Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Казакстан глобалдык оюнчу болгусу келет


Президенттер Дональд Трамп менен Нурсултан Назарбаевдин кездешүүсү. Вашингтон, 16-январь, 2018-жыл.
Президенттер Дональд Трамп менен Нурсултан Назарбаевдин кездешүүсү. Вашингтон, 16-январь, 2018-жыл.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев шейшембиде Вашингтондо АКШ президенти Дональд Трамп менен жолукту. АКШ менен Казакстандын алакасына кандай мүнөздөмө берүүгө болот? Казак бийлигинин дүйнөлүк маселелерди чечүүдөгү салмагы жана салымы кандай?

Бул жана башка суроолорго АКШнын Казакстандагы алгачкы элчиси (1992-94-жылдар), учурда америкалык RAND изилдөө борборунун илимий кызматкери болуп иштеп жаткан Уильям Кортни жооп берди.

- Советтер союзу ыдырагандан кийин АКШ Борбор Азиядагы беш өлкө менен тез арада мамиле курууга жетишкен. Америка Казакстандын ядролук арсеналдан арылуу аракетине көмөк көрсөткөн. Жалгыз гана ядролук куралды жайылтпоо жаатында эмес, Орусия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан бул өлкө менен АКШнын башка карым-катнашынын алгачкы жылдары тууралуу эмне айтаар элеңиз?

Уильям Кортни: АКШ Казакстандын эгемендигин тааныган алгачкы өлкөлөрдүн бири болгон. Бул өлкөдөгү биздин элчилик СССРдин акыркы лидери Михаил Горбачев ядролук куралды башкаруу укугун Орусияга өткөрүп берген жарлыкка кол койгондон беш күн өткөндөн кийин, 1992-жылдын февраль айында түзүлгөн. Анда эки негизги милдет турган.

Биринчиси, ядролук куралдан арылуу. Казакстан Семипалатинск аймагындагы өзөктүк сыноолордун кесепетинен катуу жабыркаган эле. Андыктан Казакстан бул маселеде Батыш өлкөлөрү, анын ичинде АКШ жана Орусия менен кызматташууга даяр болчу. Бардыгы жакшы бүттү. Казакстан ядролук арсеналы бар Украина жана Беларустан биринчи болуп, бул куралды жок кылган.

Мурдагы элчи Уильям Кортни
Мурдагы элчи Уильям Кортни

Казакстандын батышындагы жана Каспийдеги ири мунай байлыгы экинчи артыкчылыктуу багыт болгон. Бирок жогорку сапаттагы мунай жердин тереңинде жайгашкандыктан аны өндүрүү кыйын болчу.

Андыктан Казакстан Батыштан инвестиция тартууга аракет кыла баштаган. Америкалык Chevron компаниясы бул мүмкүнчүлүктү изилдөөгө киришип, анын соңунда Тенгиз кенин иштетүүгө укук алган жана мурдагы советтик аймактагы биринчи ири чет өлкөлүк инвестор болуп калган.

Бул эки маселе баштан бери эң маанилүү, артыкчылыктуу багытка айланган. Экөөндө тең Казакстан менен АКШнын кызматташтыгы жогорку деңгээлде болгон.

- Натыйжада Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу АКШнын Казакстан менен өзгөчө бир соода алакасы бар деп айтса болобу?

Уильям Кортни: Соода менен инвестицияны бөлүп кароо керек. Мунай долбоорлору чындыгында инвестициялык долбоорлор. Тенгиз жана Кашаган кендери бул жааттагы эки ири долбоор. Адеп жээкте жайгашкан Кашаган мунай кенин иштетүү кийинкиге калтырылган болчу. Бирок азыр иш жүрүп жатат. Аны курамына америкалык ExxonMobil компаниясы да кирген ири эл аралык консорциум башкарат. ExxonMobil Тенгиз долбооруна да катышат. Андыктан бул эки кен Батыштын Борбор Азиядагы эң ири инвестициялык долбоорлорунун бири болуп калды.

Мындан тышкары Казакстанда “Карачаганак” аттуу үчүнчү долбоор да бар. Эгер Борбор Азияны карасак, Батыштын ири инвестицияларынын көбү чындыгында Казакстанга туура келет экен. Астанадан алыс эмес жерде General Electric деп аталган локомотив заводу бар. Башка долбоорлор да жок эмес. Бирок алардын көбү энергетика тармагына туура келет.

Нурсултан Назарбаев менен АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын кездешүүсү, Санкт-Петербург, 2013-жыл.
Нурсултан Назарбаев менен АКШнын мурдагы президенти Барак Обаманын кездешүүсү, Санкт-Петербург, 2013-жыл.

- Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдөн айырмаланып Казакстан АКШ баштаган эл аралык коалициянын Ирактагы операцияларына да кол кабыш кылганы бар. Муну да АКШ менен Казакстандын мамилесиндеги дагы бир уникалдуу тармак деп атаса болобу?

Уильям Кортни: Америка менен Казакстандын ортосундагы аскердик кызматташтык бара-бара түзүлгөн. Казакстан өзүнүн жалпы стратегиясынын алкагында жалгыз гана регионалдык эмес, глобалдык ролду ойноону максат кылып келет. Аны бир катар тармактарда аткарып жатат. Албетте, алардын бири бейпилдик күчтөрүнө байланыштуу. Казакстан Европанын коопсуздук жана кызматтык уюмуна төрагалык кылган советтик чөлкөмдөн чыккан биринчи өлкө болуп калды. Ислам кызматташтык уюмуна да төрагалык кылган. Казакстан Шанхай кызматташтык уюмунда башкы оюнчулардын бирине айлана алды.

Муну менен Казакстан жакынкы коңшулары менен гана тыгыз кызматташып тим болбостон, дүйнөлүк коомчулукту кызыктыруу жолдорун издештирип жатат. Бул Казакстанга өз эгемендиги менен суверендүүлүгүнө карата башка өлкөлөрдүн сый-урматына ээ болууга жардам берет. Түрдүү өлкөлөр менен мамиле түзгөнү үчүн экономикалык өнөктөштөрдү табууга да көмөкчү болот.

- Казакстан январь айында Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине төрагалык кыла баштабадыбы. Бул тармакка Казакстан эмне жаңылык алып келе алат?

Январь айынын башында Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кыла баштады.
Январь айынын башында Казакстан БУУнун Коопсуздук кеңешине төрагалык кыла баштады.

Уильям Кортни: Казакстан эки жылга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланганы маалым. Казакстандын бул багытта эки күчтүү жагы бар. Биринчиден, бул өлкө башкаларга салыштырмалуу Ооганстандагы кырдаал жана анын күңгөй-тескейин жакшы билет.

Экинчиден, “Ислам мамлекети” радикал тобу жана Ирак менен Сириядагы согушкерлер тууралуу да салыштырмалуу маалыматы көп. Андыктан Казакстан Коопсуздук кеңешинин алкагында бул маселелерди чечүүдө кошумча маалымат же тажрыйба сунуш кыла алышы мүмкүн.

Казакстан ядролук куралды таратпоо жаатында үлгүлүү өлкө катары өзүн көрсөткөнү үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешинде алдыңкы позицияларды алууга мүмкүнчүлүгү бар. Мисалы, жакында Казакстанда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) төмөн байытылган уран сакталчу кампасы ачылды. Бул казак бийлигинин ядролук куралдын жайылышын токтотууга кошкон дагы бир салымы болуп калды. Аталган кампа дүйнөдөгү атомдук реакторлорду төмөн байытылган уран менен камсыз кылып турат.

Андыктан Казакстан соңку 25 жылда ядролук куралды жайылтпоо тармагына чоң салым кошту. Бул өз кезегинде Улуттар уюмунун коопсуздук кеңешинде Казакстандын кадырын көтөрөт.

(Маекти которгон - Кубат Касымбеков)

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG