Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:24

Муртазалиевдин каттоосу жокко чыкты, Атазовдуку күчүндө калды


Абдурахманхажи Муртазалиев.
Абдурахманхажи Муртазалиев.

Борбордук шайлоо комиссиясы 10-марттын кечинде Бишкектин Свердлов бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңеш депутаттыгына талапкерлерге байланышкан доо арыздар боюнча укук коргоо органдарынын маалыматын укту. Анда талапкер Шайлообек Атазовдун каттоосун күчүндө калды. Бир күн мурда дагы бир талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосу жокко чыгарылган.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Свердлов округунда 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, ал эми 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген болчу.

Атазовго каршы аталган округдан шайлоого катышкан дагы бир талапкер Аскар Алмаз уулу арызданып, аны добуш сатып алууга айыптаган.

Ал эми Атазовдун өзү Муртазалиевге каршы арыз жазган.

Укук коргоо органдары Боршайкомдун жыйынында арыз боюнча териштирүү жүргүзүп, добуш сатып алуу фактысы аныкталбагандыгына байланыштуу кылмыш ишин козгоодон баш тартканын билдиришти.

Бул округдан дагы бир талапкер Ирина Карамушкина болсо атаандаштары - Абдурахманхажи Муртазалиев, Шайлообек Атазов, Аскар Алмаз уулу жана Элнура Алкановага каршы арызданган.

Укук коргоо органдары Карамушкинанын арызында көрсөтүлгөн фактылар да далилденбегенин маалымдады.

Боршайком буга чейин шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган. Буга добуш сатып алуу фактысы себеп болгону айтылган. Муртазалиев дооматтарды четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттап жатат.

БШК 9-марттагы жыйынында Абдурахманхажи Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарууну бир добуштан колдогон. Анда Бишкек шаардык милициясынын Ыкчам кызматынын башчысы Аскат Муратканов бул талапкердин "добуш сатып" алууга айыпталган Фарида Талипова менен Лолахан Самилова аттуу жарандар менен кыйыр байланышы бар экени аныкталганын билдирди.

"Төрт киши "Лолахандан акча алганбыз, бардыгы болуп 210 миң сом алганбыз" деп көрсөтмө берип жатат. Лолахан баарын моюнуна алып, акчаны Фарида Талиповадан алганын айтты. Биз Талиповадан көрсөтмө алганыбызда, ал саясаттан алыс экенин, Муртазалиевдин үй-бүлөсүн тааныбай турганын айтты. Бирок биз анын телефон сүйлөшүүлөрүнүн тизмесин алып текшергенде, ал Муртазалиевдин үч ыйгарым укуктуу өкүлү менен сүйлөшкөнү аныкталды. Ошондой эле "Инстаграммдагы" баракчасына Муртазалиевди куттуктап жазып жатат. Андан сырткары Муртазалиевдин атасы менен 5-февралдан 21-февралга чейин, 16-күндүн ичинде телефондон 252 жолу сүйлөшүп жатат. Телефондон сүйлөшкөн убактысын эсептеп чыксам, баш-аягы 1,5 саат болот экен".

Асхат Мураткановдун билдиришинче, Талипова Муртазалиевдин атасы менен анын кеңсесинде бир канча жолу жолуккан.

"Фарида Талипова "мен бул адамды тааныбайм" деп коюп, 16 күндүн ичинде аны менен (Муртазалиевдин атасы - ред.) бир канча жолу жолугуп, 10 саат сүйлөшүп жатат. Мен ошол кеңсеге өзүм дагы бардым, атасы менен сүйлөштүм. Бул жер кайтаруудагы жер экен, каалагандар эле кире алышпайт экен. Ууру дагы кылмышты жашыруун кылат. Добуш сатып алуу - бул кылмыш. Акчаны көчөдөн бербестен, талапкердин атасы Шамил Муртазалиев ушул жерге келип, сөздөрдүн баары ушул жерден болгон. Добуш сатып алуу болгону аныкталып, Талипова менен Самилова боюнча ишти сотко жөнөттүк. Булар чындыгында эле добуш сатып алуу менен алек болушкан. Үй башчыларына, квартал башчыларына 500 сому силердики деп, 2,5 миң сомдон берип жаткан жеринен кармадык".

Талипова менен Самилова 21-февралда кармалган. Муртазалиев ал аялдарды тааныбай турганын айтып, дооматтарды каралоо аракети катары баалап жатат.

"Ооба, ошол аялдар менин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүмө чалышы мүмкүндүгүн жокко чыгарбайм. Бирок, "келгиле иштешели, жардам берели" деген ошондой сунуштар күнүнө 20дан, 50дөн түшүп жаткан. Талипова "ошол акчаны Алканованын штабынан алгам" деп бүтүндөй Кыргызстанга жар салып айтып жатат. Эмнеге бул багытта иликтөө жүрбөйт? Мен эмнеге экенин түшүнүп турам. Анткени шайлоодо биринчи чыккан адамды алып түшүү керек болуп атат. Мен ушул учурда шайланган талапкермин. Эң көп добуш алдым. Ошондуктан соккунун баары мага каршы жүрүп жатат".

Өткөн аптада Фарида Талипова маалымат жыйын өткөрүп, чоң суммадагы акчаны аталган округдан талапкер Элнура Алканованын штабынын өкүлдөрүнөн алганын айткан. Ошондой эле Муртазалиев менен тааныш-билиштиги жоктугун билдирген.

"Мага 18-19-февраль күндөрү жашыруун номурдан чалып, өздөрүн менин кардарымдын достору деп тааныштыргандар "Чолпон " базарынын жанына келе аларымды сурашты. Мен такси кызматында бир канча жылдан бери иштейм, туруктуу кардарларым көп. Мага алар өздөрүн Игорь менен Оксана деп тааныштырышты, бир канча телефон номурларын берип, акчаны ошолорго берип коюшум керектигин айтышты. Мага 450 миң сом беришти, аны "Алканованын штабынан алдым" деген тил кат жазып бердим. Тил катты телефонума сүрөткө тартып койгом. Мени эмнеге Муртазалиев менен байланыштырып жатканын түшүнбөй жатам, менин ага эч кандай тиешем жок".

Укук коргоо органдары Талипованын айткандары тастыкталбаганын билдирип жатат. Ал арада Алканова Талипованы жалган маалымат таратып жатат деп айыптап, милицияга арыз жазды.

Милициянын маалыматына ылайык, добуш сатып алууга байланыштуу тергөө дагы уланып жатат жана дагы башка адамдардын аракетине укуктук баа берилет.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Свердлов округунда 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, ал эми 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген. Ал эми Биринчи май округунда алдыга Элвира Сурабалдиева чыккан, андан кийинки сапка Нурбек Тотонов менен Нурбек Токтакунов жайгашкан.

Бул округдарда былтыр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуш көп болгондуктан, кайра шайлоо дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG