Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Ирандагы АКШ менен алаканы үзгөн күн


Ирандагы демонстрациянын катышуучулары. Тегеран. 4-ноябрь, 2019-жыл.
Ирандагы демонстрациянын катышуучулары. Тегеран. 4-ноябрь, 2019-жыл.

Иранда АКШ элчилигине чабуул коюлган күндүн 40 жылдыгы белгиленди. Тегерандагы элчиликти студенттер 1979-жылдын 4-ноябрында басып алып, 52 америкалык 444 күн барымтада турушкан.

Америкалык элчиликтин басып алынышынын 40 жылдыгына карата митингдер өлкө боюнча миңдей шаарда өткөнүн мамлекеттик маалымат каражаттары кабарлашты.

Тегеранда мурдагы элчиликтин имаратынын айланасында топтолгондор АКШнын желектерин өрттөштү.

Демонстранттар АКШ жана Израилге каршы ураандарды чакырышып, "Америкага өлүм!" деп кыйкырышты.

1979-жылдын 4-ноябрында АКШнын Тегерандагы элчилигине студенттер кол салып басып алышкан. Натыйжада 52 америкалык 444 күн барымтада турушкан.

Эки өлкөнүн дипломатиялык мамилеси үзүлүшүнө алып келген бул окуя Вашингтон Ирандын бийликтен кулатылган шахы Мохаммед Реза Пехлевини Тегеранга өткөрүп берүүдөн баш тарткандан кийин болгон. Андан бери эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамиле кайра түзүлгөн жок.

АКШ элчилигине жасалган чабуулду баяндаган "Арго" тасмасы 2013-жылы “Оскар” сыйлыгын алган. Бен Аффлектин тасмасында канадалык элчинин резиденциясына жан соогалап келген америкалык дипломаттардын аман куткарылышы сүрөттөлгөн.

Окуянын 40 жылдыгы АКШ менен Ирандын ортосундагы алака курчуп турган маалга туш келди. Былтыр Американын президенти Дональд Трамп 2015-жылы Тегеран менен дүйнөлүк алты державанын ортосунда түзүлгөн өзөктүк келишимден Вашингтон чыгарын жарыялаган.

Андан соң Кошмо Штаттар Иранга каршы буга чейин болуп көрбөгөндөй экономикалык санкцияларды киргизди.

Дүйшөмбүдө жасаган билдирүүсүндө Ак үйдүн маалымат катчысы Стефани Гришам Иран багытын өзгөрмөтмөйүнчө санцияларды киргизүүнү уланта бере турганын билдирди.

- Бүгүн биз кыянаттуу окуянын курмандыктарын эскерип жатабыз. Иран режими ийгиликсиз эл аралык алакаларында куурчак катары колдонуу үчүн эч күнөөсүз адамдарды куугунтуктоону улантып жатат. Иран мындай аракеттерин жана кара мүртөздүгүн өзгөртмөйүнчө биз болуп көрбөгөндөй катаал санкцияларды киргизүүнү уланта беребиз.

2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия кол койгон келишимге ылайык, Иран өзөктүк программасын чектеп, Тегеранга салынган эл аралык санкциялар да алынган.

Ал келишимге ылайык, он жыл ичинде уранды байытуу үчүн колдоно турган центрифугалардын саны 5060тан, байытылган урандын көлөмү 15 жыл ичинде 300 килограммдан, ал эми уранды байытуунун деңгээли 3,67% жогору болбоого тийиш экени көрсөтүлгөн.

Центрифугалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Центрифугалар. Иллюстрациялык сүрөт.

Чабуулдун 40 жылдыгы белгиленип жаткан маалда Тегеран келишимдин алкагында өзүнө алган милдеттенмелерин дагы кыскартканын жарыялады. Учурда документте уруксат берилген шарттагыдан 50 эсе тез иштеген центрифуганын прототиби бар экенин 4-ноябрда Ирандын Атомдук энергетика боюнча мекемесинин башчысы Али Акбар Салехи билдирип, бул аракеттер анын өлкөсүнүн “чечкиндүүлүгүн жана потенциалын” көрсөтөрүн кошумчалады.

Быйыл сентябрда өткөн Бириккен Улуттар Уюмунунун Башкы Ассамблеясынын жыйынында Британиянын, Франциянын, Германиянын жана Жапониянын мамлекет башчылары АКШ менен Ирандын президенттерин сүйлөшүүгө чакырышкан.

Ирандын Жогорку Руханий лидери Аятолла Али Хаменеи 3-ноябрда жасаган билдирүүсүндө Кошмо Штаттар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө тыюу салды:

- Айрымдар Америка менен сүйлөшүүлөр биздин өлкөнүн көйгөйлөрүн чечет деген пикирде. Бул чоң жаңылыштык. Алар 100% жаңылышат. Экинчи жагынан, Иранды сүйлөшүүлөргө мажбурлап, макул кылуу - Ислам Республикасын чөгөлөтүү дегенди билдирет. Алар экономикалык басым жана катаал санкциялар аркылуу Иранды тизелетип, сүйлөшүүгө барууга аргасыз кылса болот экен дегенди далилдөөнү каалашат.

Ирандын Жогорку Руханий лидери Аятолла Али Хаменеи. Тегеран. 3-ноябрь, 2019-жыл.
Ирандын Жогорку Руханий лидери Аятолла Али Хаменеи. Тегеран. 3-ноябрь, 2019-жыл.

Ал эми Трамп Ирандын жетекчилигин биринчи орунга ирандыктардын кызыкчылыгын коюуга үндөп, эгер бул өлкөнүн саясаты өзгөрбөсө санкциялар азыркыдан да катаал болорун эскерткен.

Ал 2015-жылдагы келишимде коюлган шарттар Тегерандын өзөктүк программасын ооздуктоо үчүн жетишерлик деңгээлде катаал болгон эмес деп эсептейт. Иран мындай дооматтарды четке кагып, анын өзөктүк программасы бир гана энергетикалык максаттарын ишке ашыруу үчүн колдонулат деген пикирин байма-бай кайталап айтып келет.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG