Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:48

Германиядан депортация болгон тажикстандыктар


Берлинде тажик оппозициясынын тарапташтарынын митинги. 2018-жыл.

Германиядагы тажикстандык айрым качкындар депортация коркунучуна туш болгонун айтып чыгышты. Ал эми эксперттер качкындардын мындай "сценарийлери" көнүмүш адат болуп калганын билдирүүдө.

"Агамды полиция кармап, депортациялады"

Өзүн Саодатшо Сафаров деп тааныштырган тажик качкын учурда Германияда жашайт. Ал "Озоди" радиосуна курган маегинде, анын агасын жергиликтүү полиция күч менен Тажикстанга депортация кылганын айткан.

"Полиция кызматкерлери агамдын үйүнө кирип, аялы менен кошо алып кетти. Агам Германияда башпаанек алуу боюнча өтүнмө бергенин, Тажикстанда аны жалган айып менен түрмөгө камап коюшарын айткан. Бирок аны эч ким уккан жок. 11-августта агамды аялы менен Стамбул аркылуу Дүйшөмбүгө депортация кылышты", - деди Сафаров.

Ал агасы немис бийлиги аны кандайдыр бир атайын буйруктун негизинде депортациялаганын, бул өлкөдөн чыгарыла турган 37 тажикстандыктын ысымы жазылган "атайын тизме" бар экенин кошумчалаган.

Ал эми дагы бир тажикстандык качкын Азим Якинов "атайын тизме" тууралуу кабары жок экенин билдирген.

Азим Якинов.
Азим Якинов.

"Жакында Минден шаардык соту мени Германиядан депортациялоо боюнча чечим чыгарып, миграция кызматына тапшырды. Мен сотко өлкөмдө куугунтукталып жатканым тууралуу документтерди бердим, анткени мага Тажикстандын Жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мен Германиядагы сотко "бул коюлган айыптар жалган" деп айттым. Бирок алар мени уккусу келген жок", - деди Якинов.

Ага Тажикстанда "Регионалдык же диний кастыкты козутуу" жана "Экстремисттик уюмду түзүү" беренелери боюнча айып тагылган. Якинов 2015-жылы өмүрүнө коркунуч тууларын сезип, Тажикстандан качып, Орусияга кеткен. Андан ары Украина аркылуу Германияга көчүп барган. Германия өкмөтү Якиновдун башпаанек берүү боюнча арызын беш жыл карап, кийин берген эмес.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын февраль айында Тажикстандын Дарваз районунун ички иштер бөлүмү Азим Якинов өлкөдө тыюу салынган оппозициячыл "Группа-24" кыймылынын мүчөсү катары эл аралык издөөдө жүргөнүн билдирген.

Анын атасы, дзюдо боюнча машыктыруучу Ёдгор Якинов "Озоди" радиосуна курган маегинде өлкөсүндө тыюу салынган уюмдар менен биргеликте уулуна коюлган айып негизсиз экенин, "Менин уулум билимдүү адам жана өз пикирин айтууга укуктуу" деп айткан.

Саясий качкындар

Тажик жарандары Европа өлкөлөрүнө 2015-жылы, тажик бийлиги эки ири оппозициячыл уюм "Группа-24" жана Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясына тыюу салгандан кийин агылып кете баштаган.

Ошол жылдары орус бийлиги да оппозицияны куугунтуктоодо Тажикстан менен активдүү кызматташууга киришкен. Ошентип "Группа-24" жана Ислам кайра жаралуу партиясынын көптөгөн мүчөлөрү, ошондой эле журналисттер, ишкерлер, укук коргоочулар, ошондой эле "Салафия" сыяктуу диний агымдардын тарапташтары Европага жайгашууга аракет кыла баштаган.

Алардын көбү башпаанек алуу боюнча өтүнмөсүндө бийликке каршы пикирлери үчүн куугунтукталганын, мындан улам Тажикстандан чыгып кеткенин көрсөтүшөт. Тажик бийлиги алардын айрымдарын тыюу салынган диний-радикалдык жана террордук-экстремисттик уюмдарга мүчөлүккө айыптап келет.

Ислам кайра жаралуу партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Махмуджон Файзрахмонов "Озоди" радиосуна берген маегинде, Германиядан башпаанек сураган партиянын беш мүчөсү өлкөдөн депортацияланышы мүмкүн экенин айтты. Ал Австриядан Тажикстанга кайтарылып, мекенинде 20 жылга эркинен ажыратылган Хизбулло Шовализизоданын тагдыры алардын башына келиши мүмкүн экенин эскертти.

Махмуджон Файзрахмонов.
Махмуджон Файзрахмонов.

