Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Абдирасулова: Жаркын Суран кызы - укук коргоочу дагы болчу


Азиза Абдирасулова
Азиза Абдирасулова

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова Жаркын Суран кызын журналист эле эмес, укук коргоочу деп атап, анын эмгеги бааланбай калганын айтты. Ал журналистти эскерип жатып, Жаркын Суран кызы чыгарган “Зындан” гезити аз аралыкта эле абактагылардын абалын, укуктарын коомго жеткирүүдө орду чоң болгонун белгиледи.

- Жаркын эжекебиз 2000-жылдары Аксы окуясында «Азатыкка» окуя болгон жерлерден маалымат берип, элдин пикирин ачык жеткирип турган эле. Ошондо сиздер дагы Жаркын эже менен чогуу жүрдүңүздөр. Эми бүгүн анын көзү өтүп кеткенде эмнесин эскерет элеңиз?

- Жаркын деген бул - жазылбаган поэма, жазылбаган роман эле да. Аксы окуясына чейин 90-жылдардагы Ош окуяларын чагылдырды. Кийинчерээк биз “агропромдо” ачкачылык кармап жатып калбадык беле, ошондо да менин үйүмө чейин барып, менин 2-класста окуган кызымдан интервью алган. Анда ал кызыма «апаң каякта?» десе ал «ачкачылыкта» деп жооп берип, «ачкачылык эмне экен?» десе «ачка эле жата беришет экен» деп кызым жооп берген эле. Ал саясий окуялардын үй-бүлөгө таасирин кичинекей маек менен жеткиргени эсимде.

Андан кийин Аксы окуясы болуп кетти. Аксы окуясынан кийин биз кайра Үзөнгү-Куушту коргоп экинчи ирет ачкачылыкка чыгып жатканда биз менен Биринчи май райондук милициясына кошо камалып, ошонун ичинде дагы бизге басмырлоо болгонун, ажатканага чыгарбастан, суу бербестен, 2-3 күндөп ачка биз менен кошо жаткан.

Жаркындын баскан турганы өзүнчө бир укмуш эле да. Элдин эсинде, Феликс Кулов камакта жатканда жеңинин ичине диктофон бекитип алып кирип интервью алып чыгып, жарыялап, бүт баары ызы-чуу болуп, абактын жетекчиси иштен айдалбады беле.

Жаркын журналист гана эмес, укук коргоочу да болгон. Элге күйгөнүнөн, эл ойлобогон нерселерди тапчу эле да. Ошол эле 90-жылкы окуядан кийин «Ак үйдүн» алдына балдары каза болгон энелерди алып келип кошок коштурган ошол Жаркын болгон да.

- Азиза айым, сиз Жаркын Суран кызы менен кантип таанышып калган элениз?

- 1999-жылыбы же 2000-жылы бекен «Зындан» деген гезит чыгарган. Кокустан «Зындандын» бир номери менин колума тийип калды. Аябай терең маанилүү маектерди басып чыгыптыр. Ошондо Жаркынды өзүм издеп таап барып таанышкам. Анан кийин экөөбүз аябай жакын болуп кеттик. Ал «Зындан» гезитин 7-8 эле номерин чыгарып, акчасы тартыш болуп, чыгара албай калды окшойт. Жаркындын колунда башкалардай акча-тыйын болгондо укмуш нерселерди жасайт эле. Көзүнүн тирүүсүндө эмгеги бааланбай калды да. Өкүнгөнүм ушу болду. Өтүптүр дегенде аябай жаман болдум.

- Акыркы жолу качан жүз көрүштүңүз же сүйлөштүңүз эле?

- Жаркын экөөбүз телефон номурларыбызды жоготуп алдык. Акыркы жолу мен 2017-жылы кокусунан эле жолуктуруп калдым. Ошондо экөөбүз чайлашып көпкө отурдук. Кичине арыктай түшүптүр. Мен «ай, Жаркын «Азаттыктан» да чыкпай калдың, каякта жүрөсүң?» десем «кичине ооруп жүрөм» деди эле баягы жаркылдаган Жаркын. Ал жолукканда проблемаларын, кыйналганын да айтпайт эле да, «элим, жерим» деп тарыхты сүйлөчү. Ошондо телефонумду берипмин да, анын номурун эмнегедир өзүм жазып албапмын.

Ошентип үч жарым, төрт жылдай такыр байланышыбыз үзүлүп кетти. Сагынып деле калдым эле. Ушундай бир сонун инсан эле. Супсулуу каш-кирпиги төгүлгөн. Аттиң эми угуп отурабыз узакка созулган оорудан каза болду деп. Мен силерге - журналисттерге аябай капамын да, чыгармачыл адамдар ушундай - бир кыйналсаңар ачык айтып чыкпайсыңар. Эмнеге ошол Жаркын Суран кызы ооруп калды деп эч ким жазбады. Көп түкүрсө көл болот. Жок дегенде барып көңүлүн сурайт элек да, барат болчумун. Элдин адамдарын эл баалабаса ким баалайт? Бийлик баалабайт да.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG