Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:38

Жонсондун чечими Лондонду козгоду


Лондондогу нааразылык акциясы. 28-август, 2019-жыл.
Лондондогу нааразылык акциясы. 28-август, 2019-жыл.

Британияда премьер-министр Борис Жонсондун парламенттин ишин токтото туруу боюнча сунушу кескин сынга кабылды.

Шаршемби күнү баш калаа Лондондо жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты. Оппозиция өкмөттүн Брекзит жараяны жыйынтыкталар алдындагы мындай кадамын демократияга урулган чоң сокку катары баалап жатышат. Премьер-министрдин британ парламентинин ишин убактылуу токтотуп туруу боюнча чечими бир гана оппозициячыл саясатчылар тургай катардагы жарандарды да нааразы кылды.

Бир күнгө жетпеген убакыттын ичинде Борис Жонсондун сунушуна каршы онлайн петицияга кол койгондордун саны бир миллиондон ашты. 28-августта жүздөгөн адамдар Лондондогу британ парламентинин алдына чогулуп, «Демократияга эмне болду?», «Төңкөрүштү токтот!» деп ураан чакырып турушту.

Лондондогу нааразылык акциясы. 28-август, 2019-жыл.
Лондондогу нааразылык акциясы. 28-август, 2019-жыл.

«Биз бул жакка демократия үчүн күрөшөлү деп келдик. Брекзитти колдойсуңбу же ага каршысыңбы, айтор баарыбыз өзүбүзгө таандык нерсе үчүн күрөшүшүбүз керек. Кичине кезибизден бери демократия британ жаранынын табиятынын бир бөлүгү катары бизге үйрөтүлүп келет. Бүгүнкү чечим анын таш-талканын чыгарат», - деди демонстранттардын бири, 17 жаштагы Дилан Батлин.

Бир ай мурда премьерлик кызматка киришкен Борис Жонсон британ парламентинин ишин убактылуу токтотуп турууну сунуш кылып ханыша Елизавета IIден формалдуу түрдө уруксат сураган. Ханыша премьер-министрдин өлкө Европа Биримдигинен чыгууга камынып жаткан кездеги мындай сунушун канааттандырып берген.

Ага ылайык, Брекзит маселеси боюнча кызуу талкууларды уюштуруп келген парламент 9-12-сентябрь аралыгынан октябрдын ортосуна чейин ишин токтотот. Өкмөттүн сунушуна ылайык, ханышанын парламенттин жаңы сессиясын ачкан салттуу кайрылуусу 14-октябрга белгиленип жатат.

Өкмөттүн көз карашында, бул аралык Брекзит маселесин парламентте талкуулоого корой турган убакытты азайтат жана Британия Евробиримдиктен чыккандан кийин керек боло турган мыйзамдарды даярдоого мүмкүнчүлүк берет.

Британ премьер-министри Борис Жонсон.
Британ премьер-министри Борис Жонсон.

«Бизге жаңы мыйзамдар керек. Жаңы жана маанилүү мыйзамдарды алдыга жылдырышыбыз зарыл. Ушул себептен улам ханышанын кайрылуусу 14-октябрда болот. Эми биз жаңы мыйзамдар боюнча программабызга киришкенибиз туура», - деди Жонсон.

Британия үчүн парламенттин ишин убактылуу токтотуу кадыресе эле көрүнүш. Мыйзамга ылайык, ар бир сессиядан кийин депутаттар ишин расмий түрдө жыйынтыктап, жаңы сессияны ханыша Елизавета II ачып берип турат.

Бирок бул жолу парламенттин иши Британиянын Евробиримдиктен чыгуу аракети же Брекзит жараяны жыйынтыкталарына саналуу күндөр калганда токтотулуп жатат. Анын үстүнө соңку 400 жылдан бери британ депутаттары ишин мынчалык узак убакытка токтотуп көргөн эмес.

Ушундан улам Жонсондун кадамын бир катар британ саясатчылары, оппозициячыл депутаттар кескин сындап, премьер Брекзит маселеси боюнча өзүнүн гана каалоосун ишке ашырыш үчүн парламенттин ишин токтотуп жатканын айтышууда. Керек болсо адатта саясий билдирүүлөр боюнча үн катпаган парламент спикери Жон Беркоу премьердин чечимин «конституциялык козголоң» деп атады.

Лейбористтер партиясынын лидери Жереми Корбин депутаттар кийинки аптада ишке чыкканда Жонсондун чечимине каршы мыйзамдык чара көрөрүн, керек болсо премьерге ишеним көрсөтпөө боюнча демилге да көтөрүлөөрүн айтты.

Шотландиянын биринчи министри, Шотланиянын улуттук партиясынын лидери Никола Стержен британ премьер-министринин аракетин «диктатурага» теңеди.

Шотландиянын биринчи министри Никола Стержен.
Шотландиянын биринчи министри Никола Стержен.

«Биз түз жана ачык эле айтышыбыз керек. Келишимсиз Брекзит жараянын ишке ашырыш үчүн парламентти жаап коюу британ элине узакка созулган залакасын тийгизерин элдин баары билип турат. Бул - демократия эмес, бул - диктатура. Эгер кийинки аптада депутаттар бир муштум болуп чогулуп, Борис Жонсонду токтотпосо, анда бул күн британ демократиясынын өлгөн күнүнө тете болот», - деди Стержен.

2016-жылдын 23-июнундагы референдумда британ шайлоочуларынын 51,9 пайызы Евробиримдиктен чыгууну жактаган. Жол картасына ылайык, Британия 2019-жылдын 29-мартында уюмдагы мүчөлүгүн толук токтотушу зарыл эле. Бирок Британиянын өзүндө өлкөнүн Евробиримдиктен кандай шартта чыгаары жазылган Брекзит келишими боюнча орток пикир табылбай, бул мөөнөт 31-октябрга чейин узартылган.

Лондон менен Брюссел келишимдеги Түндүк Ирландиянын чек арасынын ачык бойдон калышын шарттаган жобо сыяктуу айрым маселелер боюнча мунаса таба албай жатат. Евробиримдиктин лидерлери мурдагы премьер-министр Тереза Мэйдин тушунда макулдашылган келишим боюнча кайра сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөй турганын билдиришкен.

Мэй Брекзит келишимин британ парламентинин ратификациясынан бир нече жолу өткөрө албаган соң жайдын башында кызматтан кетерин жарыялаган. Анын ордун баскан Борис Жонсон 31-октябрга чейин Британия Еврошаркет менен атайын келишим түзсө да, түзө албай калса да уюмдун курамынан чыга турганын айтып жатат. Аны сындагандар эгер өлкө уюмдан эч кандай келишими жок чыкса, экономикалык башаламандык башталып, Евробиримдиктеги 27 өлкө менен соода байланыштары бузуларын эскертишүүдө.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG