Өмүр жашоо соңуна чыгып баратканда деле пенде баласына жанында кобурашканга, бири-бирине жөлөк болгонго бирөө керек. Жапарали Осмонкуловдун “Күн кызарып батканда” аңгемесинин сюжеттик негизин мына ушул ой түзөт.
Айылдан шаарга
Жетимиштен ашкан адам жанынын тынчтыгын, ден соолугунун мыктылыгын гана тилеп, ар бир өткөн күнүнө өзгөчө ызаат менен мамиле кылат, таң эрте жарык күндү тосуп атканына топук кылып жашайт. Сулайман аксакал жетимишке чыкканда сырдакана кемпиринен ажырап, жесирдиктин оор түйшүгүнө кабыларын ойлогон эмес. Тагдыр башыңа салса кайда качмак, кайгыга биротоло чөгүп калбай, тирилигин өткөрүп келатат.
Күн кызарып батканына, таң агарып атканына шүгүр кылып, бир түрдүү жашоо кечирип аткан. Анан бирөөлөрдөн укканбы же өзү ойлоп тапканбы, азыркы балдарды билиш кыйын го, небереси чоң атасын көндүрүп, "кайдасың, Карылар үйү?" деп жолго чыгышкан. Ага чейин зирек кыз тандырга алоолонтуп от жагып, нан жапты, жалгыз уюнун сүтүн саап, каймагын калпып алды, боорсок бышырды. Он бештеги чыйрак кыз бир үйдүн ишин өзү эле бүткөрүп, башкалардан көмөк сурабай чоң атасы экөө тирилик өткөрүп жатышкан.
Чоң атасы зирек кызынын айтканын жоопсуз калтырбайт, эмне десе баарын жасайт. Мына азыр да жолго чыгабыз деген чыгышты. Чоң атасы дагы деле тың, жаш кезинде кандай болгонун ким билсин, бирок бу тапта “өңдөнгөн тери сымал купкуу, сөөк-саактуу, мисирейип оңой менен кеп жебеген, кулагы катык, чокчо сакал, жетимиштеги жесир карыя” небересин эш тутуп жашоо кечирип жаткан.
Кыз киши жашоо-тиричиликке камдуу болот экен, кечээ эрикпей бир канча ишти жасады, нан жапты, боорсок бышырды, каймагын чогултту.
Мына экөө эртелеп жолго чыгышты. Ансыз деле айылдагылдар саарлап турушат го. Бул ирет абышка куржунун ийинге артып, небереси баштыгын илип, төмөнгө кетчү машинени күтүп турушту. Шаарга барууну абышка башынан эле жактырчу эмес. Машинеден машине күтүп, тыгылып-сыгылып жол жүрүп, көздөгөн жерине жеткенден кийин кайра айылына ыкчамыраак кайтууну самачу.
Эрте жаздагы ала-шалбыртта баткак кечип шаарга жетиш оңой жумушпу. Ыраматылык кемпири согуп берген кештелүү куржуну анча оор болбосо да ийнинен түшпөй жүдөтүп жиберди. Башта бул айылга каттачу тумшуктуу автобус да келбей, жолго чыккандар туш келген машине менен жөнөшчү болгон. Бирок бул ирет экөөнүн жолу болуп, жүргөнүнөн бузулганы көп шалдыраган автобус келип калбаспы. Муну чал жакшылыкка жоруду. Бир гана бара турган жеринен жолу болуп, көздөгөнүнө жетип кайтары же мостоюп келери белгисиз болчу.
Автобустагы окуя
Чоң ата менен небере шаарга Карылар үйүнө камданып чыгышкан. Ага жетиш да кыйын. Машинеден машинеге түшүп кыйла жүрүш керек. Антип кыйналып жеткен соң көздөгөнүнө туш келсе жакшы, антпесечи?! Абышканы ушул ой кыйнап жаткан.
“Түш ооп кетти. Мүнөт зымыраса да, жол арбыбагансыйт. Шамшум этүүчү жайда өзөк жалгап, барылдаган чоң автобустан орун алышты. Эми калаанын күн чыгыш багытын көздөй зымырап баратышты. Бара турган жалгыз жарымдардын аралы чукулдагандан улам Жаркын кыялында ардемелерди ойлоп, күндүн ысыгына ныксырап, үйдө калган кара мышыктай «кырр-кырр» үн салган чоңатасына көз кырын салат. Карыя автобус чайпала түшкөндө аңырайып ачылган оозун тамшана кымтып, жакын арада ойгончудай түрдөнбөйт. Кыз кез-кез өтүп кетпейли дегенсип, сороң-сороң айнекке моюнун созот. Автобуста отургандардан тышкары туруп келаткан бир-эки адам бар. Айдоочу тарапта ээленген, эткээл, төрайым кебетеленген сүрдүү, жылма бет аял чый-пыйы чыгып, тынчсызданып бараткан кызга бүшүркөй каш кагат. Улам эле тамырын тартып, сөзгө алайын дегиче кыз өзүн аялдын көз карашынан ала качып, чоң атасынын шыпырылган калпагын түздөмүш болуп, колтугуна ыктайт. Кайра үргүлөп кетпейин дегендей селт чочуйт.
Эткээл аял ага көнчүдөй эмес, чыдабай сапарын карыткысы келдиби, же кызыктыбы кызды сөзгө тартты.
- Кызым, кайда баратасыңар? - кайрылуусу сыпайы угулду.
- Ушу жерге эле...- кыз да ачылбай күдүктөндү.
- Ушу жериң кайсы ботом?! - Аял таңгала ийинин күйшөдү. - Азыркы балдар бирдеме сурачу болсоң, тегеле ойкуштанып оңдуу жооп бербес болушту. Экиленбей жөн эле жооп бербейсиңби, а, жаныбекем десе! — Шагы сына түшкөн аял автобустагы думуктурган үптөн бургоолонгон көкүрөгүн желпип, мурдун чүйрүгөндө жака-белиндеги отургандар жандана үңүлүштү. Кыз ийменип, уялып кетти. Кыртышы сүйбөй илең-салаң жооп кайтарды. Дагы не айтып жиберет экен деп коркуп кеткен кыздын доошу кыргылданганы менен салмактуу чыкты.
- Кары-картаңдар үйүнө, чоң энеме баратабыз... Ушуну бекер айтыптыр. Тиги эткээл аял урушкусу келген чогоол немеби, бүжүрөп отурган секелекти каптап кирди. А-бу дегиче оозунан кыйла сөз агылды. Ушундай экенин түкшүмөлдөп автобуска түшкөндө эле шек алганын, кемпирди Карылар үйүнө калтырып, эми артынан абышкасын тапшырганы алып кетип бараткан желмогуз кыз экенин билгенин жалпыга угуза айтты. Автобустагылар кимдин-ким экенин билишсин деди окшойт.
Кыздын жообу тигини ансайын күчөттү. Бей-бечаралар турган үйгө жөн барбайт да киши. Карабайсынбы эми, байкуш чалды алып бараткан экен. Ата-энеси ушу тырмактай кызга байкуш чалды табыштап жеткирип кой деген окшойт. Кызга болушайын деген жигиттин да жаагын жап кылды. Тигини көрүп тургандай демитип, “сен ушу чалдын баласы болуп жүрбө”, билинбей калсын деп бөлөксүнүп калганын, “Атадан айланып кет! Тогуз ай көтөрүп омурткасы сыздаган энеңди алып барып, бирөөнү көзүңө илбей аңгиленип, эми атаңды малча жетелеп” кетип аткан окшойсуң деп, деле бир ойго келбеген заар сөздү төктү эле, тиги жигит тып басылды. Аял болбой эле буркан-шаркан түшүп, чоң айыптууну тапкандай экөөнү каптап жатты. Кыйын экенсиң атаңды үйүңдө бакпайсыңбы. Дагы башка көп сөздү айтты. Автобустагылар орто жерден чыга калып суук тилин агызган семиз аялдын айтканына ишенип-ишенбей отурушту. Тиги болсо тилин тыйбай кыйлага сүйлөндү. Байкуш Жаркындын актангандай сүйлөгөнүн эч ким укпады:
“Бу киши менин чоң атам. Менин ата-энем шаарда турушат. Кысталыш болуп келалбай калышты...— Жаркын түшүндүрө албай далбастады.
- Аларың калп эле чоёктоп, чардап жүрсө керек. Атасынын тагдырын ойлоп койду дейсиңби? Жок. Шашылыш дилграма урган да, чалды алып барып ташта деп, же калппы?! Чоңоюп эле калыпсың, өзүң карабайсыңбы, ыя! — Маскарапоздой боёнгон сары келин жөндөн-жөн эле жаагын жанып ийди.
- Сиздер мага түшүнбөй калдыңыздар. Биз... биз... — Жаркындын тамагы буулду. Тили чапташып, түкүрүгү кургады.
- Сен эмне чакайсың көк беттенип. Асмандан түшсөңөр дагы жок эле дегенде чалды өлөр чагында үйүңөрдө кармабайсыңарбы?! Же силерге ата-эне керек эмеспи? Илгери мындай шумдукту ким көрүптүр? — эткээл аял наалыгандан чарчабады.
- Азыркы жаштардан ыйман кетти.
- Илгери эле сактанышып, "атаң карыса кул кылба, энең карыса күң кылба" дешип көрөгөчтүк кылышкан экен.
- Шорго бүткөн байкуш чал кың деп койсо не, кылы үзүлгөн комузга окшоп, солдоюп кетип баратканын... Ушул сыяктуу алоолонгон кыямат кептер кыздын жүрөгүнө чок бүркүп, мээсинде тоңгон майды сызгыргандай сызгырылды.
"Чоң энелүү болгум келет"
Ойдо жок жерден башталган эткээл аялдын кажы-кужусу менен тез эле Карылар үйүнө жетип калышыптыр. Дагы жакшы машинеден чарчаган чоң атасы отурары менен уктап калганы жакшы болгон экен. Небереси жулкулагандан кийин көзүн ачкан абышка кайсы жерге келдик дегендей, семиз аялдын суук кебин укпай калды. Ак төөнүн карды жарылган кенен заманда карысын сыйлай албаган секелек кыз менен орто жерден кепке кошула калган жигит насыя жеме угуп, чал менен кызын жетчү жерине таштаган оор автобус артынан көк түтүнүн буралтып жолун улады. Байкуш кыз жөн жерден оозуна алы жетпеген семиз аялдан оголе көп ачуу кепти угуп, аны кулагы оор чоң атасы укпай калганына топук кылып, көчө боюндагы бопбоз үйлөрдү көздөй басты.
Карыларга деген үйлөр коргондун ичинде экен. Небереси калың көк дарбазанын четиндеги коңгуроону басканда ичкериден арык киши эшик ачты. Ал экөөнө таң кала карап, анан кызга кагаз алып арыз жазып, чалды түйүнчөгү менен таштап кете берсе болорун билдирди.
Небереси ушул жерден ишке жарады. Чоң энеси үч жыл мурун өтүп кеткенин, чоң атасынын кулагы оорлошуп калганын, бул жерге ылайыктуу бирөө жолукса чоң энелүү болуп кетейин деп келгенин тыкылдап түшүндүрдү.
Эшик кайтарган адам зирек кыздын сөзүнө ыраазы болуп, экөөнү ичкери баштады. Анан катар үйлөрдүн алдында буларды таңданып карап калган карыларды жаңсап жанына чогултту. Сулайман карыя күбүрөй бетине бата тартып баарына эсендик тиледи. Куржунун ачып небересине ичиндегилерди карап тургандарга ооз тийгизүүгө чакырды. Карыларга үйдүн даамы жакты.
Ийик берген белги
Анан тигилер суроолуу карап калышканда Жаркын бул жерге келген максатын билдирип, чоң атасына курбалдаш жан шерик издеп жүрүшкөнүн шардана кылды.
Буга чейин мындай өтүнүч менен бир да киши келген эмес эле. Тургандар тунжурашты. Чалдын өзүнөн да ээрчиткен жылдыздуу кызы баарын элжиретти. Ушул кезде болпойгон кемпирдин колундагы ийиги түшүп кетип Сулайман чалды көздөй томолонду. Муну ал белги деп түшүндү. Ыкчам эңкейип кемпирге ийигин карматып, экөө тиктешип туруп калганда анын артында турган аксакал Сулайманды колу менен акырын артка түрттү. Анысы кызганганга окшоп кетти. Ийигин алган кемпир тигиге карап:
- Ээ, Эргеш , эмнесине кызганасың? Эми биз бүтпөдүкпү, карыдык, арыдык дегендей... — оор үшкүрүп алды. — Тегерегибизди бүт айыл-кыштак каптап, өзүбүз эл сыңары жер үстүндө басып жүргөнүбүз менен бул үйүбүз ээнсиреген жалгыз аралдай бөлөктөнүп калбадыкпы. Болгону арабызды коргон тосуп, турган жайыбыздын башкача аталганынан бизди аяп, боору ачып, мусапырдай караганына зээниң кейийт. Айырмабыз эле ушу... Жашообуз жаман эмес, бирок буериң бейиштин өзү болсо да жыргаган турмушуң курусун. Кетем. Айылды сагындым, билсең.
- А менчи?! ... Таштап кетесиңби?— чал жаш баладай муңайды.
- Таштап кетпегенде не, ала кетет белем,— деди Үрүл кемпир чечкиндүү, элдин көзүнчө өңгүрөп ийбесин деп үнүн бак-бак чыгарып. - Сен да байкуш, мен да байкуш. Экөөбүздү кездештирген ушул жай...
- Кыштакка кеткиң келсе менде деле үй бар. Өзүм алып кетем.
- Кана эми, ошо үйүң?! Эки жылдан бери даярданып келебиз, дареги билинбейт.
- Тигилер болбой жатпайбы! — деди чал ынатыштын көйүнө кирип, ыйламсырай.
Үрүл менен тиги чалдын ортосундагы маселе ошол экен. Карыптык турмушта тапкан түгөйүнөн калгысы келбеген ал аксакалдын эмшеңдеп ыйлап атканын көргөн боорукер кызы атасын көндүрүп, аны да бирге ала кетмей болушту.
Жыты сиңишип калган жакын адамынан минтип ажырап калышты ойлогон байкуш карыянын көз жашы он талаа. Кызык окуяга туш келген Карылар үйүндөгүлөр жол бойлоп бараткан төртөөнү тунжурай карап турушту. Аларды алып кетчү кишилер жок эле.