Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:51

Израил-Палестина: "ракета чабышы"


"Ал-Акса" ТВнын талкаланган телестанциясы. Палестина. 13-ноябрь, 2018-жыл
"Ал-Акса" ТВнын талкаланган телестанциясы. Палестина. 13-ноябрь, 2018-жыл

12-13-ноябрда Израилдин күчтөрү менен палестиндер бири-бирине абадан сокку урушту.

Азыркы окуя Израил менен Палестинанын 2014-жылдагы куралдуу кагылыштарынан кийинки эле эң чоң аба чабуулдары катары мүнөздөлүүдө. Ал эми 13-ноябрда эки тарап ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишкени кабарланды.

12-ноябрда палестиналыктардын ракеталык чабуулунан Израилдин Ашкелон шаарынын 40 жаштагы тургуну курман болуп, дагы бир аял жараланды. Алардан тышкары, бир канча адам жеңил жарадар болуп, ооруканага жеткирилген. Израил абадан кайра-кайра эскертүү берип, элди бомбадан жашырына турган жайларга кирүүгө чакырып жатты.

- Мен бул үйдүн жанында жашайм. Кечээ түн жарымында чоң бомба түштү. Мен дароо келдим. Анткени мен армиянын "Тез жардам" кызматында айдоочу болуп иштейм. Келсем бул үй күйүп жатыптыр, - деди жергиликтүү жөөт Битон Мимон.

Израил жоокери күйүп жаткан автобусту карап турат. 12-ноябрь, 2018-жыл.
Израил жоокери күйүп жаткан автобусту карап турат. 12-ноябрь, 2018-жыл.

Тел-Авив ХАМАС жалпысынан 400 жакын башкарылуучу ракета атканын, анын 100дөйүн Израилдин ракетага каршы системасы тосуп калганын билдирди. Атылган ракеталардын дагы бири автобуска тийип, анын айдоочусу жарадар болгон.

- Түштүк Израилге чабуул коюлду. Акыркы 24 саатта Израилдин шаарлары жана айылдары 400 минометтук жана ракеталык чабуулга кабылды. ХАМАС биздин эл жашаган аймактарды бутага алууда. Биз муну менен келише албайбыз. ХАМАС чабуулдарды дароо токтотушу үчүн Израил күчтөрү кубаттуу жана кыйратуучу сокку урат, - деди Израилдин Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Эммануэл Начшон.

Ал эми 13-ноябрдын таңында палестиналыктар Израилдин жооп чабуулдарынан ойгонду. Израил аскерлери Палестинадагы ХАМАС жана "Ислам жихады" уюмунун аскердик конуштарына 70тей сокку урган. Андан командалыктын башкаруусу жайгашкан бекети, ракета жасаган жана аны учурган жайлар, "Ал-Акса" телестанциясы жана башка имараттар кыйраган. Ошондой эле үйлөр бузулуп, үч адам каза тапканы маалым болду. Палестинанын тургуну Абдулкарим Абулабан кырдаалды мындайча сүрөттөдү:

- Алар учкучсуз учактар менен ракеталарды аткылашты. Андан кийин F16 аскер учагын колдонушту. Адамгерчилик, адам укуктары деген кайда? Газада эмне болуп жатканын караган дүйнө жана арабдар кайда?

Бул Израил менен Палестинанын 2014-жылдагы куралдуу кагылыштарынан кийинки эле эң чоң аба чабуулдары катары мүнөздөлүүдө.

Израилдин чабулдарынан талкаланган имараттар. Газа сектору. 13-ноябрь, 2018-жыл.
Израилдин чабулдарынан талкаланган имараттар. Газа сектору. 13-ноябрь, 2018-жыл.

Палестиналыктар негизи быйыл 30-марттан бери эле Газа сектору менен Израилдин чек арасында утур-утур демонстрацияларды өткөрүп, анын жүрүшүндө Израил тарапка таш жана кол гранаталарын ыргытып, аймакта кара түтүндү уюлгутуп, дөңгөлөктөрдү өрттөп келатышат.

"Reuters" агенттиги келтирген маалыматтарга караганда, андан бери чек арадагы кагылыштарда Израил аскерлеринин огунан 220дай, "Associated Press” агенттигинин маалыматы боюнча 170тей палестиндин өмүрү кыйылды.

Акыркы кезде Катардын, Египеттин, АКШнын жана БУУнун арачылыгы менен эки тараптын кагылыштарын токтотуу аракеттери көрүлүп келе жатат. Палестиндердин каршылык көрсөтүү кыймылынын өкүлү Абу Мужахид андан майнап чыга элек деп эсептейт.

- Акыркы кезде биз жигердүү аракет кылдык, - деди ал. - Бирок Египет менен Бириккен Улуттар Уюмунун аракети ордунан жылган жок. Биздин позициябыз ачык: эгер оккупация улана бере турган болсо, палестин каршылык көрсөтүүсү кеңейе берет.

Ал арада 13-ноябрда бир катар маалымат каражаттары Палестин өкмөтүндөгү булактарга таянып, эки тарап ок атышпоо тууралуу макулдашууга жетишкенин кабарлашты.

Израилдин аба чабуулдары. 13-ноябрь, 2018-жыл
Израилдин аба чабуулдары. 13-ноябрь, 2018-жыл

Эки тараптын акыркы тирешүүсү дем алыш күндөрү жөөт аскерлери Палестинага үч чакырым ичкери кирип, рейд жүргүзүп, жети адам, анын ичинде ХАМАС кыймылынын командирлеринин бири курман болгон окуядан кийин болду. Ал окуяда бир жөөт аскери да мерт болгон.

АКШнын өкүлү акыркы чыңалууну "өтө коркунучтуу" деп баалады. Бириккен Улуттар Уюмунун эсебинде, Газа секторунун 2 миллион калкынын 1,3 миллиону - качкындар же качкындардын урпактары. Алар быйылкы акцияларын 1948-жылы Израил мамлекети түзүлгөндө анын аймагында калып кеткен жерлерине “Кайтуунун улуу жүрүшү” деп аташкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG