Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:50

"Ибаратты" аккордеонго салган талант


Төлөбек Итигулов.
Төлөбек Итигулов.

Чыгаан музыкант, обончу Төлөбек Итигулов комуз күүсүн аккордеонго салып жаңылык киргизген биринчи музыкант.

Атасы жыгач уста Итигул чоң комузчу болбосо да, кээде кыңгыратып комуз ойноп жүрчү экен. Атасынын таасиринен улам Төлөбек бала кезинен комуз чертип, ыр-күүгө жакын өскөн. Кошунасы Белорус деген славян тектүү киши гармошка черткенде кыя өтпөй, тыңшап отургандан тажачу эмес.

Алгач комузда кол ойнотсо, кийин кыякка кызыгуусу артып мектептеги аккордеонду өз алдынча үйрөнө баштаган. Мектептин директору анын музыкага шыктуу экенин байкап, окуу жайга жаңы аккордеон алдырат. Ошол күндөн баштап болочок музыкант карагайда илинген “тарелка” радиодон уккан обондорду аккордеонго салганды өздөштүрөт.

1962-жылы жайында концерт коюп барган Кыргыз филармониясынын артисттери айылда аккордеончу бала бар экенин угуп калып, аны издетишет. “Артисттер чакырып жатат" дегенинен барса, Илгизбек Ниязов деген кыякчы Төлөбекти аккордеон ойнотуп көрөт. Анын талантына таңыркап, "даяр музыкант турбайсыңбы" деп филармонияга жумушка чакырат.

Үч күндөн кийин Төлөбек филармонияга барса, директору жашың жете элек деп жумушка албай коет. Музыка бөлүмүнүн башчысы, композитор Акмат Аманбаев менен Эстебес Турсуналиев ортого түшүп, акыры жетекчини көндүрүшөт. Ошентип ал 16 жашында филармонияга музыкант болуп ишке кирип, ошол кездеги Сүйдүм Төлөкова, Г. Валиулина жана башка атактуу ырчыларга кошулуп сахнага чыга баштайт. Алар менен 3-4 айлап гастролдо жүрөт.

Ошондой күндөрдүн биринде комузчу Шекербек Шеркулов Төлөбекке комуз күүсүн аккордеонго салып көрүүнү сунуштайт. "Шеке “Ибаратты” кайра-кайра чертип, кулагыма сиңгенден кийин аккордеонго салсам бап келди. Кечинде артисттер чогулганда ойноп берсем, баары жактырып концерттик номурга алып чыгасың деп жаалап кетишти. Ошентип “Ибаратты” аккордеондо чертип жүрдүм, эл дагы жакшы кабыл алып жатты. Кийинчерээк “ Кыргыз көчү”, казактын “Сары арка” күүсүн аккордеонго салгам.

Гастроль бүткөндө оркестрдин башкы дирижеру Асанкан Жумакматов мени бөлмөсүнө чакырып, “Ибаратты” ойно деди. Башында урушат го деп чочулап турдум. Күүнү ойноп берсем, "дагы ойно" деди. Дагы ойнодум. Муну эч кимге айтпа деген, сага айтып койбодумбу", - деп Төкө мурутунан жылмайган. Арийне, нотаны мыкты билген профессионал дирижерго күүнү комузда уккандан көрө аккордеондо угуу кыйла таасирдүү болуп, кийин “Ибаратты” оркестрлештирүүгө өбөлгө болгонун баса белгилеген өңдүү.

Төлөбек Итигулов
Төлөбек Итигулов

Ошондон кийин башка күүлөрдү аккордеонго салып чертип жүрдү. Аны менен көп жыл филармонияда чогуу иштеген Эл артисти, куудул Келдибек Ниязов Төлөбек Итигуловдун адамгерчилигине, обончулугуна токтолуп, комуз күүсүн аккордеонго алгачкы болуп салып, жаңылык киргизгенин белгилеген. Анткени ошол мезгилде аккордеон мода болуп, комузду жерип калган мезгил болгонун, Төкөдөн таасирленип, көптөгөн таланттар чыкканын айткан жайы бар. Алардын бири Расул Стамбеков күүлөрдү аккордеонго салып жүрөт. Эл артисти, композитор Түгөлбай Казаков “Насыйкатты” аккордеонго түшүрүп, жаңыча түстө эл сүйгөн күүгө айлантты. Төлөбек Итигулов менен атактуу Рыспай Абдыкадыров дагы аккордеон аркылуу ажырагыс курбу болушат.

"Өкүл ата - өз ата"

Маектешим Төкө: Мен үйлөнүп, 1966-жылы Эстекем (Эстебес Турсуналиев), Асангул Шаршенов, Ашыке (Ашыралы Айталиев), Толтой Мураталиев, Токтосун Тыныбековду Арчалыга үйгө сый тамакка чакыргам. Асангул Шаршенов сыртта оокат кылып жүргөн апама барып: “Мен төмөнкү айылданмын. Силерге тууган да болуп кетебиз. Төлөбекке мени өкүл ата койгула", - деп көзүн акшыңдатып, тилин соймоңдотуп кебетесин бузуп куудулданып жиберген го. Ары-бери өтүп мени өкүл ата койгула дегенинен апам "Асангул өкүл атасы болсун!" дейт. Аны уккан байкем үйгө кирип” Асангул өкүл ата болду!”-дегенде Эстекемдин башы шылк эте түштү. Ниетинде ал өкүл ата болом деп жүрсө керек. Аңгыча Током комузун алып Эстекемди жубатып, термеден ырдап отуруштун шаңын ачты. Асангул кирип келип “ өкүл ата өз ата, өлүп кетсин башка ата” деп ырайын бузуп баарын күлдүрдү", - деп Төкөм качанкы бир окуяны эскерди.

Төлөбек Итигулов 80 жашка чукулдаса дагы Байтик айылындагы мектепте иштейт. Воронцовкадагы гимназияда “Алтын балалык”деген оркестрди жетектейт. Байтиктеги А.Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш мектебинин директору Зейнеп Кожомкулова Итигуловго мындай деп баа берди:

"Төлөбек агай 1990-жылдан бери мектепте музыка сабагынан берип, жаш муундарды тарбиялоодо салымын кошуп келет. Көп жылдан бери күнүгө түштөн кийин сабак башталардан мурда жалпы окуучуларга Кыргыз Республикасынын Гимнин хор ырдатат. Орто-Алыш орто мектебинде музыка сабагынан жана хор, комуз ийриминде жаш муундарды тарбиялап келүүдө".

Төлөбек Итигулов 1946-жылы Чүй облусундагы Аламүдүн районундагы Арчалуу кыштагында туулган. Айылындагы орто мектепте окуп жүргөндө окуу жайдагы бир дагы маданий иш-чара ансыз өтчү эмес. 16 жашынан Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында 30 жылдан ашуун убакыт иштеген.

1990-жылдан бери Байтик айылындагы А.Сүйүмбаев атындагы Орто-Алыш мектебинде мугалим жана хор, комуз ийримин жетектейт.

Анын “Сары өзөн”, "Махабат деген өмүрдүн гүлү”, "Алтайдын ошол поезди” жана башка обондорун ырчылар ырдап жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG