Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:05

"Фукусима Дайичи" өзөктүк ишканасынын 2-реактору электр кубаты менен камсыз кылына баштады


Аскерий тикучар "Фукусима Дайичи" АЭСине суу таштоодо.17-март, 2011
Аскерий тикучар "Фукусима Дайичи" АЭСине суу таштоодо.17-март, 2011
"Фукусима Дайичи" өзөктүк ишканасынын экинчи реакторун кайрадан электр кубаты менен камсыз кыла башташканы 18-мартта таңкы сааттарда кабардалды.

Эми реакторлорду муздатуу аракеттери кыйла жеңилдемекчи.

Буга чейин жапондордун аскердик тикучарлары "Фукусима Дайичи" өзөктүк ишканасынын үчүнчү жана төртүнчү блокторундагы жер тербетүүдөн жана топон суудан жабыркаган реакторлоруна контейнер менен ташып суу төгүп жаткан.

Бул жөнүндө 16-мартта өкмөттүн башкы катчысы Юкио Эдано билдирди:

Жапон аскерлери урандылар астынан табылган жасатты көтөрүп баратышат. 17-март 2011
- Биз азыр реакторлорду муздатуу үчүн колдон келген бардык аракеттерди жасоодобуз: Жапониянын коргонуу күчтөрүнүн тикучарлары абадан суу таштоодо. Жерден полиция катуу басым астында замбиректерден суу атууда.

Суу реакторлордун жылуулук окторунун эрип кетүүсүнө жол бербөөгө тийиш.


"Фукусима Дайичи" өзөктүк ишканасынын көлмөлөрүнө суу толтуруу аракетине кошул-ташыл эле жумушчулар бул ишкананын токтоп калган муздаткыч системасын кайра иштетүү үчүн ток жүрчү жаңы линияны тартып жатышат.

Кызыган өзөктүк реакторлор канчалык муздаганы белгисиз. Бирок радиациянын деңгээли али пастай элек.

АКШнын өзөктүк (ядролук) коопсуздук боюнча комиссиясынын башчысы (U.S. Nuclear Regulatory Commission - NRC) Грегори Ячко (Gregory Jaczko) билдиргенге караганда, жапон бийликтери ядролук кризистин масштабын төмөндөтүп жаткан болушу ыктымал:

“Биз ушу тушта төртүнчү блок суунун корунун маанилүү бөлүгүн, балким баарын жоготкон болушу мүмкүн деген ишенимдебиз.”

Бул адистердин айтышынча, өзөктүк реактордун жылуулук элементтерин муздатканга жеткендей суу көлмөлөргө тез толтурулбаса, бул жагдай - радиация дагы көбөйүп, эки-үч күн өтпөй өзөктүк ишкананы (АЭСти) иштетүү мүмкүн болбой калат дегенди түшүндүрөт.
Электр кубатын түнкү өчүрүү алдында Токио токту үнөмдөп пайдаланууга өттү. 17-март 2011


Жапон өкмөтү 17-марттын кечинде өлкө борбору, 35 миллион элдүү Токиого жана анын атырабындагы аймактарга электр кубаты берилбей калышы этимал экенин кулак какты кылды.

Соңку маалыматка ылайык, 11-марттагы цунами менен коштолгон зилзаладан 5200гө жакын жаран набыт болуп, 8600дөн ашуун адамдын тагдыры беймаалым калууда.

Дарыгер-адистер нурлануу коркунучунан улам апаатты баштан кечирген адамдарды тамак-аш, таза суу жана күйүүчү май менен камсыздоого жетерлик көңүл бурулбай жатат дешет.

Жапониянын табигый кырсык болгон түндүк-чыгышына калың жааган кар да жер титирөө менен цунамиде жоголгондорду издөө жана үй-жайсыз адамдарга көмөк берүү иштерин татаалдантты.

Зилзала жана “Фукусима Дайичи” өзөктүк кубат ишканасындагы жардыруулар жана өрт жапон экономикасына да катуу сокку урду.

Ошондуктан жапон өкмөтү инвесторлордун көңүлүн алып, баалуу кагаздар базарындагы башаламандыктын алдын алганга аракет кылууда.

- Биздин максатыбыз Жапониянын чоң бөлүгүнө таасир эткен азыркы кырдаалдан мүмкүн болушунча тез чыгуу. Зыян тартпаган аймактарда өндүрүш өтө жакшы иштөөдө. Эң маанилүүсү, биз апааттын алдында глобалдык рынокко өз тилектештигибизди көрсөттүк жана учурдагы жагдайды жеңүүгө даярбыз, - деп билдирди министрлер кабинетинин баш катчысы Юкио Эдано.

Ага карабай, радиация өмүргө коркунучтуу деңгээлге чыгат деген коркунуч чет өлкөлөрдү өз жарандарын Жапониядан чыгып кеткиле деп кеңеш берүүгө мажбурлоодо.

Ал эми жапон өкмөтү "Фукусима Дайичи" өзөктүк ишканасынан 20 чакырымга чейинки аралыктан 28 миң адамды башка коопсуз жайларга көчүрүүгө буйруду.

Эл аралык өзөктүк агенттик - МАГАТЭнин башчысы, жапон жараны Юкия Амано Жапониядагы кырдаалды “өтө олуттуу” деп атады жана жагдайды баалоо үчүн Токиого аттанууда.

Амано ошондой эле жапон жетекчилигин “Фукусима Дайичи” ишканасындагы кырсыкка тиешелүү маалыматтарды МАГАТЭге үзбөй берип турууга чакырды.

XS
SM
MD
LG