Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:07

"Грэмми"-2018: Ак розалар жана Путин


Бруно Марс.
Бруно Марс.

Нью-Йоркто "Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи өтүп, анда R&B ырчысы Бруно Марс алты номинацияда мыкты аталды. Жыныстык зомбулукка каршы флешмоб менен коштолгон салтанатта АКШнын президенти Доналд Трамптын саясатына да сын айтылды.

"Грэмми" сыйлыгын тапшыруу аземи он беш жылдан бери алгач ирет Лос-Анжелесте эмес, Нью-Йоркто өттү.

Алтымышынчы жолу белгиленип жаткан аземде кызыл килемде басуу жөрөлгөсүн сексуалдык зомбулукка каршы флешмоб коштоду. Көпчүлүк артисттер жана маданият кызматкерлери ак роза менен келишти.

Муну менен алар ушул жылы түзүлгөн «Time's Up» (кыргызча “Мезгил жетти”) деген жыныстык зомбулукка каршы кыймылдын ишин колдоого алышты.

Музыкалык иш-чарада АКШнын президенти Доналд Трамптын саясатына каршы билдирүүлөр да айтылды. Теги кубалык ырчы Камила Кабельо сахнадан Трамптын иммиграциялык саясатын сынга алып, АКШга жакшы кыял менен келген жаштарды өлкөдөн чыгарып жиберүү коркунучу жаралганын айтты:

- Ата-энем чөнтөгүндө эч нерсе жок болсо да, мени бул жакка алып келип, үмүтүн өчүрбөй, талыкпай эмгектенишкен. Алар жасаганды мен да улантып келем. Мен Куба-Мексиканын мигрант кызымын. Чыгыш Гаванада төрөлгөм. Бүгүн Нью-Йоркто “Гремми” сахнасында силердин алдыңарда турам.

Салтанатта белгилүү ырчылардын президент Доналд Трамп жөнүндө жазылган "От жана каардануу" аттуу китептен үзүндү окуп жатканы тартылган тамашалуу видео да көрсөтүлдү. Китеп окугандардын арасында президенттикке талапкер болгон Хиллари Клинтон да бар.

Америкалык үн жазуу академиясынын абройлуу сыйлыгы болгон “Грэмминин” быйылкы каарманы Бруно Марс болду. Ал алты номинацияда жеңүүчү деп аталды.

Ырчынын «24K Magic» чыгармасы эң башкы сыйлыкка татып, “жылдын мыкты үн жазуусу”, “жылдын альбому” жана “жылдын мыкты R&B-альбому” деп табылды. Брунонун дагы бир «That's What I Like» чыгармасы “жылдын мыкты ыры”, “мыкты R&B ыр” жана “мыкты R&B аткаруу” сыйлыктарын жеңди.

Рэп музыка жаатындагы беш сыйлыкты Кендрик Ламар алды. Британ ырчысы, продюсер Эд Ширан да сыйлыксыз калган жок. Анын кыргызстандыктар да сүйүп уккан “Shape of You” ыры “мыкты поп соло аткаруу”, ал эми «÷» («Divide») альбому “вокалдык мыкты альбом” номинациясында жеңди.

Канадалык ырчы Алессия Кара негизги номинациялардан жеңген жападан-жалгыз ырчы аял болду. Ал “мыкты жаңы ырчы” номинациясын утуп алды.

Быйылкы “Грэмминин” 86 жеңүүчүсүнүн 17си аялдар.

"Foo Fighters" тобунун «Run» чыгармасы “мыкты рок ыр”, 2016-жылы каза болгон Леонард Коэндин «You Want It Darker» чыгармасы “мыкты рок аткаруу” номинациясында жеңүүчү деп аталды.

Көзү өткөндөрдөн актриса Кэрри Фишерге да сыйлык ыйгарылды. Анын “Ханбийкенин күндөлүгү” аудиокитеби “мыкты сүйлөө жанрындагы альбом” деп аталды.

Мыкты кино саундтреги катары «Ла-Ла Ленд» тасмасындагы автотыгын эпизодундагы чыгарма, ал эми визуалдык видео үчүн музыка деп «Моана» анимациясындагы «How Far I'll Go» жеңүүчү болду.

Питтсбург симфониялык оркестри “оркестр менен мыкты аткаруу” сыйлыгын алды.

Грэммиде Орусиянын президенти Путин тууралуу да айтылды. Америкалык музыкант Рэнди Ньюманды “Putin” деген ырдын шөкөтү үчүн сыйлашты.

"Грэмми" сыйлыктарын америкалык үн жазуу академиясы 1958-жылдан бери ыйгарып келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG