Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:47

Иран: кош кризис маалындагы шайлоо


Добуш берүүгө келген Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи. 18-июнь, 2021-жыл.
Добуш берүүгө келген Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи. 18-июнь, 2021-жыл.

Иранда 18-июнда президенттик шайлоо өтүп жатат. Бул жолку добуш берүү АКШ санкцияларынан жана коронавирус пандемиясынан улам экономика кризиске кептелип жаткан маалга туш келди.

Сурамжылоолор ирандыктардын көбү тандоонун жоктугуна байланыштуу, добуш берүүгө барбай турганын көрсөтүүдө. Талапкерлердин арасынан ашынган диниятчы, Ирандын сот тармагын жетектеген Ибрагим Раисинин президент болуу мүмкүнчүлүгү жогору бааланып жатат.

"Менин жашым алтымыштан ашты. Жаш кезимде Ирандын шахына каршы чыккам. Мен өз тандоомду жасаш үчүн революцияга катышкам. Мен өз өлкөмдү жакшы көрөм. Бирок бул талапкерлерди кабыл албайм".

Тегерандын жашоочусу Аболфазель сыяктуу добуш берүүнү каалабагандардын саны бул ирет абдан көп. Алардын дээрлик баардыгы тандоо жок экенин айтышат.

Арасында араңжан экономиканын абалына, мамлекеттик куугунтуктоолорго жана эч кандай өзгөрүүлөрдү жасай албаган саясатчыларга нааразылар да бар.

Ирандын сакчылар кеңеши президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген 590дой адамдын ичинен жети талапкерди гана жактырган. Аталган кеңештин мүчөлөрү президенттикке аттанууну көздөгөн байистүү саясатчыларды каттоодон өткөрбөй коюшту.

"Мен 47 жыл автомеханик болуп иштедим. Мен саясатчы эмесмин, саясатты түшүнбөйм. Дүкөнүмдүн ижарасын төлөй албай калганым үчүн баарын жаптым. Азыр акчам жок, башкалар деле кыйналып жатат. Кантип биз ушуга жеткирген адамдар үчүн добуш беришибиз керек? Бул туура эмес", - деди баш калаанын дагы бир тургуну Насроллах.

Ирандагы студенттердин агенттиги өткөргөн сурамжылоого караганда, добуш берүү укугу бар 59 миллион адамдын 42% гана шайлоого катышарын айтышкан. 2017-жылкы шайлоого добуш берүүгө укуктуулардын 73% катышкан.

Ирандын Жогорку руханий лидери аятолла Али Хаменеи ирандыктарды добуш берүүгө чакырып, элди шайлоого катышпоого үндөп жаткан "душмандарды" сынга алды.

"Ар бир добуш маанилүү. Келип, өз добушуңарды берип, президентиңерди тандагыла. Бул силердин мамлекет үчүн зор мааниге ээ", - деди Хаменеи Тегеранда добуш бергенден кийин.

Ички иштер министри Абдолрахман Фазли да мурункуларга салыштырмалуу бул жолку шайлоого аз киши келерин боолгогон. Ал мунун себебин курч атаандаштыктын жоктугунан жана коронавирус пандемиясынан көрөт.

Иран президенттигине талапкер Абдолнассер Хеммати. 18-июнь, 2021-жыл.
Иран президенттигине талапкер Абдолнассер Хеммати. 18-июнь, 2021-жыл.

Талапкерлер

Ирандын Сакчылар кеңеши жактырган жети талапкердин бири Алиреза Закани шайлоого бир күн калганда өз талапкерлигин алып салды. Калгандардын ичинен 60 жаштагы ашынган диниятчы, Ирандын сот тармагын жетектеген Ибрагим Раисинин алдыга чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору экенин эксперттер белгилешет.

Аятолла Али Хаменеинин жердеши, жакын санаалашы катары мүнөздөлүп келген Раиси 2017-жылкы президенттик шайлоодо азыркы президент Роуханиге утулуп калган. Ал 1988-жылы миңдеген саясий туткундарды өлүм жазасына кескен сот жараяндарын тескегендердин бири болгон. Укук коргоочулар Раиси адамзатка каршы кылмыштарга жоопкер деп эсептешет.

Раисинин башкы атаандашы саналып жаткан Абдолнасер Хеммати президенттикке аттануу үчүн Ирандын борбордук банкынын башчылыгынан кеткен. 64 жаштагы Хеммати мамлекеттик чектөөлөрдү сындап, реформаны каалаган ирандыктарга кайрылып жатып соңку күндөрү кандайдыр бир колдоого ээ боло алды. Анткен менен сурамжылоолор ал добуштардын саны боюнча артта калары боолголонуп жатат.

Азыркы президент Хасан Роухани мыйзамга ылайык, эки мөөнөт отургандан кийин мамлекет башчылыкка талапкерлигин коё албайт.

Добуш берүүгө катышкандардын саны аз болсо шайлоонун жыйынтыгынын мыйзамдуулугу күмөн жаратышы ыктымал. Эгер талапкерлердин бири да жетиштүү добуш албаса, алдыңкы экөө экинчи айлампага чыгышат. 18-июндун башында бир канча добуш берүү бекеттеринде, анын ичинде Тегеранда техникалык маселелер жаралганы кабарланды. Анткен менен ички иштер министри Абдолрахман Фазли добуш берүү өлкөдөгү 70 миңдей шайлоо бекеттеринин биринде да токтобогонун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG