Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Рокка: Кыргызстандык ыктыярчылар жигердүү


Франческо Рокка.
Франческо Рокка.

Бишкекке Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай эл аралык федерациясынын президенти Франческо Рокка иш сапары менен келди. Ал Кыргызстанда федерациялар жасай турган иштер, максаттары, каржылоо тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

"Азаттык": Биринчиден, Кыргызстанга кош келдиңиз. Сиздин иш сапарыңыздын негизги максаты эмне?

Франческо Рокка: Жалпыга маалым болгондой, жакында эле Кыргызстан Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомдоруна багытталган жаңы мыйзамды кабыл алды.

Биринчиден, биздин уюмга жакшы мамиле жасалганы үчүн ыраазычылыгыбызды билдиргибиз келди. Экинчиден, Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомундагы иш-чаралар, анын аткарып жаткан миссиясын жакындан көрүп, билип, муктаждыктарын аныктап, мындан аркы кызматташтыктын нугун тактап алууну көздөдүк.

Албетте, буга чейин Кыргызстандагы Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомунун президенти, лидерлери менен бир нече ирет жолугуп, орток маселелерди талкуулап келгенбиз. Бирок кайсы бир өлкөнүн өзүнө барып жолугушуу расмий иш-чаралардагы кездешүүлөргө караганда алда канча таасирлүү болот эмеспи. Ошондой эле коомдо иштеген ыктыярчыларды да көрө алдык.

"Азаттык": Бишкекте кимдер менен жолугуп жатасыз?

Жаш ыктыярчылардын жардамы менен коомдун ишин илгерилетип, келечекке инвестиция кылуу биздин башкы максатыбыз. Себеби жаштар - коомду алга тарткан динамика да.

Франческо Рокка: Албетте, коомдун президенти, өзгөчө кырдаалдар министри сыяктуу бир топ расмий адамдар менен жолуктук. Эң негизгиси - жаш ыктыярчылар менен кездешүү болду. Себеби алар Кыргызстандагы Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай улуттук коомунун ишин уланта турган келечек муун эмеспи.

Жаш ыктыярчылардын жардамы менен коомдун ишин илгерилетип, келечекке инвестиция кылуу биздин башкы максатыбыз. Себеби жаштар - коомду алга тарткан динамика да.

Кызыл жарым ай коому десе табигый кырсыктар учурунда эле жардам берүүчү уюм катары көз караштар калыптанып калган. Албетте, буга Кызыл чырым, Кызыл жарым ай коомунун согуш мезгилинде пайда болгон тарыхы да себепкер. Бирок азыркы тапта силердин коомдо ким колдоого муктаж болсо, ыктыярчылар ошолорго жардам берүүнү аркалап жатканын баса белгилегим келет.

Биздин ыктыярчылар жалаң эле табигый апааттар учурунда элге жардам берүү жаатында билим албай, өздөрү жашап жаткан коомдогу социалдык маселелерди кылдат талдай алган, коомдун эң аяр катмарына жардам кылып кол сунган адистерден болсо деген тилек менен окутуп жатабыз. Кээде жаштар биздин муунга караганда коомдогу жардамга муктаждарды аныктап, аларга көмөк көрсөтүүнүн ар түрдүү форматын талдоодо аябай эле кесипкөй, мыкты болуп жатышат.

"Азаттык": Эми коомдун Борбор Азиядагы жана анын ичинде Кыргызстандагы ишкердигине кандай баа бересиз?

Борбор Азиядагы "стан" өлкөлөрүнө токтолсок, бул чөлкөмдө тынымсыз өнүгүү болуп жатат. Биз да бул аймактан көп нерсени үмүттөнөбүз. Анткени аймактын мүмкүнчүлүгү өтө жогору.

Франческо Рокка: Жогоруда да айтып өттүм, кыргызстандыктардын бири-бирине жардам берүү жоопкерчилигин, ынтызарлыгын жогору баалайм. Федерациялардын иш алып бара баштаганына мына 100 жыл болгону калды. Ушул убакыт ичинде саясий, экономикалык, социалдык абдан көп өзгөрүүлөрдү басып өттүңөр.

Кыргызстанда жана коңшу өлкөлөрдө баамдаган көз карашымды айтсам, мамлекет да улам өзгөрүүдө. Жаш лидерлер бийликке келип, абдан көп жаш ыктыярчыларыбыз пайда болду. Албетте, бул жагдай көмөктөшүүнүн маңызын да жаңыртат.

Биз дүйнөдөгү эң байыркы кайрымдуулук уюму катары кээде өзгөрүүнү, жаңыланууну оңой менен кабыл албаган учурларыбыз болот. Дүйнө өзгөргөнү менен биздин коомдогу эрежелер, көз караштар ошол жүз жыл мурдагыдай эле бойдон турат. Ушундан улам жоголуу коркунучу жаралат. Бирок Кыргызстанда тескерисинче Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коому өтө жандуу, алдыңкы кайрымдуулук уюму бойдон калууда. Муну мен сыймыктануу менен айткым келет. Ишенип коюңуз, бул жөн эле мактоо эмес. Мындай даражага дээрлик жүз жылга жакын тынбай иштеген ыктыярчылардын жоопкерчилиги, ынтызарлыгы менен гана жетүүгө мүмкүн болду.

Борбор Азиядагы "стан" өлкөлөрүнө токтолсок, бул чөлкөмдө тынымсыз өнүгүү болуп жатат. Биз да бул аймактан көп нерсени үмүттөнөбүз. Анткени аймактын мүмкүнчүлүгү өтө жогору. Эң мыкты адистер ушул жакта иштегендиктен, жалаң эле Борбор Азиядагы Кызыл чырым, Кызыл жарым ай коомуна өнүгүү алып келбестен, жалпы биздин федерациянын ишин алга жылдырган локомотивине айланат. Түркмөнстанда, Тажикстанда, Казакстанда жана Өзбекстанда да кыргызстандык ыктыярчылардай өнүгүү болот деген ишенимдемин.

"Азаттык": Сиз жетектеген уюм коомдун аяр катмарына медициналык, социалдык жардам көрсөтөт эмеспи. Эми мындан ары Кыргызстанга карата жардамдын көлөмү азаябы же көбөйөбү? Уюмдун ишин акырындап токтотуу каралган эмеспи? Анткени дүйнөдө жардамга муктаж башка көп өлкөлөр бар да?

Өз мүшкүлү менен жалгыз калган адамдын ички сезимдери, трагедиясы согуш болуп жаткан өлкөдөгү адамдыкындай эле болот. Эч айырмаланбайт.

Франческо Рокка: Жок, тескерисинче биз Кыргызстандагы ыктыярчыларды да, аткара турган ишибизди да көбөйтөлү деп жатабыз. Албетте, сиз айткандай, башка кан күйгөн жактар деле бар. Бирок Кыргызстандагы Кызыл жарым ай коомун колдоо деген эмне? Анда иштеген ыктыярчыларды колдоо, алар аркылуу коомдун эң оор шартта жашаган адамдарына көмөктөшүү дегенди билдирет да.

Мисалы, бул жакта өз мүшкүлү менен жалгыз калган адамдын ички сезимдери, трагедиясы согуш болуп жаткан өлкөдөгү адамдыкындай эле болот. Эч айырмаланбайт. Дагы бир нерсени белгилеп кетким келет - жакынкы жылдары Кыргызстандагы Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коому өз ишин абдан жакшы аткаргандыктан, өз алдынча болуп, биздин президенттигибизге, колдообузга муктаж болбой калат. Бул жалаң эле өлкөгө карата колдоо эмес, биз андагы элдин жашоосун оңдосок деген тилек менен жүрөбүз.

Мисалы, сентябрь айында Кыргызстанда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болот. Биздин уюмдан миңден ашуун ыктыярчы барып, оюндарды өткөрөт. Бул биздин уюмга болгон ишенимдин белгиси. Бул биздин улуттук коомдун ишмердигинин эң жакшы өрнөгү да. Дал ушундай ишмердик уланып, өнүгө берерине ишенемин. Мен Италиянын Кызыл чырым жана Кызыл жарым ай коомун да жетектейм, Германиядагы, Австриядагы кызматташтарым сыяктуу эле бул уюмдун көмөгү дүйнөдөгү ар бир муктаж адамга тийсе деген ниеттебиз.

"Азаттык": Кыргызстандагы уюмду каржылоонун өлчөмү артабы же азаябы?

Франческо Рокко: Жыл өткөн сайын көбөйөт деп ишенем. Кыргызстанда биздин федерация улам кеңейип, өзүн өзү камсыздагандай даражага жетсе деген кыялыбыз бар. Мен өзүм да аябай кыялкечмин. Бизге болгон элдин ишеними арткан сайын каражат да көбөйөт. Ошондуктан ыктыярчыларды окутканда да алгач ирет ишенимди камсыз кылууга чакырабыз. Ушул элдин ишеними аркылуу Кыргызстандын Кызыл жарым ай коому кеңейген сайын эл аралык каржылык колдоого муктаж болбой калат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG