Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 18:09

Шергазиев: Манастын туусу кызыл болгон


Кыргыз туусунун тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу Алмаз Шергазиев менен маек.

Кыргыз туусунун тарыхын изилдеп жүргөн окумуштуу Алмаз Шергазиев жакында "Эр Жанек" китебин жазып, унутта калып келген тарыхый инсандын эмгегин ачып берди. Китептин жаралышы, кыргыз туусунун барк-баасы тууралуу кеп салып берүүсүн өтүнүп, Алмаз Шергазиевди кепке тарткан.

Жанек баатыр кокондуктарды кубалап чыккан

Кыргыздын туусун түшүрбөй, элин душмандан коргоп келген баатырлар болгон. Алардын жасаган иштери буга чейин ачык айтылбай, намыска жараган азаматтардын көбү эл башкаруучу катары сыпатталып, көбүнүн аты аталбай келди. Кыргыз элинин туусун желбиретип келген ошондой баатырлардын бири Көлдүн тескейинен чыккан Жанек баатыр.

"Азаттык": Алмаз мырза, бүгүн биз улуттук эки сыймык - баатырдык жана туу жөнүндө кеп кылсакпы деп турабыз. Кыргыздын туусун түшүрбөй келген эрлердин бири Жанек баатыр. Сиз ал тууралуу китеп жазыпсыз, эмгектин жазылышына эмне себеп болду?

Совет мезгилиндеги тарыхта булар ууру, киши өлтүргүч, эл башкаруучу катары каралып, тарых бетинен орун албай калган.

Шергазиев: Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө жетишкенге чейинки тарыхты ошол бир өрөөндүн эли, анын башында турган баатырлары, алар жалпы биригип келип кыргыз элинин тарыхын түзгөн.

Эл баккан, өз уруусун коргогон баатырлардын бири Жанек баатыр. Ал тууралуу санжыраларда гана айтылып, тарыхый маалыматтар чыкпай калган. Ал киши падышачылык бийликке кызмат кылган, ага чейин башка бийликке кызмат кылган, анын үстүнө уруулук мезгилдеги баатырлардын энчисине тийчү жылкы тийип келүү, уруулар ортолук кагыштарга катышуудан бул киши да четте калган эмес. Совет мезгилиндеги тарыхта булар ууру, киши өлтүргүч, эл башкаруучу катары каралып, тарых бетинен орун албай калган. Буларды эл бийлөөчү, элди эзүүчү катары да эсептешкен. Алардын айрым жакшы иштери элдик санжыраларда сакталганы менен, идеологиялык мамиле өкүм сүргөн заманда тарыхта чагылдырылган эмес.

Мен бир эле маселеге токтоло кетейин. Кыргызстандын Орусияга кошулушу тууралуу көп эмгектер жазылган. Ошол эмгектерде көлдүк бугулар кокондуктарды Коңур-Өлөң, Барскоон, Каракол чебинен кубалап чыгышканы айтылат. Ошол көтөрүлүштү ким баштаган, ким жетектеген, булар тууралуу бир да сөз жок. Аны баары билип турушат, бирок жазганга болбойт, алардын жасаган иши жабык тема бойдон калып калган. Кокондуктарды үч чептен кубалап чыгууда Балбай баштаган баатырлардын эмгеги, арасында Жанек баатыр да бар, санжыраларда бул тууралуу абдан көп маалыматтар турат. Булар айтылбаса кийин деле эскерилбей, тарыхый маалыматтар жок болуп кетет.

"Азаттык": Сиз китебиңизде Көл кылаасынан чыккан жети баатыр тууралуу кеп кылып атасыз. Эмне үчүн?

Шергазиев: Санжыраларда Көлдөн чыккан беш баатыр же жети баатыр деп деле айтылат. Бул шарттуу алынган сан экен. Баатырлар санын 15 же 20га деле жеткирсе болот. Уруу, уруктун башында турган жети баатыр бар экен, ошондон беш баатыр деген да көп колдонулбайт экен. Өмүр баатыр, Балбай баатыр, Жанек баатыр деп айтылат.

"Азаттык": Көлдө өзү жети аке деген да бар. Жетиге бай өрөөн. Көлдүн тескейиндеги эки акенин иши тууралуу китебиңизде кенен кеп кылыпсыз. Буга кандайча кызыгып калдыңыз?

Шергазиев: Мен өзүм кыргыз символдору, туу боюнча эмгектенип, 20 жылдан ашуун убактан бери эки китеп, отузга жакын илимий макалалар жарыялагам. Жанек баатыр тууралуу Иманак Сагынбеков агайдын китебин, башка эмгектерди окуп чыктым. Андай эмгектерди жазгандар тарыхчы эмес, сырт жакта тургандар жазып атышат. Булар тарыхый инсандар. Алар тууралуу тарыхый маалыматтар, фактылар, санжыралар кимден алынганы так көрсөтүлүп жазылмайынча андай тарыхый инсандын коомдон алган орду бекем болбой калат.

Көп китептерде окуялар уламыш, санжыра маалымат түрүндө берилип жатат. Бул китепте тарыхый окуялар илимий анализге алынып жазылды. Башында мага "Тосор" коому Жанек баатыр тууралуу китепче жазып берүүнү өтүнүшкөн. Шашылыш болуп калды. Мен жарым жылда ал китепчени жазып, аны окугандардан жакшы пикирлер уктум.

Бул теманы мен 90-жылдардан бери иликтеп келем. Тосор орто мектебинде директор кезимде Эр Жанек, Берикбай баатыр, башка айылдан чыккан тарыхый инсандар тууралуу класстык сааттарды өткөргөнбүз. Мурда чогулган материалдарды, кийинки материалдарды чогултуп Эр Жанектин 200 жылдыгына карата чыгардым. Материалдарды топтоого силердин кесиптеш, белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов чоң жардам көрсөттү. Ал киши Алматыдагы архивден Жанек баатыр тууралуу маалыматтарды алып келип берди.

Туунун өңү

"Азаттык": Сиз туу тууралуу изилдеп жүргөн окумуштуусуз. Эгемен Кыргызстандын туусунун өңү тууралуу талаштар токтолбой келатат. Кызыл туу Манастын тушунда колдонулганбы же башка түстөгү туу көтөрүлгөнбү?

Барсбектин туусу кызыл болгон экен. Манастын туусу кызыл болгон. Кыргыздардын жаңы жаралуусундагы ири тарыхый инсан Тагай бийдин туусу да кызыл болгон. Ошол Тагай бийден кийин кызыл туу көк тууга алмашылган экен.

Шергазиев: Кыргыздар мусулман динине кийинирээк кирген. Ага чейин теңирчилик, андан илгерээк тотемизм, анимизм түшүнүктөрүн карманып келишкен.Тоо-ташка сыйынышкан, айга-күнгө тобо кылышкан.

Кыргыздардын байыркы түшүнүгүндө жалпы эле көчмөндөр сыяктуу күн эң негизги ыйык түшүнүк болгон. Кыргыздар күн кызыл, адамга жашоо берген кан кызыл, анан от кызыл дешкен. Байыркы кыргыздардын туусу кызыл болгон. Тарыхый маалыматтарда кыргыздардын кызыл тууну көтөрүп калышы тууралуу китепте жакшы көрсөтүлгөн. Барсбектин туусу кызыл болгон экен. Манастын туусу кызыл болгон. Кыргыздардын жаңы жаралуусундагы ири тарыхый инсан Тагай бийдин туусу да кызыл болгон. Ошол Тагай бийден кийин кызыл туу көк тууга алмашылган экен.

Тарыхты билбегендер кызыл менен көк тууну чаташтырышып, анын үстүнө тарыхый көп маалыматтар чыкпай турган кезде Түгөлбай Сыдыкбековдун "Көк асаба" деген китеби жазылып калган. Анда көк туу кыргыздын негизги туусу катары берилип калган дагы, ал элдин аң- сезимине сиңип, анан кыргыздын туусу көк болсун деген талаш келип чыккан. Кызыл байыркы түстүн бири. Аны жакшы билгендиктен бизге кошуна Кытайдын туусу кызыл, түрк мамлекети Түркиянын туусу да кырмызы.

Дүйнөнүн 60 - 70ке жакын өлкөсүнүн туусунда кызыл түс бар. Биздин тууну ар бир кыргыз көп туунун арасынан жаңылбай таба алат. Туубуз өзгөчө, ал туура кабыл алынган деп ойлойм.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" интернет-редактору, журналист, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG