Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:14

Иран ийге келе баштагандай


Парчин жайы (Спутниктен тартылган сүрөт)
Парчин жайы (Спутниктен тартылган сүрөт)

Багдадда бүгүн Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча кезектеги сүйлөшүүлөр өтөт.

Аны утурлай МАГАТЭнин башчысы Иран өзөктүк долбоорлорун текшертүүгө көнүп жаткандыгын жарыялады. Вашингтон менен Тегеран болсо Багдаддагы сүйлөшүүлөргө үмүт артарын белгилешти.

Ирандын талаштуу өзөктүк программасы боюнча кризистен чыгуу жолдорун Багдадда адаттагыдай эле БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү: АКШ, Британия, Франция, Орусия, Кытай жана Германия Ирандын өзү менен талкуулайт.

Парчинге кирүү

Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттиктин бул сүйлөшүүлөр алдында Тегеранга барып келген башчысы Юкио Аманонун 22-майда кабарчыларга айтканына караганда, Иран өзөктүк долбоорлорун эл аралык инспекторлорго текшертүүгө принцибинде макул болду.

Бул үчүн МАГАТЭ менен Иран тиешелүү келишимге жакын арада кол койот, бирок ага чейин эки тарап майда-барат пикир келишпестиктерди четтетүүсү зарыл:

Юкио Амано
Юкио Амано
- Мен келишимге жакын арада кол коюлат деп айта алам. Бирок канчалык жакында болорун айта албайм. Бул саналуу күн ичинде аныкталат. Мен Парчин жайына кирүү маселесин көтөрдүм. Бул маселе документке структуралык мамиле кылуунун алкагында ишке ашырылат.

Борбор Тегеранга жакын жайгашкан Парчин аскердик комплекси МАГАТЭнин да, Батыш өлкөлөрүнүн да олуттуу шек саноосун жараткан объект. Алардын болжолунда, Иран бул жайда 2000-жылы курулган атайын контейнерде, өзөктүк программасын жашыруунун алкагында кубаты күчтүү жардырууларды сынап жатышы мүмкүн. Тегеран болсо Батыштын мындай шек саноолорун “күлкүлүү” деп атаган.

Иранды мына ушул Парчин аскерий комплексине эл аралык инспекторлордун киришине жол ачууга ынандыруу – Багдаддагы сүйлөшүүлөрдө эң биринчи кезекте чечүүнү талап кылган маселе.

Ыктымал мунаса

МАГАТЭ башчысынын жарыясы Тегеран Багдаддагы жолугушууда өзөктүк долбоолорун текшертүүгө көнгөндүн ордуна Батышты ага каршы киргизилген санкцияларды жоюуга чакырышы мүмкүн деген жоромолдорду күчөттү.

Кокус окуялар ушундай өнүксө, мунасага келиш үчүн эки тарап тең олуттуу чегинүүлөргө барышына кыртыш жаралган болот.

Ирандын бул сүйлөшүүлөрдөгү башкы өкүлү Саид Жалили Тегеран эл аралык коомчулук менен “жаңы кызматташтыктын” башталуусуна үмүттөнөрүнө токтолду:

- Биз Стамбулда макулдашууга жетишкенбиз. Бул - жаңы кызматташтык үчүн негиз. Биз Багдаддагы сүйлөшүүлөр мындай кызматташтыкка келбет берүүчү диалог болот деп үмүттөнөбүз.

Сүйлөшүүлөрдүн жандануусуна жол ачкан жолугушуу өткөн айда Багдадда болгон.

Батыш өлкөлөрү Ирандын сүйлөшүүлөргө эми олуттуу көңүл бура баштоосу катаал каржылык санкциялардын соңку айларда тийген таасиринен улам деген ишенимде. Алар сүйлөшүүлөрдө жылыш болбосо санкциялар дагы күчөтүлөрүн эскертишкен.

АКШ президенти Барак Обама апта соңунда, "Чоң сегиздин" саммити учурунда Багдадда күтүлүп жаткан сүйлөшүүлөр жөнүндө буларды айткан болчу:

- Биз Багдаддагы сүйлөшүүлөргө үмүт артабыз. Бирок биз баарыбыз санкциялар менен кысымды дипломатиялык талкуулар менен айкалыштырып улантуу ниетиндебиз. Бул маселени тынчтык жолу менен чече алабыз деген үмүттөбүз.

Обаманын бул сөздөрүнө чейин АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасы 18-майда Ак үйгө сунуш иретиндеги резолюцияны кабыл алган. Анда Иран “өзөктүк куралга ээ болгонго чейин токтотулушу керектиги”, Конгресс Ирандан келген өзөктүк коркунучка жумшагыраак мамиле кылган саясатка каршы экендиги көрсөтүлгөн. Бирок Ак үй кризистен чыгуу үчүн Иран уранды кандайдыр бир деңгээлде байытуусуна көнүшү ыктымал деген маалыматтар да түшүүдө.

“Нью-Йорк Таймс” гезитинин жазганына караганда, АКШнын жана башка беш ири державанын расмий өкүлдөрү Багдаддагы бүгүнкү жыйынга Иранга ал уранды 20% деңгээлде байыткандан кийин токтотушу үчүн ага айрым стимулдарды берүүгө даяр болуп бара жатат.

Бирок мындай келишим кылдат текшерүү механизмдерин жана Ирандын өзөктүк программасы тынчтык максатты гана көздөрү боюнча башка кепилдиктерди камтуусу керек.

Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңеши Ирандан уран байытууну токтотууну талап кылып, бирнече санкция киргизген.

Жогорку деңгээлде байытылган уран - өзөктүк бомба жасоодо колдонулуучу зат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG