Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Жапониянын жаңы императору такка отурду


Император Нарухито. 22-октябрь, 2019-жыл. Токио.
Император Нарухито. 22-октябрь, 2019-жыл. Токио.

Токиодо 22-октябрда Жапониянын императору Нарухитонун тактыга отурушунун урматына арналган чоң салтанат өттү. Жөрөлгөгө чет өлкөдөн келген 2 миңге жакын жогорку даражалуу коноктор катышты.

22-октябрдагы салтанат май айында мурдагы император Акихито тактыдан баш тарткандан кийин башталган жөрөлгөлөрдүн эң негизгиси болуп саналат.

Узак даярдык көрүлүп, миңдеген конокторду чогулткан азем болгону жарым саатка созулду. "Хризантема" деген аталыштагы такка отурган Нарухито өзүн Жапониянын 12-императору деп жарыялады. Ал ант берип жатып өлкөсүндө бакубат жана бейпил жашоо курууга убада берди.

22-октябрда эртең менен 59 жаштагы император толугу менен ак түстөгү кийим кийип, ыйык деп эсептелген "Кашикодокоро" жайындагы кудайларга сыйынды.

Аземге күбө болууга чогулган эл ага узак жана бакубат башкарууну каалашты. Аны премьер-министр Синдзо Абэ куттуктады.

- Биз, жапондор императорду Жапониянын жана биримдиктүү элдин символу деп эсептейбиз. Биз Жапонияда жаркын келечек жарата турган цивилизациясы бар доор куруш үчүн бардык күчүбүздү жумшайбыз.

Синдзо Абэ ушул куттуктоо сөздөрүн айткандан кийин үч жолу "Банзай" деп кыйкырды. Бул деген "оң миң жыл өмүр сүрүңүз" дегенди билдирет.

Жапониянын өзүнөн жана чет жактардан жалпы 2 миңге жакын конок келген. Арасында Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков да бар.

Жапон императорунун салтанатына барган Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев. 22-октябрь, 2019-жыл. Токио.
Жапон императорунун салтанатына барган Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев. 22-октябрь, 2019-жыл. Токио.

Кечинде Нарухито жубайы Масако экөө банкетке катышты. Ага 400дөй жогорку даражалуу конок чакырылган. Бул күнгө белгиленген парад өлкөнүн түндүгүндө мурдагы жумада болгон катуу шамалдан улам кийинки айга жылдырылган.

Жапондор жаңы императорду аялы менен жылуу кабыл алышты. Байкоочулардын айтымында, алар май айында Токиого барган АКШ президенти Дональд Трамп жана биринчи айым Мелания менен англис тилинде эркин сүйлөшүп, элге жакшы таасир калтырышкан.

Нарухито Оксфорддо билим алган, суу транспорту боюнча адис жана тарыхчы. Жубайы Масако Гарвардды бүтүргөн дипломат.

Жапониянын мурдагы императору Акихито жана азыркы император Нарухито жубайлары менен. 25-октябрь. 2012-жыл.
Жапониянын мурдагы императору Акихито жана азыркы император Нарухито жубайлары менен. 25-октябрь. 2012-жыл.

2016-жылы Акихито ден соолугу начарлаганын айтып, кызматын мындан ары аткара албасын билдирген. Парламент атайын мыйзам кабыл алып, 2017-жылы 85 жаштагы императорго тактыдан баш тартууга расмий уруксат бериген.

Мындай окуя Күн чыгыш өлкөсүндө 200 жылдан ашуун убакыттан бери болгон эмес. Акыркы жолу тактыдагы император 1817-жылы өз ыктыяры менен кеткен.

Нарухитонун такка отурушу менен Жапонияда жаңы "Рейва" доору башталган. Акихито 126-императорго жолтоо болбош үчүн жада калса уулунун тактыга отуруу салтанатына да барган жок.

Император жапон Конституциясы боюнча мамлекеттин, улут биримдигинин символу, саясий күрөшкө, өлкөнү башкаруу маселелерине аралашпайт.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG