Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Шиит милициясы Ирак армиясына кол сунду


Рамадини таштап качкан суннит качкындадын тобу Багдаддын четинде. 16-май 2015.
Рамадини таштап качкан суннит качкындадын тобу Багдаддын четинде. 16-май 2015.

Ирактын коопсуздук күчтөрү шиит милициясы менен биргеликте Рамади шаарын кайра алууга чамданууда. Анбар провинциясынын административдик борборун “Ислам мамлекети” тобунун согушчандары 17-майда басып алган.

Рамади шаары Багдаддан 110 чакырым батышта жайгашкан. Ал стратегиялык жактан маанилүү Анбар провинциясынын борбору. Суннит калктуу аймак Сирия, Иордания жана Сауд Арабиясы менен чектешет. Былтыр июнда “Ислам мамлекети” тобунун желдеттери Ирактын үчтөн бир бөлүгүн ээлегенде, Анбар провинциясын да басып алган. Бирок, алар үчүн 17-майга чейин Рамади “багынбас чеп” болуп турду. 17-майда премьер-министр Хайдер ал-Абади шиит милициясы Анбарга жардамга барат деп, аскерлерге өңүттөрүндө бекем турууну буйруган. Ага карабай, Анбар провинциясынын губернаторунун өкүлү Мухаммед Хаймур билдиргендей, жекшемби күнү “Рамади толук колдон чыкты.

Ал эми ”Жихадчылардын сайты: “Халифаттын жоокерлери Рамадини жана Ирак армиясынын Анбардагы командалык пунктун толук ээлешип, бир батальон танк жана ракета аткычтарды колго түшүрүштү” деп жазды.

Рамади шаары согуш кучагында. 16-май 2015.
Рамади шаары согуш кучагында. 16-май 2015.

Ирак полициячынын айтымында, аскерлер жихадчыларга 30 чакты аскердик унааны жана куралдарды, анын ичинде артиллериялык жарактарды калтырып кеткен.

Халифатчылар-АКШ башындагы коалиция абадан сокку урганына карабай-Рамадиге чабуулду өткөн жумада баштаган жана 15-май күнү негизги өкмөттүк имараттарды ээлешип, алардын төбөлөрүнө кара желегин орноткон болчу.

Бул жагдайда премьер-министр ал-Абади АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Ллойд Остин менен согушчандарга каршы уруштун жүрүшүн талкуулады.

18-майда Анбар провинциалдык кеңешинин төрагасы Сабах Каргуттун билдиришинче, шиит милициясы өкмөттүк күчтөргө кошулуп, Рамадини алганга даярдык көрүүдө. Шиит милициясы - өкмөт контролдогон Элдик мобилизация биримдигине (Хашид ал-Шааби) кирет. Алар Рамадинин четиндеги аскерий бөлүккө 17-майда шамга чукул келип кошула баштаган деп кошумчалады Каргут.

Рамадини калтырып бараткан сунниттер. 15-май 2015
Рамадини калтырып бараткан сунниттер. 15-май 2015

“Азаттык” радиосунун Анбар провинциясындагы кабарчысынын билдиришинче, дүйшөмбүгө караган түнү аскерлер Рамадинин батыш бөлүгүндө контрчабуулга өтө баштады.

Багдаддан Рамадини көздөй жаңы күчтөр баратканы, АКШ башындагы коалициянын учактары халифатчылардын өңүттөрүнө сокку урууну улантып жатканы кабарланууда.

Ал-Абади суннилердин өкмөтчүл лидерлери жана АКШ шиит милициясынын Рамадиге жайгаштырылышына көңүлсүнбөй жаткан. Бирок, 18-майда Анбардын сунни жетекчилигинин айтымында, соңку окуялар Ирак өкмөтү Иран колдогон Элдик мобилизация биримдигинин жардамына муктаж экенин көрсөттү.

Ал эми “Ислам мамлекети” тобунун тышкы байланышы жана финансылык булактары кыскарган. Бул тууралуу АКШ мамкатчысы Жон Керри 18-майда Сеулдагы сапары маалында билдирди: "...согушчандардын байланышы кыскарды, алардын каржы жана финансы механизмдери азайды, жакынкы күндөрдөгү авиапатрулдардан улам бардык жерлерде болбосо да алардын кыймылы чектелди. Биз Рамадиде көргөндөй чабуулдар дагы болушу ыктымал. Бирок, жакынкы күндөрү алардын мизи кайтарыларына өтө ишенем.”

Ирак өкмөтүнүн маалымдашынча, жихадчылардын Рамадидеги чабуулу кезде 500дөй жаран жана аскер өлгөн. Эл аралык миграция уюмунун кабарлашынча, акыркы эки күндөгү уруштун кесепетинен 8 миңдей адам там-жайын таштап, бозгун болуп кетти.

XS
SM
MD
LG