"Мекендештерибиздин негизги көйгөйү - Германияга же Польшага келип, тилди билбегендиктен, өлкөдөн чыгып кетүү себебин жакшылап түшүндүрө алышпайт. 4-5 жылдан кийин визалары бүткөндө алар депортацияланышат", - деди Файзрахмонов.

Ал ошондой эле, партиянын жетекчилиги Германиянын парламентине кайрылып, партия мүчөлөрүн Тажикстанга депортациялоону алдын алуу өтүнүчү менен кайрылганын кошумчалады.

Ал арада атын атагысы келбеген Германиядагы котормочулардын бири, ондогон тажик жарандары өлкөдөгү экономикалык кризиске, жумушсуздукка жана коррупцияга байланыштуу Европада жашоону каалашарын билдирген. Ал ошондой эле тажикстандыктардын арасында радикалдуу исламчылар дагы бар экенин айткан.

"Башпаанек алуу жараянындагы биринчи интервьюда алар бирди, экинчисинде таптакыр башка нерсени айтышат. Ал эми кийинкисинде мурунку айткандарын унутуп калат. Мындай учурда сот албетте аларды депортациялоо чечимин чыгарат", - деп түшүндүрдү котормочу.

Ал ортодо Борбор Азиядагы мигранттар ассоциациясынын жетекчиси, Ислам кайра жаралуу партиясынын мүчөсү Илхом Ёкубов айрым тажиктер башпаанек алуу жараянында партияга мүчө экенин көрсөткөн жалган документтерди көрсөтөрүн, "Мындай жасалма документтери бар мекендештерибиздин бири Литвадан табылды, биздин арыздан кийин сот аны Тажикстанга депортациялоо чечимин чыгарды" деп билдирген.

Юсуф Рахмондун Германияга сапары

Германияда башпаанек издеп жүргөн айрым кишилер “тажикстандыктарды депортациялоо боюнча кампания” Тажикстандын башкы прокурору Юсуф Рахмон бул өлкөгө иш сапар менен келип кеткенден кийин башталганын белгилешүүдө.

Расмий Дүйшөмбү буга чейин билдиргендей, Башкы прокурор Юсуф Рахмон быйыл июлда Германияга болгон иш сапарында Германиянын башкы прокурору Петер Франк, Дюссельдорфтун башкы прокурору Хорст Бино жана ошондой эле расмий өкүлдөр менен жолугушууларды өткөргөн.

Юсуф Рахмон. Германия. Июль, 2021-жыл.
Юсуф Рахмон. Германия. Июль, 2021-жыл.

Германиянын Миграция жана качкындар боюнча федералдык бюросу (BAMF) да Юсуф Рахмондун сапары өлкөдөн башпаанек сурап кайрылган тажиктер менен байланышы жок экенин билдирди. Бюронун басма сөз кызматы, "Озоди" радиосунун суроосуна жазуу түрүндө жооп берип, Германияда башпаанек өтүнүмү четке кагылган качкындарды депортациялоо көнүмүш адат экенин жазган. Федералдык бюронун маалыматы боюнча, 2021-жылдын январынан июлуна чейин 194 тажик жараны Германиядан башпаанек сураган. 309 тажикстандыктын арызы каралып, 45 адам башпаанек алган, 127 арыз четке кагылган. Учурда 101 арыз каралууда.

Ал эми айрым качкындар, Германиянын атайын кызматы былтыр апрелде Тажикстандын беш мигрантын бул өлкөдө "террордук уюм түзгөн" деген шек менен кармагандан кийин аларга болгон мамиле өзгөргөнүн айтышууда.

"Буга чейин бизге чындыгында абдан жакшы мамиле жасашчу. Эгерде адам күнөөсүз болсо, ага эч кандай талап коюлбайт. Бирок ошол беш мекендешибиз камакка алынгандан кийин, мен тажиктердин башпаанек берүү өтүнүчтөрү кылдаттык менен каралып, көбүнө берилбей жатканын сездим", - деди тажикстандык качкын Зарина.

Тажикстандын Башкы прокуратурасы акыркы бир жуманын ичинде расмий Берлин сегиз тажик жаранын өлкөдөн чыгарганын тастыктады.

Ал ортодо 9-сентябрда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкөнүн Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын утурлай мунапыс мыйзам долбоорун парламентке сунуштады. Ага ылайык, камактагы 16 миң кишиге ырайым берилет.

Алардын 10 700үн кылмыш жоопкерчилигинен бошотуп, эркиндикке чыгаруу каралууда. Мындан тышкары дагы 5300 кишинин жаза мөөнөтү кыскартылат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG