Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:20

АКШ Борбор Азия менен кызматташтыкты күчөтөт


Кыргызстан менен АКШнын желектери.
Кыргызстан менен АКШнын желектери.

12-январда АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс басма сөз жыйынын өткөрүп, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин АКШга болчу иш сапары тууралуу айтып берди.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин Вашингтонго расмий иш сапарын утурлай АКШ мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары, Түштүк жана Борбор Азия боюнча элчи Элис Уэллс маалымат жыйынын өткөрдү. Анда Назарбаевдин иш сапары учурунда карала турган маселелер, Борбор Азия өлкөлөрү менен Американын кызматташтыгындагы жаңы өңүттөр тууралуу сөз кылды. Алдыдагы аптада Вашингтондо Назарбаев менен Дональд Трамп жолугушуп, эки өлкөнүн ымаласын талкуулашат.

- Казакстандын өлкө башчысы Назарбаев АКШ президенти Трамп менен жолугушуп, чогуу түштөнүшөт. Андан соң вице-президент да Назарбаев менен жолугат. Эки өлкө башчысы бардык багыттар боюнча терең пикир алышат деп ишенем. Айрыкча эл аралык мамилелер, өз ара кызматташтык жолугушуунун өзөктүк темасы болмокчу, - деди Элис Уэллс.

Нурсултан Назарбаев жана Дональд Трамп.
Нурсултан Назарбаев жана Дональд Трамп.

Казакстан менен АКШнын ортосундагы соода, экономикалык, коопсуздук кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн элчи Элис Уэллс декабрь айында Астанада болуп, стратегиялык байланыштарды талкуулаган. Билим берүү жаатында АКШ Казакстанга ири суммада гранттык жардам көрсөтүп жатканын, мисалы 2016-жылы 3,3 миллион долларлык билим берүүдөгү тажрыйба алмашуу программалары ишке ашканын Уэллс белгиледи.

"С5+1" платформасына 15 миллион доллар бөлүндү

Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечеги кең, ар тараптуу өнүккөн өлкө катары көргүбүз келет. Жакында эле президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп, бийликтин тынч алмашуусу мактоого татыйт. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен кызматташууга даярбыз,
Элис Уэллс

Ошондой эле маалымат жыйынында мурдагы президент Барак Обаманын учурунда аймактагы мамлекеттердин АКШ менен байланышын күчөтүүнү көздөгөн "С5+1" келишиминин мындан аркы тагдыры кандай болот деген суроо коюлуп, элчи ага:

- "С5+1" платформасын абдан пайдалуу жана конструктивдүү долбоорлордун бири десек болот. Мурдагы администрация тарабынан демилгеленип, азыр президент Дональд Трамптын администрациясы да бул долбоорду колдоп, аны улантууга белсенген. Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Нью-Йоркто платформага кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери менен жолугушкан. Мындан ары да бул байланышты үзбөй, Борбор Азияда жолугушуу өткөрүүнү пландап жатат. Бул багытта Конгресстин да колдоосун алдык. "С5+1" форматына каржылык колдоо иретинде 15 миллион доллар каражат бөлүнүп жатат, - деген жооп айтты.

Өзбекстан ири долбоорлорду ишке ашыра алат

Элчи Уэллс Өзбекстандын акыркы учурда эл аралык аренага улам жаңы кадамдарды таштап жатканын кубаттап, Борбор Азиядагы бардык өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын АКШ сыйларын жана аны менен катар Өзбекстан менен да кызматташууга даяр экендиктерин айтты: ​

- Борбор Азияны узак убакыттан бери ар тараптан колдоп келебиз. Азыр да Түштүк жана Орто Азия өлкөлөрүнө карата атайын стратегиянын алкагында ар тараптуу, анын ичинде экономикалык да байланышыбызды чыңдай беребиз. Өзбекстандын акыркы учурда дүйнөгө ачылуусу абдан дымактуу жаңы долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзмөкчү. Борбор Азия өлкөлөрү менен стратегиялык максатыбыз бир. Өзөктүү байланышыбыз экономикалык интеграция, эл аралык террор менен күрөшүүдө аймакты күчтөндүрүүгө багытталган.

Элис Уэллс
Элис Уэллс

Кыргызстан менен байланыш мурдагыдай эле уланат

Кыргызстан менен АКШ ортосундагы өз ара кызматташтык келишими 2015-жылы кыргыз бийлигинин демилгеси менен жокко чыгарылган. Президент Дональд Трамптын администрациясы Кыргызстан менен байланышты мындан ары кандай багытта улантат жана деги эле Кыргызстанга Трамп бийлиги кызыгабы деген суроого:

- Кыргызстан менен кызматташтыкка АКШ бийлиги ар дайым даяр. 26 жылдык өз ара мамиле учурунда АКШ бул өлкөгө эки миллиард долларлык жардам көрсөттү. Экономикалык, билим берүү жана коопсуздук жаатында бир топ долбоорлор ишке ашууда. Кыргызстанды Борбор Азиядагы келечеги кең, ар тараптуу өнүккөн өлкө катары көргүбүз келет. Жакында эле президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп, бийликтин тынч алмашуусу мактоого татыйт. Жаңы президент Сооронбай Жээнбеков менен кызматташууга даярбыз, - деп жооп кайтарды Уэллс.

АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен. Нью-Йорк, 22-сентябрь, 2017-жыл
АКШнын мамлекеттик катчысы Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен. Нью-Йорк, 22-сентябрь, 2017-жыл

Ошондой эле өлкөдө акыркы мезгилде массалык маалымат каражаттарынын миллиондогон суммалык доого жыгылуусун сөз эркиндигине түшкөн көлөкө катары сыпаттап, Кыргызстан аймактагы өлкөлөрдүн ичинен сөз эркиндигинин лидери болуп келгенин, бул макамды жоготуп албоо жана коомдогу ар тараптуу көз караштардын калыптануусун шарттоо үчүн кыргыз бийлиги сөз эркиндигин сыйлашы шарт деди.

Элис Уэллс АКШ дипломатиялык кызматынын жогорку адиси, Түштүк жана Борбор Азия боюнча мамлекеттик катчынын жардамчысы кызматына 2017-жылдын 26-июнунда дайындалган. Буга чейин ал АКШнын Иорданиядагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси болуп иштеген.

2012-13-жылдары Орусия, Борбор Азия маселелери боюнча президенттин жардамчысы кызматында турган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG