Тавил Ливандын түштүгүндөгү кыймылдын аскердик операцияларын жетектеп турган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG