Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:00

Эксперттер эскерткен коркунучтар


Сүрөттө: Жалал-Абадда өткөн аскердик машыгуу. 2013-жыл
Сүрөттө: Жалал-Абадда өткөн аскердик машыгуу. 2013-жыл

Быйыл Кыргызстанда чоң саясий окуя - парламенттик шайлоо өтөт. Ошону менен бирге "Ислам мамлекети" тобунун кыйыр таасири, чек аралардагы чыр-чатактардан улам өлкө бийлиги быйыл коопсуздукка өзгөчө көңүл бурушу керектиги айтылууда.

Эксперттер "Ислам мамлекети" радикал тобунун курамында согушуу үчүн кеткен кыргызстандыктардын көбөйүүсү, өлкөнүн чек ара маселелерин чечүүдө эч кандай жылыш болбой жатканы жана күзгө белгиленген парламенттик шайлоо - мунун баары өлкөдөгү коомдук-саясий абалды туруксуздаштыруучу факторлор болуп калышы мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Чырдын башы - такталбаган чек ара

12-майда кыргыз-өзбек чек арасында жаңжал катталып, өзбек чек арачылары аткан октон бир адам каза тапты. Тактала элек чек ара аймагында болгон бул окуя да чек арадагы коопсуздук маселесин чечүү зарыл экенин көрсөтүп жаткандай. Байкоочулар чек аралардын эмдигиче такталбай жатышы элдин коопсуздугуна гана эмес, эң ириде мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирет деген пикирди билдиришүүдө.

Коопсуздук боюнча эксперт, генерал Артур Медетбеков учурдагы бийлик келгенден бери чек арада бир да жылыш болгон жок деген ойдо:

Артур Медетбеков
Артур Медетбеков

- Чек ара такталбаганынан, тастыкталбаганынан, маселелери чечилбегенинен пайдаланып, терс күчтөр, ошол эле ислам динине жамынган экстремисттик топтор, андан тышкары саясатка аралашып жүргөн айрым абийирсиз адамдар Кыргызстан мамлекетинин коопсуздугуна чоң зыян келтириши мүмкүн.

Артур Медетбеков ар кандай олку-солкулукка жол бербөө үчүн бийлик коңшу өлкөлөр менен ынтымакта болууга тийиш деп эсептейт.

Айрым байкоочулар Ирак, Сириядагы согуштарга "Ислам мамлекети" радикал тобунун катарында согушуу үчүн Кыргызстандан жана Борбор Азия аймагынан кетип жаткан агымдын күч алышы да аймактагы коопсуздукка терс таасирин тийгизерин белгилешет. Анткени бүгүнкү күнү сабатсыз жаштардын көпчүлүгү мечит, медреселерге жыйылып, ал жерде айтылып жаткан үгүт-насааттарды ылгабай эле кабыл алып, андан ары түрдүү шектүү диний агымдарга аралашып кетип жатышат дешет байкоочулар.

Шайлоо акыйкат өтпөсө, нааразылык күч алат

Мындан тышкары аймакта олку-солку кырдаал жаратууга Кыргызстанда күзгө белгиленген парламенттик шайлоо да бир себеп болуп калуусу ыктымал деген пикирлер жок эмес. Саясат таануучу Марс Сариев муну алдын алуу үчүн бийлик күздөгү парламенттик шайлоону акыйкат өткөрүүсү зарыл деп эсептейт:

Марс Сариев
Марс Сариев

- Шайлоо акыйкат өтпөсө, ар кандай нааразылыктар башталып, андан башка бир күчтөр пайдаланып кетүүсү толук ыктмал. Кыргызстан геосаясий жактан Борбор Азиянын ортосунда турат. Ошондуктан ар кандай сценарийлер болушу мүмкүн. Бийлик бүгүн Баш мыйзамды өзгөртүп, өзүнүн бийлигин бекемдөөгө аракет кылбай, коопсуздук чараларын күчөтүүгө тийиш. Кырдаалды так иликтеп, ага карай так аракеттерди азыртадан көрүүсү керек.

Жыл сайын жазында өлкөдөгү коомдук-саясий абалды алдын ала божомолдоолор күчөйт. Мындан беш жыл мурдагы июнь коогалаңынан жүрөгү үшүп турган элди интернет аркылуу тарап жаткан түрдүү маалыматтар, ар кандай ушак-кептер ансайын коркутуп жаткансыйт.

Өткөн жумада Жеңиштин 70 жылдыгын майрамдоо алдында да карапайым тургундардын кол телефонуна, интернеттеги социалдык тармактарда “тополоң болот” деген маалыматтар келип аткан, бирок майрам өлкөнүн бардык аймактарында тынч өттү.

УКМК уктап жаткан жок

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз катчысы Рахат Сулайманов кырдаал көзөмөлдө экенин айтып, кабатырланууга негиз жоктугун билдирди:

- Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети өзүнүн ыйгарым укугу саналган - улуттук коопсуздукту камсыздоо боюнча бардык иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Белгиленген иш-чаралар менен кошо эле алдын алуу аракеттери да көрүлүүдө.

АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн Ооганстандан чыгып кетүүсү менен Борбор Азиянын коопсуздугуна коркунуч туулат деген пикирлер да мурдатан айтылып келген. Жергиликтүү байкоочулар Кыргызстан ошол сыяктуу масштабдуу туруксуздукка себеп болуп калбашы керек деп эскертишүүдө. Бул үчүн эң ириде Кыргызстандын ички туруктуулугу зарыл экенин айтышат.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG