Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Карантиндеги концерт жана поэзия-терапия


Мирбек Атабеков.
Мирбек Атабеков.

Карантин чыгармачыл адамдардын да ишмердигин өзгөртүп жатат. Үйдө отурууга аргасыз болгон өнөр адамдары поэзия кечелерин онлайн өткөрүп, түз эфирде “Манас” айта баштады. Үн күчөткүчтөрүн коюп алып, балкондо концерт берген ырчылар да жок эмес.

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Мирбек Атабеков жакында эле үйүнүн терезесин ачып алып концерт берди.

Музыкалык аспаптардын коштоосунда, фонограммасы жок ырдаган ырчы бул идея ага күтүүсүз жерден келгенин айтууда.

"Дайыма кыймылда жүрүп көнүп калган экем. Карантин башталгандан бери жашоом токтоп калгандай болуп зеригип кеттим. Үйдөгү карантин бүтсө, (АКШдан келгенден кийин үй карантинине чыккан - ред.) концерт берейин деп ойлогом. Бирок кошуналарым ага жеткирбей эле уюштуруп жиберишти. Алар ырдаганда коштоп койсом, суранышып жатып кече уланып кетти. Бир чоң залды ижарага алып, жарнама кылбай эле үйүңдөн концерт койсоң болот экен. Балкондогу эл амфитеатрда отурган көрүүчүлөрдөй сезилип, кол чапса маанайың көтөрүлөт экен. Биз ырдамайынча тура албаган калкпыз да. Элге жакшы маанай тартуулап, кадимкидей эс ала түштүм", - деди Мирбек Атабеков.

Учурда белгилүү алып баруучу Ассоль Молдокматова да айрым ырчыларды үйүнө чакырып, концерт уюштуруп жатат. Социалдык тармакта анын бул кадамын кубаттагандар да, сындагандар да арбын.

Ал эми акын Алтынбек Исмаилов өзүнүн "Фейсбук" жана "Инстаграмдагы" баракчалары аркылуу түз эфирге чыгып, ыр окуп, акын-жазуучулардын өмүр таржымалы жөнүндө кызыктуу маалыматтар менен бөлүшүүдө.

"Кыргыз-түрк “Манас” университетинде иштегениме байланыштуу ал жакта да азыр студенттериме аралыктан сабак өтүп жатам. Күн сайын түз эфирге чыкканга убактым тартыш. Ошондуктан жумасына эки же үч жолу 1,5 сааттан эфирге чыгып жатам. 21:00гө чейин жумуштарын бүтүрүп, “качан чыгасың” деп күткөндөр арбын. Эл адабият менен поэзияга суусап калганын байкадым. Түз эфиримдеги поэзия-терапияны көп адамдар көрүп, ыракат алып жатышат".

Учурда түрдүү тематикада ыр окуп, бири-бирине эстафета узаткан акындардын катары көбөйүүдө. Алтынбек Исмаилов мындай саамалык бир жагынан элди алаксытуу болсо, экинчи жагынан чыгармачылыкты тартуулоонун жаңы ыкмасы экенин белгиледи:

"Азыр эл жаңы нерсеге, жаңы форматка, жаңы усул, ыкмаларга муктаж. Ошонун баарын эске алып, Интернетти, технологияны колдоно баштадык. Менин оюмча бул иш көпкө чейин уланууга тийиш. Карантин менен кошо токтоп калбашы керек деп ойлойм".

Ал эми манасчы Дөөлөт Сыдыков карантин башталгандан бери күн сайын "Фейсбуктан" түз эфирге чыгып, бир саат бою “Манас” айтып жатат. Ага мындай идеяны бир катар манасчылар жана күйөрмандары сунуш кылган.

“Келинчегим видеого тартып турат. Залга төшөк сала коюп, балдарымды жаныма отургузуп эле айтып жатам. Бутүп баратканда кол чаап коюшат”, - деди манасчы.

Дөөлөт Сыдыков илгери кыргыздар сыркоолоп калганда же башына кыйынчылык түшкөндө "Манасты" угушканын айтып, эпостун адамга дем берген касиети барын белгилей кетти.

“Манас келет дегенде ыйлаган бала сооронгон, оору качып жоголгон, байлатма жинди соо болгон, баскан оору жоголгон” деп илгертен айтылып келет. Илгери тумоо каптаганда же мал ылаңдап калганда манасчы чакырышчу экен. Азыркы учурда бир жерге чогулуп “Манас” укканга болбойт да. Ошол себептүү, "түз эфирден айтып турсаңар" деп сурангандар болду. “Манас” эпосу - бул жалпы адамзаттын дөөлөтү. Ошол адамзат оорубасын, тумоонун күчү кайтсын, эл-жер аруулансын деп айтып жатам".

Айтор, жогоруда мисал келтирген чыгармачыл адамдар өздөрүнүн да, элдин да көңүлүн көтөрүп, карантинди болушунча кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө аракет кылганы байкалат.

Маркетолог Батма Казакбаева кырдаал оор кезде чыгармачыл адамдардын мындай кадамы өтө маанилүү экенин белгиледи. Бирок ошол эле маалда форматты улам жаңылап турууга кеңеш берди.

"Биздин коом азыр позитивге муктаж. Ошондуктан чыгармачыл адамдардын бул кадамын толук колдойм. Меним оюмча, алар изденип, идеяларды жаңыртып турса кызыктуу эле болот. Бири-бирин туурап күнүгө эле балконго чыгып ырдай берсе, бир жума же он күн ичинде элдин кызыгуусу тарап кетиши мүмкүн".

Карантиндин шылтоосу менен онлайн форматка артыкчылык бере баштаган чыгармачылык канчага чейин созулары белгисиз.

Эске сала кетсек, өлкөдөгү айрым аймактарда анын ичинде Бишкекте 25-марттан тарта коменданттык саат киргизилген. Бул өзгөчө абал 15-апрелге чейин кабыл алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG