Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

20 жыл мурдагы табышмактуу теракт: "Дордойдогу" жардыруу


Кыргызстан көп адамдын канына забын болуп, коомчулукка бүлүк салып, үрөй учурган эл аралык террордук коркунучтарды бир нече ирет баштан кечирген.

2002-жылы 27-декабрда жаңы жыл алдында "Дордой" комплекси жайгашкан "Оберон" базарында тогуз адамдын өмүрүн кыйып, элүүгө чукул киши жараат алган жардырууга 20 жыл толот.

Бул жүрөктүн үшүн алган террордук актыны жасаган кылмышкерлер кармалып, өлүм жазасына тартуу өкүмү кийин өмүр бою жазага алмашканы менен каржылаган жана буйрук берген тарап аныкталбаган бойдон кала берген.

Окуянын айрым жагдайлары кезинде мамлекеттик сыр катары сакталган. Кылмыш ишине коюлган жашыруундуулук грифи азыр да алынбагандыктан соттолгондордун учурдагы абалы жана иштин кээ бир жагдайлары жашыруун бойдон кала берүүдө.

Үрөй учурган жардыруу

Бишкек шаарындагы "Дордой" базарлар-комплексинин "Оберон" базарында 2002-жылы 27-декабрда жума күнү таңкы саат 10-11лер чамасында катуу жаңырган жардыруу болгон.

Жардыруунун очогу "Оберон" базарынын жүктөрдү сактоочу жайынан чыкканы аныкталып, андан 100-150 метр радиустагы соода жайлары менен андагы курулмалар кыйрап, өрт жалбыртап чыгып, соодагерлер менен базарга келгендер дүрбөлөңгө түшкөн.

Куткаруучулар, саперлер, милиция, тартип сакчылары жана коопсуздук органдары окуя болгон жерге жетип барып, жардыруу жана өрт болгон тилкени чектеп, жарадарлар менен тирүү калгандарды эвакуациялоо иш-чарасын уюштурган.

Куткаруу кызматы андагы урандылардын арасынан жардыруудан каза тапкан сегиз адамдын сөөгүн таап, алып чыккан. Бул үрөй учурган окуядан жалпысынан тогуз киши, алты эркек, үч аял каза болуп, элүүгө чукул кишинин денеси күйүп же чачырандыдан ар кандай деңгээлде жараат алган. Базардан жалпысынан 27 адам, анын ичинен он аял оор абалда ооруканага жеткирилген.

Жаш хирургдун аткарылбаган үмүтү

Бул жардыруудан Каныбек жана Толгонай аттуу бир туугандар алган жарааттан көз жумган.

Бишкектеги Улуттук хирургия борборунун дарыгери Каныбек Эргешов аттуу жаш илимпоз-хирург эсине келбей жатып, операция үстөлүндө каза тапкан.

Анын кесиптеши, Улуттук хирургия борборунун башкы дарыгеринин орун басары Таалайбек Акматов жаш илимпоз илимий диссертациясын коргоонун алдында базарга бара коюп, мына ошол террордук жардырууга дуушар болгонун эскерди:

"Маркум Каныбек Эргешов жаш илимпоз, дымактуу, идиректүү дарыгер-хирург болчу. Отуздан эми эле өткөн. Жаңыдан оор операцияларга катышып, илимий кандидаттык диссертациясын аяктап, анысын мына ошол жакын арада коргоп чыкканы жаткан. Каныбек аябай маданияттуу, адамгерчиликтүү, иш билги, келечеги кең дарыгер жана мыкты инсан эле. Өз алдынча чоң операцияларды баштап, изденип, илимий иши менен практикасын бирдей алып кетип жаткан болчу. "Дордойдо" эжеси иштейт эле. Ошол күнү ага барган экен. Анан жардыруу болуп, оор жараат алып, каза таап жатпайбы. Биз андан бир күн мурун эле сүйлөштүк эле. Кечээ сүйлөшсөм, бүгүн жок болуп калып жатпайбы...".

"Дордой" базарлар-комплексинин "Оберон" базарынын жүктөрдү сактоочу кампасынан чыккан жардыруунун кесепети 150-200 метр радиуска чейин жеткени иликтөө учурунда аныкталган. Башында окуя болгон жерге жетип барган ыкчам-тергөө тобу бул жардырууга байланыштуу үч версиянын үстүндө иш алып барган.

Версиялар: газ баллонго ыктаган "ыкма"

"Дело №" басылмасынын 2003-жылдын 15-январындагы чыгарылышы. Каза тапкандардын тизмеси жарыяланган.
"Дело №" басылмасынын 2003-жылдын 15-январындагы чыгарылышы. Каза тапкандардын тизмеси жарыяланган.

Алгач муну криминалдын дүң соода менен алектенген сатуучуларга өчөшүү же базарга көмүскө ээлик кылууну көздөгөн уюшкан кылмыштуу топтордун өз ара тирешүүсү катары версиялар каралган. Анан изкубарлар жардыруунун себебин контейнерлерде сакталган пиротехникалык каражаттардан көрүп, андагы кислороддук жана газ баллондорун туура эмес колдонуудан болушу мүмкүн деген версияларды текшерген.

Үй-бүлөсү "Оберон" базарына ээлик кылып иштеткен, ошол кездеги парламент депутаты Кубатбек Байболов атайын кызмат бул окуяны кантип бурмалай жаздаганын, бирок "Манас" аба майданындагы америкалык авиабазадан чакыртылган саперлер жардыруунун чыныгы себебин аныктап, тыянак чыгарып бергенин төмөндөгүдөй белгиледи:

Кубатбек Байболов, парламенттин экс-депутаты.
Кубатбек Байболов, парламенттин экс-депутаты.

"Баары уу-дуу болуп эле "базарда газ баллон жарылды, мынча киши өлдү" деп күнөөнү бизге оодара салып, жатышат. Биз газ баллон опурталдуу болгондуктан аны базарда колдонууга тыюу салган болчубуз. Ошондуктан базарда газ баллон жок экенин билет элек. Ага карабай эле улам эле "газ баллон жарылды" деген маалыматтарды чыгарып, бизди төө бастыга ала башташты. Мына ошол күнү парламенттеги жыйында элем. Улам ар кайсы жактан кабар алып, анан бийликтен алгач УКМК төрагасы Таштемир Айтпаевге чалдым. Ал киши болсо мага "Старик, эмне кыл дейсиң? Анан, жаңы жыл алдында Аскар Акаевичтин маанайын бузуп эмне кылам" дейт. Анан мен ага "баракелде, Аскар Акаевичтин маанайы бузулбасын" деп бизди жөн эле салып бергени жатасыңарбы" дедим. Кийин АКШнын "Манас" аба майданындагы авиабазасынан адистер келип, иликтеп "20 кг ашуун тротилл күчүнө барабар жардыргыч зат кырсыкка себеп болгонун айтып, тыянак чыгарышты. Ошентип, бизди Кудай чоң сактады. Ал кезде биз оппозициядагы саясатчы элек. Бизге каршы шылтоо эле табылбай турган. УКМКнын айласы кетип, тергөөнүн нугун бурууга аргасыз болду. Эгерде тигил адистер андай тыянак чыгарбаса, "газ баллон жарылды" кылып эле, бардыгын биздин башыбызга үйүп салышмак экен. Саясий өңүт деген жаман иш экен да. Ошону менен бармак басты, көз кысты болмок. Жардыргыч зат коюлуп, жардыруу болгону аныкталгандан кийин бизди тергөө жабырлануучу тарап деп тааныды. Ошентип, иликтөө башка нукка өтүп, жардыргандар кармалышты".

Бул окуядан бир жума өткөндөн кийин уюштурулган маалымат жыйынында ошол кездеги ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев "Дордой" базарынын "Оберон" соода бөлүгүндө болгон жардырууну расмий түрдө террористтик акт катары тааныган билдирүүнү жарыялаган.

Ошол кездеги ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында. 2002-жыл. Архив сүрөт.
Ошол кездеги ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык милициясынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев маалымат жыйынында. 2002-жыл. Архив сүрөт.

Ал бул кандуу окуяны үч тараптуу - Ички иштер министрлиги, коопсуздук органдары жана "Ганси" авиабазасынын өз алдынча иликтөөлөрү жүргөнүн айтып, соңунда бири-биринен көз карандысыз экспертизалардын тыянактары боюнча "Оберондун" жүк сактоочу камерасына эквиваленти 20-25 килограмм салмактагы тротилге барабар жардыруучу зат коюлганы жана ал аралыктан башкарылуучу детонатор аркылуу кыймылга келтирилгени аныкталганын билдирген. Ошондуктан шаардык милиция бул жардырууну террористтик акт катары атоого толук негиз бар деген жыйынтыкка келген.

"Өтө жашыруун"

Кылмыш ишине 25 жылга чейин "жашыруундуулук" грифи коюлуп, анын жагдайлары жана бул ишке айыпталгандардын азыркы абалы тууралуу маалыматтар мамлекеттик сыр экенин Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз өкүлү Элеонора Сабатарова билдирди:

"Алар тууралуу маалыматтарды биз билбейбиз. Ачык айта албайбыз. Бул боюнча жашыруун маалыматтар менен иштеген бөлүм алектенет. Мына ошол бөлүм суроо-талапка өзүнө тиешелүү деңгээлде, мыйзамда каралган тартипте 14 күндүн ичинде жазуу түрүндө жооп берет. Мындай мүнөздөгү маалыматтар боюнча суроолор бүгүн түшсө, анан аларга эртең эле жооп бере коё сала турган маселе эмес. Анын бардыгы текшерүүдөн өткөрүлүп, ошого жараша жооп болот. Ошондуктан аталган иш боюнча соттолгондор жаза мөөнөттөрүн өтөп жатышабы же өтөгөн жокпу, мына ошонун бардыгы жашыруун маалыматтар болуп саналат. Анан аларга кандай кылып, жооп берүүнү мына ошол бөлүм гана чечет".

Адашкан баштык, жүк камерасын тандаган террорчулар

Тергөө органдары базардын жүктөрдү сактоочу камерасына жардыруучу зат салынган күмөндүү баштыкты тапшырган эки адамдын фотороботун түзүп, бул оор кылмышка шектүүлөргө издөө жарыялаган. Анткени ыкчам-издөө иштеринин учурунда базардын жүк сактоочу камерасына өзбекче сүйлөгөн эки кишинин шектүү баштык тапшырганы боюнча күбөлөр көрсөтмө берген. Алар баштыктагы жардыруучу затты аралыктан башкарылган детонатор аркылуу кыймылга келтирери менен окуя болгон жерден из жашырып кеткени кийин аныкталган.

ЖМКларга чыккан тергөөнүн архив материалдары. 2002-жыл.
ЖМКларга чыккан тергөөнүн архив материалдары. 2002-жыл.

Тергөөдө террористтер алгач жардырууну Бишкектеги АКШнын элчилиги менен "Силк Роуд" отелинде уюштурууну көздөп, бирок ал жактардагы күзөттүн бекемдигинен, террористтик актыны адам жыш жүргөн "Дордой" базарында жасашканы боюнча көрсөтмөлөр алынган.

Кубатбек Байболов жардыргыч зат базардын борбордук бөлүгүндө жарылса, адам курмандыктары мындан да көп болушу мүмкүн эле дейт:

"Көрсө, алар сырттан кайсы бир террористтик уюмдан тапшырма алып келип, Бишкектеги чоң элчиликтердин биринде, өзгөчө АКШ элчилигин бутага алып, жардыруу уюштурууну көздөшкөн экен. Бирок ал жакта күзөт күчтүү да. Ошондуктан тапшырманы аткара албай калгандан чочулап, мүмкүн, бул үчүн алар акча да алса керек. Ошондуктан баштапкы планын өзгөртүп, эл көп топтолгон жерди жардырууга нитеттенишкен экен. Айласы кетип, "Дордойду" бутага алып, анан чоң жолдон бурула берип эле баштыкты базардын жүк сактоочу камерасына тапшырып, эки-үч сааттан кийин кайра алып, базардын эл кайнаган бөлүгүндө жардырууну ойлошкон экен. Бирок баштыкты кайра алайын десе, жүк сактоочу камеранын кызматкерлери чайга кетип, жабык болуп калган. Ошондуктан алар баштыкты тапшырган боюнча ары кетип, анан жардырып, качкан. Эгерде баштыкты кайра алып, базардын эл кайнаган жеринде жардырганда, адам курмандыктарынын саны алда канча көп болмок. Себеби жүк сактоочу камера базардан бир топ окчун жайгашкан да. Бактыга жараша адам өлүмү жана жараат алгандардын саны мүмкүн, алар пландагандан азыраак болгон".

Тергөөнүн ыкчам маалыматтары боюнча жардыруучу зат салынган баштыктын ээлери - "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук тобунун башчысы Тахир Юлдашевдин тарапташтары - "Абдулазиз" жана "Асадулло" деген мурда Чеченстанда жана Ооганстанда жоочулардын лагерлеринен атайын даярдыктан өткөн өзбек жарандары экени такталган. Алар бул окуяга чейин Ош шаарына качып келип, жасалма документтерге ээ болуп, батирлерди сатып алып, жергиликтүү кыздарга үйлөнүп, террористтик актыларды уюштурууга даярданганы тергөө материалдарында көрсөтүлгөн. Бул террордук актынын себептери менен кесепеттерин иликтеген өкмөттүк комиссия түзүлүп, анын алдында мекемелер аралык тергөө тобу иштеген.

Мына ошол өкмөттүк комиссияны жетектеген ошол кездеги вице-премьер-министр Курманбек Осмонов террордук топтун максаты коомчулукту дүрбөлөң түшүрүп, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө коркунуч келтирүү болгон деди.

Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы
Курманбек Осмонов, Жогорку соттун мурдагы төрагасы

"Биздин комиссия иштеп, бул иштин жагдайларын аныктоону тергөө тобуна тапшырганбыз. Ошол жылдары террордук коркунуч күчөп, ар кандай аракеттер да болуп турган. Териштирүүдө сырттан келген мына ошол террордук уюмдардын өкүлдөрү кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн тартуу менен карактоо, жардыруу иштерин уюштуруп, мамлекеттин конституциялык түзүлүшүнө коркунуч жаратып, коомчулукту будуң-чаң түшүрүп, үшүн алууга багытталган террордук актыларды уюштурууну көздөгөнү көрсөтүлгөн. Мына ошондой кылмыштардын бети ачылып, аларга көмөктөшкөн тараптар дагы жоопко тартылган".

Кылмышка шектүү Асадулло Абдуллаевди милиция Бишкектен кармаган. "Абдулазиз" деген ылакап аты бар Ильхом Изатуллаев Анжиян шаарынан колго түшкөн. Алардын жакындарынын 1999-жылы Ташкент шаарындагы жардырууга тиешеси бар экени тууралуу Өзбекстандын атайын кызматынан дагы ыкчам маалыматтар алынган. Бул эки киши 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин "терроризм" беренеси боюнча жоопко тартылып, аскер соту аларды өлүм жазасына өкүм кылган. Бирок Кыргызстанда өлүм жазасына мораторий болгондуктан өкүм ишке ашырылган эмес. Кийин алардын өлүм жазасы өмүр бою күчөтүлгөн тартипте жаза өтөө чарасына алмаштырылган.

ИИМ издөө жарыялаган шектүүлөрдүн фотороботу. ЖМКлар жарыялаган сүрөт. 2002-жыл.
ИИМ издөө жарыялаган шектүүлөрдүн фотороботу. ЖМКлар жарыялаган сүрөт. 2002-жыл.

Күмөн жараткан учурлар

ЕККУнун 2006-жылдагы баяндамасында бул эки соттолуучунун ишин тергеп, сотто кароодо мыйзам бузуулар болгону белгиленген.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул иш менен жеке тааныш эместигин, бирок ошол жылдарга терроризм боюнча кылмыштарды күч менен моюнга алдырган өнөкөт мүнөздүү болгонун мисал келтирди:

"Анан кийин бизде Оштогу жардыруулар, "Дордойдогу" жардыруу кайсы бир атайын кызматтардын атайылап уюштурган чагымы болушу мүмкүнбү" деген күмөндүү ойлор жаралган. Анткени биздеги анализ мына ошондой жагдайларды көргөзгөн. Себеби террористтик актылар, жардыруулардын бардыгы ЖККУ же болбосо ШКУ сыяктуу уюмдардын кандайдыр бир саммиттери өтөрдүн алдында болгон. Биз бул боюнча БУУнун Адам укуктары боюнча комитети үчүн жабык баяндама даярдагам. Ошол баяндама менен акыйкатчыга, кийин премьер-министр болгон Феликс Куловго кайрылып, "Сиз мурда УКМКны жетектегенсиз, мына ушундай жагдай болуп жатат" деп окуяга баа берүүнү суранып, бирок жооп алган эмесмин".

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган террорчулардын башка бир оор кылмышка "Бакай" банктын Ош шаарындагы Ош районунун май куюучу жайынын жанында жайгашкан бөлүмүн жардырып, карактоого катышы бар экени аныкталган. Оштогу жардыруудан бир күзөтчү каза таап, аталган кылмыш ишинин бети ачылбай турган. Радикал топ тергөөнүн версиясы боюнча 1999-2000-жылдары Баткенге бастырып кирип, жок кылынган жоочулардын өчүн алуу максатында Кыргызстанда бир нече террордук актыларды даярдап, пландаштырган.

Милициянын ыкчам маалыматтары

Ички иштер министринин мурдагы орун басары, полковник Өмүрбек Эгембердиев бири-бири менен чынжыр болуп байланышкан террористтик актыларды уюштуруу боюнча ыкчам маалыматтар алгач милициянын изкубарлары аркылуу табылганын белгиледи:

"Биздин милициянын жигиттери ошол кезде терроризмге байланыштуу бир катар оор кылмыштардын бетин ачышкан. Ыкчам маалыматтарды биринчилерден болуп таап, алардын негизинде ошол кезде болгон жана пландалган коркунучтуу террордук актылардын алдын алууга көмөктөшкөн. Абиджан Сыдыков жана Абдывали Акжолов деген милициянын кызматкерлери, оштук жигиттер, экөө тең полковник. Террористтер курал-жарактарды Казакстандан алып келип, жергиликтүү кылмыш дүйнөсү менен биргелешип алып, карактоо, жардыруу сыяктуу оор кылмыштарды пландаштырган учурлардын бети ачылган. Бишкектеги спорт сарайынын жанындагы жардыруу жана андан башка дагы 30 чакты жерде террористтик акты даярдалып жатканы тууралуу абдан баалуу ыкчам маалыматтарга биздин кызматкерлер ээ болуп, мына ошондой кайгылуу окуялардын алдын алууга мүмкүн болгон".

Кыргызстанда "Өзбекстан ислам кыймылы" террордук тобу 2000-жылдары бир нече жардырууну мерчемдеп, алардын айрымдары ишке ашканы белгилүү.

Кыргызстандын атайын кызматтары Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын алдындагы, Шейит-Төбө районундагы чакан маршруттук автобустагы, "Бакай" банкынын Оштогу бөлүмчөсүндөгү жардыруулардын бетин ачканы белгилүү.

"Дордойдогу" жүктөрдү сактоочу кампада болгон жардыруунун бетин ачууда Кыргызстан менен Өзбекстандын атайын кызматтары өз ара ыкчам маалыматтарды алмашып, террордук топтун жана анын өлкөдөгү тарапташтарынын изине түшкөн. Алар бул окуяга чейин жардыруучу затты жана детонаторду кайсы бир аскер бөлүгүнөн сатып алганы боюнча дагы кылмыш иши ачылып, буга байланыштуу тиешелүү аскер адамдары жоопко тартылганы айтылган.​

Кылмыш иштеринин өз ара байланышы

"Оберон" базарында жана Оштогу "Бакай" банктын бөлүмүндө жардыруунун аркасында бир террордук топ турганын УКМКнын изкубарлары таап чыгып, ыкчам тергөө иштерин жүргүзүп, эки кылмыш иши бириктирилген.

2002-жылы Башкы прокуратурада улуттук коопсуздук органдарындагы тергөөгө көзөмөл жүргүзгөн бөлүмдү жетектеген, мурдагы аскер прокурору Марат Эшперов ошол кезде террордук иштердин өз ара байланышын таап, оор кылмыштардын бетин ачууда чекисттердин салымы чоң болгон деп эсептейт.

"УКМК буга чейин терроризм менен иштеген ыкчам кызматкерлеринин жана тергөөчүлөрдүн ишмердиги боюнча атайын китеп даярдаган. Бул оор кылмыштар кантип тергелген, алар окуя болгон жерге чыгып, ыкчам-иликтөө иштерин кантип жүргүзгөн учурлар боюнча маалыматтар камтылган. "Дордойдогу" жардыруу ишин Медет Талиев деген тергөөчү тергеген. Ал Орусияга кетип калган. Анан Мелис Абыдкалыков деген өзгөчө оор терроризм боюнча кылмыштарды иликтеген тергөөчү дагы иштеген. Ал дагы УКМКда тергөөчү болуп жүрүп, кийин сот болуп, азыр пенсияга чыгып, башка жумушта иштеп жүрөт. Оштогу эң биринчи теракттар боюнча иштерди Курманбек Туйбаев деген адам тергеген. Ал тергөө башкармалыгынын башчысы болуп дагы иштеди. Алардын бардыгы Оштогу жардыруу менен "Дордойдогу" жардыруунун аркасында бир уюшкан кылмыштуу топ турганын аныктап, таап чыгышкан. Алар өз убагында ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүп, оор кылмыштардын байланыштарын иликтеп, таап чыкпаса, анда бул кылмыш ишинин дагы бети ачылмак эмес. Ошондуктан тергөөчүлөрдүн салымы чоң".

"Дордойдогу" жардыруу окуясын ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө "Абдулазиз" жана "Асадулло" деген шарттуу ылакап ысымдар менен белгилүү "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрүнө көмөктөшкөн деген шек менен "Хамидулло" деген каймана аттуу, 1975-жылы туулган, кыргыз жараны Илимбек Маматовго эл аралык издөө жарыяланган. Анын мурда жоочулардын Чеченстан менен Ооганстандагы лагерлеринде атайын даярдыктан өткөнү жана "Оберондогу" жардырууну уюштурууга кыйыр катышы бар экени аныкталганы тергөөнүн материалдарында белгиленген.

Буюртма берген тарап буйткада калганда

Экс-депутат Кубатбек Байболов бул үрөй учурган жардырууну жасагандар кармалганы менен ага буюртма бергендер аныкталбай калганын айтты:

"Алар барып эле жардыргыч затты өздөрү эле жүк сактоочу жайга коюп койгон жок да, туурабы? Ал террорчулардын үстүнөн башкарып тургандар дагы болгон. Анткени алар кайсы бир террорчул уюмга таандык экени кийин билинип жатпайбы. Демек, ошондой буйрук берген, көрсөтмө берген жана бул террордук актыны каржылаган конкреттүү тарап же адамдар дагы аныкталып, кылмыш ишинде алардын орду менен ролу изилдениши керек эле. Ошондо бул үрөй учурган окуянын түпкү максаты аныкталып, бардыгы толук аныкталып, тиешелүү тараптын кыймыл-аракети аныкталмак".

Кыргызстандагы бир нече жардырууга, анын ичинде "Дордойдогу" террордук актыга шек саналган "Хамидулло" деген каймана ат менен белгиленген кыргыз жараны Илимбек Маматовдун ушуга чейин кармалып же кармалбаганы белгисиз. Кыргызстандын каржылык чалгын кызматынын терроризм менен экстремизмге шектүү 604 киши тизмектелген улуттук реестринде Илимбек Маматов №330-катар тизмеде "эл аралык издөө жарыяланган террорист" деп катталган. "Оберон" базарында жана Оштогу "Бакай" банкынын бөлүмүндөгү жардырууга байланышкан кылмыш иштери боюнча жалпысынан беш адам жоопко тартылган.

Алардын үчөө өзбек, бири кытай, дагы бирөө кыргыз жараны экени белгиленген. Алардын бардыгы кылмыш иштеринде жана соттун өкүмдөрүндө "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөлөрү жана тарапташтары катары көрсөтүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG