Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:40

"Гетто түзүлбөшү керек". Путин мигранттар маселесине кайрылды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Орусияда Борбор Азиядан барган мигранттарга каршы масштабдуу рейддер күчөп жаткан маалда президент Владимир Путин бул маселеге кайрылды. Ал "өлкөдө мигранттардын геттосун түзүүгө жол берилбеши керек" деп билдирди.

Путин 12-сентябрда Чыгыш экономикалык форумунда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, мигранттардын агымына байланыштуу кырдаалга токтолду.

"Салтыбызды, маданиятыбызды сыйлоого милдеттүү"

Орус президенти өлкөнүн экономикасы мигранттарга муктаж экенин, бирок учурда эмгек рыногунда аларга талап аздыгын белгиледи. Ошондой эле Орусияга жаңы технологиялар кирсе, мигранттарга муктаждык болбой турганын айтты.

"Экономика айрым тармактарда эмгек мигранттарын колдонууну талап кылат. Баарынан да курулуш тармагында. Менимче, ал тармакта жалпы эмгек мигранттарынын 33% иштейт. Эгерде бизге мигранттар чынында керек болсо, анда биз өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү үчүн зарыл болгондорду тандап алышыбыз керек. Бирок мунун жөнөкөй да, татаал да жолу бар. Жөнөкөйү - эгерде биз көп сандагы жумушчуларды талап кылбаган жаңы технологияларды киргизсек, мигранттардын мынчалык көп агымынын кереги жок болот".

Владимир Путин. Владивосток. 12-сентябрь, 2023-жыл.
Владимир Путин. Владивосток. 12-сентябрь, 2023-жыл.

Путин мигранттар негизинен мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген мамлекеттерден агылып келгенин, алар эми Орусиянын мыйзамдарын аткарышы керектигин дагы бир жолу эскертти.

"Бизге алар менен иштөө оңой, алардын өлкөлөрүнүн лидерлери бардыгын түшүнүшөт жана биз менен кызматташууга даяр. Биз азыр көптөгөн өлкөлөр менен бизге келген адамдар үчүн алдын ала окутуу программаларын ишке ашырып жатабыз. Бул эмне деген сөз? Алар орус тилин жана Орусиянын мыйзамдарын үйрөнүшөт. Ар бир киши биздин өлкөгө келген соң биздин салтыбызды, маданиятыбызды сыйлоого милдеттүү экенин түшүнүшү керек. Ал жаатта жумуш көп", - деди Путин.

Анын бул билдирүүсүнүн эпкини буга чейин эле сезиле баштаган.

Мигранттардын тил маселеси

Орусиянын бийлиги 17-майда Москва облусунун Котельники шаарындагы мечит жабылып, калаада иштеген мигранттарга каршы 34 административдик протокол түзүлгөнүн билдирген. Буга мигранттардын "ээнбаштыгын" токтотуу өтүнүчү менен жергиликтүү тургундардын президент Владимир Путинге жолдогон кайрылуусу себеп болгон.

Москва. 28-май, 2023-жыл.
Москва. 28-май, 2023-жыл.

Ал эми 19-майда президентке караштуу Улуттар аралык мамилелер боюнча кеңештин жыйынында сүйлөгөн Путин мигранттар Орусиянын эрежелери менен салт-санаасын сыйлашы керектигин эскерткен.

"Орус дүйнөсүнүн" идеологдорунун бири делген Александр Дугин 16-августта Телеграм-каналында тажикстандык мигранттарды "орус тилин үйрөнүүгө" жана "православ динине өтүүгө" чакырган.

"Байыркы иран эли, тажиктерге арналган сценарий бар. Баары орус тилин үйрөнүшөт. Алар Блок менен Клюевди жатка окушат, ыйык православ динин кабыл алышат, балдарын чокундурушат, үйлөнүшөт, атайын операцияда Ата Мекенди эрдик менен коргошот", - деп жазды Дугин.

Ал эми быйыл жыл башында Орусиянын Ички иштер министрлиги орус тилин жакшы билбегендерге айып пул салууну сунуштаган. Мындай системаны "тилдик рейтинг" деп аташкан. Тилдик рейтингдин жардамы менен Орусиянын милициясы мигранттарды орус тилин үйрөнүүсүнө түрткү бергиси келет. Тилди жакшы өздөштүргөндөргө салык жагынан жеңилдиктерди берүүнү сунуштоодо. Андан тышкары, министрлик мигранттардын тилди билүүсүн упай менен баалоону киргизүүнү пландап жатат.

Орусияда мигранттарга орус тилин үйрөтүү маселеси буга чейин да көтөрүлүп келген. 2021-жылы президенттин алдындагы Жарандык коомду өнүктүрүү жана адам укугу боюнча кеңештин башчысы Валерий Фадеев Орусияга иштегени келген жарандар орус тилин билиши керектигин, антпесе “укуктук, социалдык жана коммуникациялык талаадан чыгып кетишерин” айткан жайы бар. Мигранттардын тил маселеси Думада маал-маалы менен көтөрүлүп жүрөт.

"Mигранттарга каршы фобияны тутантып жатат"

Кремль мигранттардын сабаттуулугу менен алардын өлкөдө мыйзамдуу жүрүшүнө да тыкыр көз салууда. Соңку жумаларда орус басылмаларында жана Телеграм-каналдарда мигранттарга каршы рейддердин жүргүзүлүшүн жактаган макалалар да байма-бай жарык көрүүдө.

Өткөн аптада Курган жана Иванов облустарында жүздөгөн эмгек мигранттарын күч кызматкерлери текшергени, алардын көпчүлүгү Орусияда жүрүү режимин бузганы аныкталганы тууралуу кабарланган.

Валентина Чупик.
Валентина Чупик.

Орусиядагы мигранттар маселеси менен алектенген укук коргоочу Валентина Чупик "Азаттыктын" тажик кызматына берген маегинде рейддердин утур-утуру кайталанышын Москванын шайлоо алдында элдин көңүлүн башка жакка буруу амалын издеп жатканы менен түшүндүрдү.

"Биринчиден, шайлоо өнөктүгү жүрүп жатат. Менин оюмча, добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылмайынча мигранттарга карата мындай активдүү кысым улана берет, анткени орус бийлиги муну тынымсыз жасап келет. Ар бир шайлоодо алар өздөрүн укук үчүн күрөшкөн орустар катары көрсөтүү үчүн жарандардын эң жөнөкөй сезимдерин – нацизмди, мигранттарга каршы фобияны (чочулоо) тутандырып атышат. Орусиялыктардын укугуна мунун эч кандай тиешеси жок. Бул калкты кыжырдантууга, аларды реалдуу проблемалардан алаксытууга, ошол эле учурда нааразылыкты эң аярлуу катмардагыларга багыттап коюу үчүн ыңгайлуу шылтоо. Ал эми аярлуу катмарлардын көбү мигранттар, анткени алар өз укуктарын коргой алаарын билишпейт. Мындан тышкары, армияга тынымсыз кабыл алуу да жүрүп жатат, бул орус жарандыгын алган адамдарга гана тиешелүү эмес. Тилекке каршы, Тажикстандын жарандарынын арасында мындайлар көп, ал эми Орусиянын жарандыгын алууга аракет кылгандар да аз эмес. Алар мигранттарды коркутуп, кагазга кол коюуга да аракет кылып жатышат", - дейт Чупик.

Орусиянын Мамлекеттик Думасында сентябрдан тарта жарандык алган, армияга барбай, аскердик милдетин өтөбөгөн мурдагы мигранттарды жарандыктан ажыратуу тууралуу мыйзам долбоору караларын жакында Аймактык саясат жана өз алдынча башкаруу комитетинин башчысы Михаил Матвеев билдирген.

Буга чейин ал орус жарандыгын алгандар өлкөнүн мыйзамдарына ылайык аскердик каттоого турбаса, аскердик милдет өтөөдөн баш тартса, бул жагдай аларды жарандыктан ажыратууга негиз болорун айткан. Ошондой эле аларды депортациялоону, үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүн дагы жарандыктан ажыратууну сунуштаган.

Ал тапта Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы август айына карата Орусиянын "кара тизмесине" кирген кыргыз жарандарынын саны 47 миң 989 адамга жеткенин "Азаттыкка" билдирди. Бул июнь айына салыштырмалуу 4355 кишиге көп. Бирок мекеменин маалыматына караганда, бул убакыт аралыгында депортация болгондордун саны белгисиз.

Быйыл майда Орусиянын "кара тизмесинен" 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылганын, 43 миң 634 жаран тизмеде экенин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирген эле.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда ушул тушта бир миллиондон ашык кыргызстандык жаран иштеп, окуп, жашап жүрөт. Айрым булактарга караганда, алардын теңине жакыны бул өлкөнүн жарандыгын алган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG