Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Исановдун табышмактуу өлүмү - тарыхтагы кара так


Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов.
Кыргыз Республикасынын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов.

31 жыл илгери Кыргызстандын туңгуч өкмөт башчысы Насирдин Исанов жол кырсыгына учурап, 48 жаш курагында каза тапкан. Кырсыктын башка катышуучулары аман калган.

Насирдин Исановдун Кумтөр алтын кенин ишке киргизүүдө башкалардан айырмаланган принципиалдуу позициясы жана тиешелүү документтерге кол коюп бербегени - анын табышмактуу өлүмүнө себеп болгон деп сыпатталып келет. Бирок бул жол кырсыгынын чыныгы себептери ушул кезге чейин толук жана бейтарап иликтенип, укуктук баасын алган эмес.

Исанов тууралуу анын өлүмүнөн бир жылдан кийин тартылган документалдуу тасма жана жол кырсыгына байланыштуу сүрөт документтер дагы жок кылынганы кийин белгилүү болгон.

Насирдин Исановдун сырдуу өлүмү саясий буюртма катары айтылганы менен бул чуулгандуу окуя терең изилденбеген бойдон калды.

Жоболоңдуу жол кырсыгы, жоголгон тасма

Насирдин Исанов курулушчулар жана илимпоздор менен. 1984-жыл. Сүрөт Исановдун үй-бүлөлүк архивинен.
Насирдин Исанов курулушчулар жана илимпоздор менен. 1984-жыл. Сүрөт Исановдун үй-бүлөлүк архивинен.

Кыргызстандын туңгуч премьер-министри Насирдин Исанов 1991-жылы октябрь айында, Кумтөр алтын кени боюнча Канадага баргандан бир айдан кийин президенттин тапшырмасы менен ошол эле жылы 29-ноябрда Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводуна барып, жол кырсыгына кабылып, окуя болгон жерде көз жумган. Анын өлүмүнүн себеби "кокустуктан болгон автожол кырсыгы" катары соттук-медициналык корутундуда көрсөтүлгөн.

Бирок иш жүзүндө бул окуядагы түшүнүксүз жана табышмактуу жагдайлар ушул күнгө чейин сыр бойдон калды. Суроо жараткан башкы жагдай - автоунаада өкмөт башчысы менен чогуу болгондордун эч кимиси оор жаракат алган эмес. Экинчи шектүү жагдай - аны менен бирге жүргөн ошол кездеги президент Акаевдин инвестициялар боюнча кеңешчиси, швейцариялык "Сиабеко" фирмасынын кожоюну Борис Бирштейндин окуя болгон жерден токтоосуз жоголгону.

Маркум премьер-министрдин кызы, экс-депутат Мария Исанова атасы каза болгон кырсыктын учкай сырдуу түйүнүн камтыган тасма жок кылынып, андан башка фото-документалдык материалдар дагы мамлекеттик архивдерден жок болгонун айтты:

"Прерванный полет" деген ат менен тартылган ал тасманы биз кийин издеп, таппай койдук. Ал бардык архивдерден жоголуп кетиптир. Расмий түрдө бардык тиешелүү мамлекеттик органдарга дагы кайрылып, бирок жыйынтык чыгара албадык. Мен депутат кезде КТРКнын жетекчиси болуп турган ыраматалык Мелис Эшимкановго ушул маселени иликтеп берүү өтүнүчү менен кайрылып, ал киши да издегенге жардам берип, бирок "жоголуп кетиптир" дегенден башка эч кандай жообун таба албадык. Менимче, анын баарын ошол архивдерден атайын эле алып салып, жок кылып салышса керек. Жаш болгондуктан, тасма тартылган мезгилде ага жакшы көңүл бура алган эмес экемин. Жол кырсыгы болгон жерден тартылган сүрөттөр дагы бар болчу. Кийин архивдерден баалуу фотолорду таппай калдык. Башка сүрөттөрдү таптым. Бирок дал ошол кездегилери жок болуп чыкты. Архивдерге чейин барып, ал жактагылар менен сүйлөшүп, бирок бирөөсүн да таба албай койдум".

Исановдун өмүрү жана ишмердиги тууралуу, анын өлүмүнүн айрым бир сырдуу жагдайларын камтыган "Прерванный полет" ("Үзүлгөн чабыт") деген документалдык тасманы жазуучу Аалы Токомбаевдин уулу, кинорежиссер, документалист Улан Токомбаев тарткан. Ал өзү 2002-жылы каза тапкан.

Тасманын түп нускасы жана көчүрмөлөрү "Кыргызфильм" киностудиясында жана КТРКда сакталып, бирок андан ары дайынсыз жоголгону 2005-жылдагы "Жоогазын" ыңкылабынан кийин белгилүү болгон.

Ошол кезде "Кыргыз курулуш" мамлекеттик концернин жетектеген Мамбетжунус Абылов курулушчулардын демилгеси менен тартылган ал тасма кандайча жоголгонун айткан жайы бар:

"Жол кырсыгы деген окуядан кийин тартылган сүрөттөрдүн арасында Бирштейндин бети чийилип турган фотография бар болчу. Ошол сүрөттү таап алып, аны дагы фильмге кошуп көрсөткөнбүз. Бирок кийин тасма өзү дагы эч жакка көргөзүлбөй, жоголуп кеткен. Насирдин Исановдун көзү өткөндөн кийин кесиптеш курулушчуларды - ал кишинин шакирттерин чогултуп, "бул адам биздин жетекчибиз эле, кийин өкмөт башчысы болуп калды эле, эстелик боло тургандай бир иш жасап коёлу" деп кайрылдым. Анан алар колдоп, Насирдин Исанов тууралуу "Прерванный полет" деген документалдуу тасма тарттырганбыз. Ал кишинин жылдыгы өтүп жаткан маалда фильмдин бет ачарын уюштуруп, көргөзгөнбүз. Мен кийин элчи болуп кетип, кайра мекенге кайтып келсем, премьер-министр Танаев болуп калыптыр. Мен "Кыргыз курулуштан" кеткенде ордума Николай Танаевди калтырып кеткен болчумун. Ошол бойдон фильм жок. Бир дагы жерден таба албай койдук. Бул тасма тартылып жатканда эле бирөөлөргө жакпай жатканын сезген элем".

"Жылдызы жанып, эл сүймөнчүгүнө ээ болгон"

Жогорку Кеңеш 1991-жылы октябрда Аскар Акаевди президенттикке дайындап, ага шайлоодо негизги атаандаш болуп, бирок аз добуш айырма менен утулуп калган Насирдин Исанов вице-президенттике, андан кийин премьер-министрликке бекитилген.

Легендарлуу парламенттин төрагасы Медеткан Шеримкулов Исанов аз убакытта натыйжалуу ишин көргөзүп, оозго алынып, элдин сүймөнчүгүнө ээ болгон жетекчиге жана мамлекеттин кызыкчылыгын коргогон бараандуу саясатчыга айланганын эскерди:

"Насирдин Исанов өкмөттү башкарып турганда чарбаны да жакшы билген, мамлекеттик, саясий ишмер катары дагы өзүн көргөзө алды. Ал элге абдан жакын болуп, элдин муктаждыгын, мамлекеттин көйгөйүн жон териси менен түшүнүп, өз убагында чече алганы менен эл арасында катуу колдоого алына баштаган эле. Бул киши аз убакыт иштегени менен эл арасында аябай жакшы кабыл алынып, күчтүү жетекчи катары таанылды. Ал биздин жаңыдан түзүлгөн эгемен мамлекетибиздин экономикасын көтөрүүгө, социалдык муктаждыктарын чечүүгө жан үрөп кызмат кылды. Жердешчиликке, улутчулдукка жол бербөө боюнча жүргүзгөн иштери эл арасында аябай маанилүү болду. Ошондуктан Насирдин Исановду эл жакшы көрчү, урмат кылып, сыйлачу. Ал киши каякка барбасын кадыр-баркы абдан жогору болчу".

Ошол кезде Кумтөр алтын кенин өкмөт өз алдынча же чет элдик инвестордун жардамы менен ишке киргизүү маселеси изилденип келгени белгилүү. Борис Бирштейн кенге чет элдик инвестор тартууга демилгечи болуп, Кыргызстанга келгени маалым.

Кенди советтик геологдор алгач 1978-жылы чалгындап, СССРдин Геология министрлиги 1989-жылы Кумтөрдө 700 тоннадан ашуун алтын запасы бар экенин аныктаган. Бул кен алтын кошулмасынынын байлыгы жана запасынын көптүгү боюнча алдыңкы орунда турган. Ошондуктан ага көз артып, иштетүү укугун алууга ондон ашуун компания ынтызар болгон.

1991-жылы түбү литвалык Канаданын жараны Борис Бирштейн ошол кездеги президент Аскар Акаевдин инвестициялар боюнча кеңешчиси болуп дайындалган. Анын “Сиабеко” деген Швейцарияда катталган компаниясы аркылуу Кумтөрдү иштетүү үчүн канадалык “Камеко” корпорациясы сунушталган.

"Фишер бара турган сапарга Исанов жиберилген"

Ошол кездеги легендарлуу парламенттин депутаты Жамин Акималиев анын өлүмүнүн сырын Кумтөр менен байланыштырып, бирок анын түйүнү ушул кезге чейин чечилбей келе жатканын белгилейт.

"Насирдин Исанов кыргыз элинде таза, кесипкөй, элди ойлогон инсан катары Разаковдой болуп, төбөсү көрүнүп, чыгып калды. Акаев аны бул кызматка өзү сунуштап, койду. Бирок кийин кайра андан чочулап калды көрүнөт. Исанов аябай жумшак киши болчу. Ал либералдай көрүнчү. Бирок, маанилүү мамлекеттик маселелер боюнча сүйлөшкөндө, өз оюн бербеген көк бет, орус кыял жигит болчу. Анын билими терең эле. Өзү инженер-курулушчу болчу. Ошондуктан Кумтөр алтын кенин иштетүүнү көптөн бери изилдеп жүргөн. Буга каршы чыкканына карабай, аны аябай кысташып, Акаев кызматка койгону үчүн ага ачык каршы чыгып, элге ачык айта албай, тоң май жегендей болуп жүргөн экен. Ал эми Бирштейн ошол кезде Кыргызстанга келип, Акаев ага жанынан, Ак үйдүн жетинчи кабатынан иш бөлмө берген. Биз анын чынында кандай максат менен келгенин түшүнгөн эмес экенбиз. Көрсө, иштин баарын жасап жүргөн ошол экен... Негизи премьер-министр ал жакка барбашы деле керек экен. Анын орун басары, вице-премьер-министр Ян Фишер бармак экен. Бирок анын өзүн ал жакка барууга кыстап, "Сиз өзүңүз барып келбесеңиз болбойт" деп көндүргөн экен. Анан эң эле таң калганым, авариядан бардыгы аман-соо калып, жалгыз премьер-министр Насирдин Исанов каза таап калып жатпайбы. Бирок бул ишти кийин изилдеген киши болгон жок. Акаев деген эпилдеп-жепилдеп, "менин эң жакын адамым кетип калды" деп ал кишини койгон жерине чейин барып, кийин анын ысымын көчөгө берип, университетке ыйгарып жатты... Менимче, бул жерде аябай чоң саясий сыр жатат. Анткени Бирштейн жан сакчысы менен Ошко барып, андан ары Өзбекстан аркылуу Москвага учуп кеткен экен".

Президенттин тапшырмасынын негизинде канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдү ошол кездеги өкмөт башчысы, маркум Насирдин Исанов жүргүзгөн.​

Исанов менен Акаев ортосундагы ажырым

Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча Аскар Акаев менен Исановдун көз карашында эки ажырым болгонун ошол кезде иштеп кеткен айрым жетекчилер да белгилеп келген. Кесиби боюнча курулушчу болгон премьер-министр Насирдин Исанов кезинде Мамлекеттик курулуш министрлигин жетектеген. СССР мезгилинде анын жеке демилгеси менен "Макмал" алтын комбинаты курулган.

"Кыргыз курулуш" мамлекеттик концерни болуп түзүлгөн бул мекемени жетектеген Мамбетжунус Абылов маркум Насирдин Исанов Кумтөрдү мамлекеттин күчү менен иштетүүгө белсенип, бирок президент Аскар Акаев аны иштетүүнү Бирштейн аркылуу чет элдик инвесторго берүүнү көздөгөнүн белгиледи:

"Насирдин Исанов Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишимге кол койбой туруп алган. Экинчиден, ага чейин эле мен жетектеген компания (ред - "Кыргызкурулуш" мамлекеттик концерни) "Кумтөрдү" өздөштүрүүнү баштаганбыз. Анткени биз Насирдин Исановдун жетекчилиги менен Макмал алтын кенин ишке киргизгенбиз. Андан кийин ишке киргизип, кура турганыбыз Кумтөр алтын кени болчу. Кенди иштетүүнү долбоорлоо иштери аяктап калган. Ошондуктан Насирдин Исанов өкмөт башчысы болуп келгенде эле "аны биз өзүбүз баштагандан кийин мамлекеттин күчү менен өзүбүз эле курабыз" деген позицияда болчу. Ал эми президент Аскар Акаев "акчаны каяктан табасыңар, чет өлкөдөн инвестиция керек" деген".

Абыловдун айтымында, четтен насыя алуу маселеси, мамлекеттин күчү менен кенди ишке киргизүү маселесинде ошол кездеги президент менен премьер-министрдин ортосунда талаш болгон.

"Ошондо биз "Камеко" деле түз инвестиция салбастыгын, бизден мамлекеттик кепилдик алып, ал аркылуу ири өлчөмдө насыя аларын, бирок анысын кайра эле биз төлөп бере турганыбызды, ошондуктан өзүбүз эле мамлекеттин күчү менен баштап, жетпеген каражатты сырттан насыя катары аларыбызды айтканбыз. Насирдин Исанов өтүп кеткенден кийин эле бизге "Бирштейн тапкан инвесторлор келип курат, силер жасалган долбоордук документтердин бардыгын өткөрүп бергиле" деген тапшырма келди. Ошол кезде менин орун басарым, кийин премьер-министр болгон Николай Танаев эле. Мага чейин Насирдин Исанов бул мекемени жетектеген. Ошентип, Акаев "Кумтөрдү" чет элдик инвесторго берүү керек деди".

"Кумтөр" алтын кенинде. Насирдин Исанов, Кыргыз ССРинин курулуш министри, Абсамат Масалиев, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы (ортодо).
"Кумтөр" алтын кенинде. Насирдин Исанов, Кыргыз ССРинин курулуш министри, Абсамат Масалиев, Ысык-Көл обкомунун биринчи катчысы (ортодо).

1991-жылы президент Аскар Акаевдин алдындагы инвестициялар комитетин жетектеген Борис Бирштейн премьер-министр Насирдин Исановдун өлүмүнөн кийин Кыргызстандан биротоло чыгып кеткен. Ошол эле кезде ачык булактарда эл аралык чөйрөдө "Би-Би" деген каймана ысым менен таанылган Борис Бирштейн андан ары Украинадагы жана Молдовадагы мамлекеттик мүлктөрдү менчиктештирүүгө аралашып, алардагы кирешелүү тармактарды колуна алып, "бизнес империяларын" түзгөнү боюнча чуулгандуу маалыматтар чыккан.

Анткен менен мурдагы президент Аскар Акаев Бирштейндин Кыргызстандагы ишмердигин оң баалап, ошол кезде мамлекеттин эсебинен "Кумтөрдү" ишке киргизүү мүмкүн болбогонун, ага өкмөттүн дарамети жетмек эместигин айткан жайы бар.​

Ошондуктан Аскар Акаев Бирштейнди таап, ал аркылуу чет өлкөлөрдөн инвестор издөө аракети болгонун "Азатыкка" курган маегинде билдирген:

"Борис Бирштейн Орусияга жана КМШ өлкөлөрүнө ири чет элдик инвесторлорду таап, алып келген адам болгон. Ал Кыргызстанга эч кандай жамандык кылган жок. Аны менен биринчи таанышкан Чыңгыз Айтматов болгон. Экинчи ирет аны менен премьер-министр Насирдин Исанов таанышкан. Ага Москва шаарында Борис Бирштейнди Чыңгыз Айтматов жолуктуруп, Кумтөрдү иштетүү үчүн дүйнөлүк ири компанияларды тартууга жардам берет деп тааныштырган. Ошентип, аны Насирдин Исанов Кыргызстанга алып келген. Бирштейндин эч кандай зыяны тийген жок. Тескерисинче, ал канадалык "Камеко" корпорациясын Кыргызстанга алып келип, Кумтөрдү иштетүүгө чоң жардамы тийген. Мен өзүм дагы Канадага учуп барып, анын өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, "Силердин ири компанияңар бар экен, анын Кыргызстанда иштешине жардам бергиле" деп сурангам. Туура, бул сапарды уюштурууга Бирштейн дагы аябай чоң жардам берген. 1990-жылдары алтындын дүйнөлүк баасы аябай арзан болгондуктан, биздикиндей бийик тоолуу, катаал климаттык шарттагы кенди иштетүүгө бардык эле эл аралык компаниялар макул болгон эмес. "Камеко" жети жылда фабриканы курууну мерчемдеп, бирок мөөнөтүнөн мурун, төрт жылда ишке киргизип, 1997-жылы алгачкы алтын куймасын чыгарган".

1991-жылы 29-ноябрда Жалал-Абадга болгон иш сапар учурунда Исанов менен Бирштейн отурган "Волга" жеңил автоунаасын ЗИЛ-130 жүк ташуучу унаасы сүзүп, анда отургандардын арасынан өкмөт башчы гана табышмактуу жагдайда каза тапкан. Бирштейн менен айдоочу жеңил жараат алып, аман калган. Машинеде төрт адам болгону айтылып, бирок алар кимдер экени белгисиз бойдон калган.

Бирштейн Кумтөр алтын кенин иштетүү үчүн канадалык "Камеко" корпорациясын алып келгени белгилүү. Анын президентке жакын адам болуп, чечим кабыл алууга таасир эткени премьердин санаалаштарынын айтымында, Насирдин Исановго жаккан эмес.​

"Тергөө шектүү илинчектерди тапкан эмес"

Бирок окуяны иликтеген тергөө "Насирдин Исановдун жол кырсыгына кабылышында криминал же атайын уюштурулган жагдайлар жок" деген бүтүм чыгарган.

Ошол кезде ички иштер министри болгон Феликс Куловдун айтымында, Исанов жол кырсыгына учураган окуяны иликтөөнүн жыйынтыгында эч кандай кылмыштуу же шектүү далилдер табылбаган:

"Мен ал киши менен жакындан иштеген эмесмин. Ошондуктан жакшы билбейт экем. Мен укук коргоо органынын жетекчиси катары президентке баш ийчүмүн. Бирок жалпы мүнөздөмө берсем, ал акылдуу, тажрыйбалуу таза иштеген жана мамлекеттик масштабда ой жүгүртө алган жетекчи эле. Ал киши учураган жол кырсыгын иликтөөнүн үстүнөн түз иштеген эмесмин. Аны башка адамдар алып барган. Бирок бул жерде атайын уюштурулган иш болгон эмес. Азыркыга чейин "бул атайын адам өлтүрүү" болгон деген божомолдор айтыла калып жүрөт. Жок. Менимче, мындай шектүү нерселер аныкталып, такталган эмес. Буга байланыштуу кандайдыр бир далилдер табылган эмес".

Андан ары "Кумтөр Оперейтинг Компани" түзүлүп, 1994-жылы кенди иштетүүнүн техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыккан. Анын негизинде алтын өндүрүү фабрикасын куруу үчүн швейцариялык банктан 452 миллион АКШ доллары өлчөмүндө насыя алынган. Ал эми инвестор катары тандалган "Камеконун" салымы 45 млн. долларга барабар экени "Кумтөрдү" иликтөө комиссияларынын тыянагында көрсөтүлгөн. Ошол кезде мамлекеттин 1 тонна 600 килограмм алтыны "насыя алууга күрөөгө коюлат" деген шылтоо менен сыртка чыгарылып, ошол бойдон дайынсыз жоголгон.

Легендарлуу парламент бул “алтын чырына” президент Акаевди айыптаган менен, ошол кездеги депутат, мурдагы баш катчы Турдакун Усубалиев баштаган депутаттык комиссия анын аягына чыга алган эмес.

Насирдин Исанов Жогорку Кеңештин депутаттары менен. 1991-жыл. Сүрөт Исановдун үй-бүлөлүк архивинен.
Насирдин Исанов Жогорку Кеңештин депутаттары менен. 1991-жыл. Сүрөт Исановдун үй-бүлөлүк архивинен.

"Түпөйүл бойдон калганбыз"

Ал эми ошол маалда Юстиция министрлигинин сот органдары менен иштөө башкармалыгын жетектеп турган Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов Исановдун Кумтөр кенине байланышкан сырдуу өлүмү эл ичинде эле эмес, мамлекеттик кызматкерлердин арасында дагы түшүнүксүз суроо жаратып, түпөйүл кылган учурду эстеди:

"Тилекке каршы, Насирдин Исанов эл арасында эми гана саясий жылдызы жана баштаган маалда дүйнөдөн мезгилсиз өтүп кетти. Биз ошол кезде окуянын кандай болгону тууралуу ар кандай маалыматтарды угуп, чынын айтканда, түпөйүл болгон боюнча эле калып калдык... Окуяны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түзүлүп, Насирдин Исановдун өлүмүнүн чыныгы себептерин аныктоо боюнча ар тараптуу жана бейтарап иликтөө жүргөнү менин эсимде жок. Бирок эл ичинде түшүнүксүз жагдайларды айтып жүрүштү. Аларды өз көзүң менен көрбөгөндөн кийин же болбосо тергөөнүн материалдары менен таанышып чыкпаган соң, бир жактуу жыйынтык чыгарып, так кесе айтыш кыйын. Насирдин Исановдун мамлекетчил саясий ишмердигинен мурун, анын бийик адамгерчилигин, тазалыгын, ички маданиятын, даанышмандыгын, терең билимин жана нукура жетекчилик касиеттерге ээ болгонун айтпай кетүүгө болбойт".​

Насирдин Исанов каза тапкандан кийин өкмөт башчысы болгон Турсунбек Чыңгышев 1992-жылы 3-декабрда Торонтодо “Камеко” менен генералдык макулдашууга кол койгон. Бирок ал макулдашууга парламент каршы чыккан. Анын артынан парламент өкмөткө ишенбөөчүлүк көргөзүп, Акаев кийин легендарлуу парламентти тараткан.

Исановдун ордуна келген экс-премьер-министр Турсунбек Чыңгышев президент Акаевдин сунушу менен кийин канадалык "Камеко" тандалганын, бирок парламент каршы чыккандыктан, өкмөт кызматтан кеткенин белгиледи:

"Насирдин Исанович, Канадага барып келгенден кийин жумушчу сапар менен Бирштейн менен бир машинеде келе жатып каза болуп жатпайбы. Анан мен премьер-министр болгондон кийин мага президент Аскар Акаев "Биз Насирдин Исанов менен чогуу барып келгенбиз, сүйлөшүүлөр болду, башка компаниялардын сунуштарын дагы көрдүк. Бизге туура келгени канадалык "Камеко" корпорациясыныкы болуп жатат" деди. Андан кийин 1992-жылдын орто ченинде өкмөттүк делегация менен барып, алгачкы келишимди даярдап, ага кол коюп келгенбиз. Ага ылайык Кыргызстандын үлүшү 66,6% болсо, "Камеконуку" 33,4% болчу. Бирок биз жетишкен бул келишимди парламент колдобой, сындап туруп алгандан кийин биздин өкмөт толугу менен кызматтан кетүүгө аргасыз болдук".

Кийин келген премьер-министр Апас Жумагулов жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча өкмөт 1993-жылы 10-майда жана айрым өзгөртүүлөр менен 1994-жылы 3-майда Кумтөр боюнча концессиялык келишимди бекиткен. Бирок ага чейин эле башкы макулдашууга ылайык, "Камеко" корпорациясы менен бирге Кумтөр алтын кенин өздөштүрүү ишке кирип калган.

Медеткан Шеримкулов ошол кезде президент менен премьер-министрдин ортосунда Кумтөр маселеси боюнча пикир келишпестик болуп же болбогону тууралуу үстүрт оюн айтуу менен чектелди:

"Кумтөр" алтын кен долбоорун иштетүүгө байланыштуу ошол кездеги президент Акаев менен премьер-министр Исановдун маселесине кийлигише албайм. Себеби бул тууралуу ар түркүн ой-пикирлер, ар кандай көз караштар айтылып келе жатат. Аны Акаевдин өзүнөн сураш керек. Бирок Исановдун кыргыз тарыхында калган эң чоң эмгеги - жаңы түптөлгөн эгемен мамлекеттин экономикасын жакын арада көтөрүү чараларын иштеп чыгып, элдин биримдигин, ынтымагын чыңдоого жасаган аракеттери болуп калды. Анын мезгилсиз дүйнөдөн өтүшү биздин мамлекет үчүн аябагандай чоң жоготуу болгон".

Насирдин Исанов, Кыргыз ССРинин курулуш жана өнө -жай министри. Сүрөт Исановдун үй-бүлөлүк архивинен алынды.
Насирдин Исанов, Кыргыз ССРинин курулуш жана өнө -жай министри. Сүрөт Исановдун үй-бүлөлүк архивинен алынды.

Насирдин Исанов 1943-жылы 7-ноябрда Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Көк-Бел айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Москвадагы инженердик-курулуш институтун артыкчылык менен аяктап, экономика илимдеринин кандитаттыгын жактаган, СССРдин инженердик академиясынын академиги наамын алган.

Көп жылдар бою курулуш тармагын жетектеп, кийин мамлекеттик жана партиялык кызматтарда иштеген. 1990-жылы октярь айында парламентте президенттикке талапкер болуп катталып, утулган соң аны Аскар Акаев өзүнө вице-президент кылып дайындоо боюнча Жогорку Кеңешке сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG