Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:56

Иран менен Пакистан «бирдиктүү күч» түзөт


Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен Ирандын президенти Хасан Роухани. 22-апрель, 2019-жыл. Тегеран.
Пакистандын премьер-министри Имран Хан менен Ирандын президенти Хасан Роухани. 22-апрель, 2019-жыл. Тегеран.

Ирандын президенти Хасан Роухани менен Тегеранга барган Пакистандын премьер-министри Имран Хан чек ара аймактарындагы террорчулукка каршы тез чара көрө турган «бирдиктүү күч» түзүү тууралуу макулдашты.

Пакистандын премьер-министри Имран Хан Иранга эки күндүк биринчи расмий сапар менен эки өлкөнүн алакасы чыңалып турган маалда барды.

Бир нече айдан бери эки тарап чек аралаш аймактарды байырлаган деп шек саналган террордук топторго каршы жетиштүү чара көрбөй жатканы үчүн бири-бирин айыптап жаткан.

Бир нече күн мурда эле Исламабад Белужистан провинциясында аскер кызматкерлерине болгон кол салууну уюштургандар Иран тараптан келгенин билдирип, Тегеранды куралчан жоочуларга каршы чара көрүүгө чакырган.

Пакистандын өкмөт башчысы Ирандагы расмий сапарын Мешхед шаарын кыдыруудан баштады. Ал калаадагы шиит мусулмандары ыйык деп эсептеген Имам Резанын күмбөзүнө барды.

Андан соң Тегерандагы президенттик сарайда эки лидердин сүйлөшүүсү өттү. Жолугушуудан кийинки басма сөз жыйында Хасан Роухани эч кандай үчүнчү мамлекет Иран-Пакистан алакасына көлөкө түшүрө албай турганын белгиледи. Айрым байкоочулар муну менен Ирандын лидери АКШ тууралуу кыйытканын айтышты.

«Биз коопсуздук багытында, чек ара күчтөрүбүздүн жана чалгын кеңселербиздин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүнү сүйлөштүк. Ошондой эле биз чек араларда террорчулукка каршы күрөш үчүн ыкчам аракеттеги биргелешкен күчтөрдү түзүүнү макулдаштык», - деген Хасан Роухани Тегеран Исламабад менен соода алакасын кеңейтүүгө даяр экенин ишарат кылды.

Имран Хан.
Имран Хан.

«Террорчулук маселеси бөлүп-жаруучу факторго айланып, биздин өлкөлөрдүн ортосундагы пикир келишпестикти күчөтчүдөй болуп турган. Коопсуздук боюнча жетекчибиз менен бирге бул жакка келгеним жана бул маселени чечкенибиз маанилүү болду», - деди Пакистандын премьер-министри Имран Хан.

20-апрелде Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши эки күн мурда 15тей аскер кийимчен куралчан адам Белужистан провинциясындагы армия кызматкерлерине кол салып, андан 14 аскер мерт болгонун билдирген.

Тышкы иштер министрлиги Иран өкмөтүнө кат жөнөтүп, анда кол салгандар бул өлкөнүн аймагында жайгашкан террордук уюмдун өкүлдөрү экени жазылган. Куреши маселени өлкөнүн премьер-министри расмий Тегеран менен талкуулай турганын билдирген.

Быйыл жыл башында Тегеран Ислам революциясынын сакчылар корпусунун 27 мүчөсүнүн өмүрүн алган кол салууга Пакистанда жайгашкан жоочулар тобун айыптаган. Февраль айында болгон окуя Пакистан менен чектеш Ирандын түштүк-чыгыш аймагында катталган. Жардыруу үчүн «Жайш аль-Адл» экстремистик тобу жоопкерчилик алган.

Коңшу эки мамлекеттин ортосунда дипломатиялык алакалар биринчи жолу 1947-жылы негизделген. Иран Пакистандын эгемендигин тааныган биринчи мамлекет болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG